Башталыш 2:7 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 7 Анан Жахаба Кудай топурактан адам жаратып+, таноосуна өмүр демин үйлөдү+, ошондо ал тирүү жан болуп калды+. Башталыш 3:19 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 19 Өзүң алынган топуракка+ кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»+. Башталыш 8:21 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 21 Ошондо Жахаба жагымдуу жытты искеди+. Анан Жахаба жүрөгүндө мындай деди+: «Мындан ары адам баласы үчүн жерди эч качан каргабайм+, анткени адамдын жүрөгү+ жаштайынан эле жамандыкка жакын+. Мындан кийин эч качан тирүү жандардын баарын жок кылбайм+. Аюп 10:9 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 9 Мени топурактан жасаганыңды+, Кайра топуракка кайтарарыңды эстечи+. Насаатчы 12:7 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 7 Ошондо топурак кайрадан жерге — мурунку жайына — кайтат+, ал эми чыныгы Кудай+ берген+ өмүр деми+ кайрадан Ага кайтат. Ышая 64:8 Ыйык Китеп Жаңы дүйнө котормосу 8 Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың+. Биз чопобуз+, сен болсо Карапачыбызсың+. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз+.
7 Анан Жахаба Кудай топурактан адам жаратып+, таноосуна өмүр демин үйлөдү+, ошондо ал тирүү жан болуп калды+.
19 Өзүң алынган топуракка+ кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»+.
21 Ошондо Жахаба жагымдуу жытты искеди+. Анан Жахаба жүрөгүндө мындай деди+: «Мындан ары адам баласы үчүн жерди эч качан каргабайм+, анткени адамдын жүрөгү+ жаштайынан эле жамандыкка жакын+. Мындан кийин эч качан тирүү жандардын баарын жок кылбайм+.
7 Ошондо топурак кайрадан жерге — мурунку жайына — кайтат+, ал эми чыныгы Кудай+ берген+ өмүр деми+ кайрадан Ага кайтат.
8 Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың+. Биз чопобуз+, сен болсо Карапачыбызсың+. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз+.