Накыл сөздөр
1 Ысрайыл падышасынын+, Дөөтү+ уулу Сулаймандын+ накыл сөздөрү+. 2 Бул сөздөр акылмандыкка ээ болуу үчүн+, акыл-насаат* алуу үчүн+, маңыздуу сөздөрдү түшүнүү үчүн+, 3 түшүнүккө+, адилдикке+, акыйкаттыкка+ жана чынчылдыкка+ ээ кыла турган акыл-насаатты+ алуу үчүн, 4 тажрыйбасыздарга акыл+, жаштарга билим+ менен ой жүгүртүү жөндөмүн+ берүү үчүн жазылган.
5 Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт+, түшүнүгү бар киши пайдалуу кеңеш табат+. 6 Ал накыл сөздү, мааниси терең кепти+, акылмандардын айткандарын+ жана табышмактарын+ түшүнөт.
7 Жахабадан коркуу — билимдин башталышы+. Даанышмандык менен акыл-насаатты акылсыздар гана четке кагышат+.
8 Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал+, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа+. 9 Анткени бул — башыңа кийгизилген кооз таажы+, мойнуңа тагылган мончок+.
10 Уулум, күнөөкөрлөр азгырса, алардын азгырыгына алдырба+. 11 Алар: «Жүр биз менен. Буктурма коюп, кан төгөбүз+. Кызыкчылык үчүн айыпсыздарды аңдыйбыз+. 12 Аларды көр* жуткандай+ тирүүлөй, аңга түшкөндөргө окшотуп+, бүкүлү жутабыз+. 13 Кымбат баалуу түркүн буюм таап+, үйлөрүбүздү олжого толтурабыз+. 14 Биз менен өкчөмө таш ыргыт. Баарыбыздын капчыгыбыз бир болсун»+,— дешсе, 15 уулум, алар менен бир жолдо жүрбө+. Алардын жолунан алыс бол+. 16 Анткени алардын буту жамандыкка чуркайт+, өзүлөрү кан төгүүгө шашат+. 17 Канаттуулар көрүп турса, тор жайгандан пайда жок+. 18 Андыктан күнөөкөрлөр башкалардын канын төгүш үчүн буктурма коюшат+, алардын жанын алыш үчүн аңдып жатышат+. 19 Арам оокат издеген ар бир адамдын жолу ушундай+. Андай оокат ээсинин жанын алат+.
20 Чыныгы акылмандык+ көчөдө жар салып жүрөт+, анын үнү аянттарда угулуп жатат+. 21 Ал эл толгон көчөлөрдүн башында жар салып+, шаар дарбазаларынын оозунда мындай деп жатат+:
22 «Тажрыйбасыздар, качанга чейин тажрыйбасыздыкты жакшы көрөсүңөр?+ Шылдыңчылдар, качанга дейре шылдыңыңарга маашырланасыңар?+ Акылсыздар, дагы качанга чейин билимди жек көрөсүңөр?+ 23 Мага кулак салып, оңолгула+. Ошондо силерге рухумду төгөм+, сөздөрүмдү жарыялайм+. 24 Бирок, мен чакырсам, укпай жатасыңар+. Колумду сунсам, көңүл бурбай жатасыңар+. 25 Кеңештеримдин баарын четке кагып келатасыңар+. Айыбыңарды ачсам, оңолбой жатасыңар+. 26 Ошондуктан мен да, башыңарга мүшкүл түшкөндө, күлөм+. Эмнеден корксоңор, ошого кабылганыңарда, шылдың кылам+. 27 Корккон нерсеңер бороон-чапкындай, мүшкүлүңөр куюндай болуп келгенде+, кайгыга жана оор убакка туш болгонуңарда+, силерди шылдыңдайм. 28 Ошондо мени чакырышат, бирок жооп бербейм+. Мени издешет, бирок табышпайт+. 29 Себеби алар билимди жек көрүшкөн+, Жахабадан коркууну каалашкан эмес+. 30 Менин кеңешимди кабыл алышкан эмес+, оңдоп-түзөөгө жасаган аракетимдин бирин да барк алышкан эмес+. 31 Ошон үчүн өздөрүнүн жолунун жемишинен жешет+, өз айла-амалдарына тоюшат+. 32 Тажрыйбасыздарды козголоңчулдугу+ өлтүрөт+, акылсыздарды камырабастыгы ойрон кылат+. 33 Ал эми мени уккандар жамандыктан коркпой+, коопсуз жашашат»+.
2 Уулум, эгер менин айткандарымды кабыл алсаң+, осуяттарымды сактасаң+, 2 кулагыңды акылмандыкка төшөсөң+, жүрөгүңдү кыраакылыкка бурсаң+, 3 түшүнүк тилесең+, кыраакылык сурасаң+, 4 аларды күмүштү издегендей+, катылган кенчти издегендей издей берсең+, 5 Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң+, Кудай жөнүндөгү билимди табасың+. 6 Анткени акылмандыкты Жахаба берет+, анын оозунан билим менен кыраакылык чыгат+. 7 Ал чынчыл адамдар үчүн акылмандыкты сактайт+. Ал — кынтыксыз жүргөндөр үчүн калкан+, 8 анткени акыйкаттыктын жолдорун байкап турат+, ишенимдүү кызматчыларынын жолун коргойт+. 9 Ошондо адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун түшүнөсүң+.
10 Акылмандык жүрөгүңө киргенде+, билим жаныңа жакканда+, 11 сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт+, кыраакылык коргойт+, 12 жаман жолдон+, бузуку сөздөрдү сүйлөгөн кишиден сактайт+. 13 Караңгылыктын жолдорунда жүрүш үчүн чынчылдыктын жолдорун таштагандардан+, 14 жамандык кылганына кубангандардан+, ыпылас нерселер менен жамандыктан ырахат алгандардан+, 15 тетири жолдо жүргөндөрдөн, арамзалык менен жашагандардан+, 16 чоочун аялдан, бал тилге салып сүйлөгөн+ бөтөн жерлик аялдан сактайт+. 17 Ал — жаш кезиндеги жолдошун таштап кеткен+, Кудайынын келишимин унуткан аял+. 18 Анын үйү өлүмгө, жолдору күчсүз өлүктөргө алпарат+. 19 Аны менен байланышкандардын бири да кайтып келбейт, кайрадан тирүүлөрдүн жолдоруна түшпөйт+.
20 Андыктан жакшы кишилердин жолу менен жүр+, адил адамдардын жолдорунан чыкпа+. 21 Анткени жерде чынчыл адамдар жашайт+, айыпсыз кишилер калат+. 22 Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат+, ишенимсиздер тукум курут болушат+.
3 Уулум, менин мыйзамымды унутпа+, жүрөгүң осуяттарымды сактасын+, 2 ошондо жашаган күндөрүң менен өмүр сүргөн жылдарың узарып+, тынчтыкка ээ болосуң+. 3 Сени мээримдүүлүк менен чындык таштабасын+. Аларды мойнуңа байлап+, жүрөгүңө жазып ал+. 4 Ошондо Кудайдын да, адамдардын да көз алдында ырайым табасың, терең түшүнүгүң менен тааныласың+. 5 Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян+, өз түшүнүгүңө ишеним артпа+. 6 Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр+, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт+.
7 Өзүңдү акылдуу эсептебе+. Жахабадан коркуп, жамандыктан алыс бол+. 8 Ошондо денең* айыгат+, сөөктөрүңө кубат кирет+.
9 Жахабага баалуу нерселериң менен+, бардык жемиштериңдин биринчи түшүмү менен урмат көрсөт+. 10 Ошондо кампаларың ашыгы менен толот+, жүзүм сыккычтарыңдан жаңы шарап ташыйт+.
11 Уулум, Жахабанын акыл-насаатын четке какпа+, анын ашкерелегенин жек көрбө+, 12 анткени атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле+, Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт+.
13 Акылмандыкты тапкан+, кыраакылыкка+ ээ болгон киши бактылуу, 14 анткени акылмандыкка ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, ал алтынга караганда көбүрөөк пайда алып келет+. 15 Ал маржандан* кымбат+, сага ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт. 16 Анын оң колунда — узун өмүр+, сол колунда — байлык менен атак-даңк+. 17 Анын жолдору жагымдуу, бардык жолдору — тынчтык+. 18 Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы+. Ага бекем кармангандарды+ бактылуу дешет+.
19 Жахаба жерди акылмандыгы менен түптөгөн+, асманды кыраакылыгы менен орноткон+. 20 Анын билиминин аркасында суу туңгуюктары бөлүнгөн+, булуттуу асмандан жаан себелейт+. 21 Уулум, ушул сапаттар көз алдыңан кетпесин+. Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сакта+. 22 Алар жаныңа өмүр+, мойнуңа жасалга болот+. 23 Ошондо жолуңда коопсуз басасың+, бутуң эч нерсеге чалынбайт+. 24 Жатканда коркпойсуң+, уйкуң таттуу болот+. 25 Күтүлбөгөн коркунучтан+, ыймансыздардын башына түшө турган алааматтан коркпойсуң+. 26 Анткени Жахабадан үмүттөнөсүң+, ал сенин бутуңду тузактан сактайт+.
27 Колуңан келип турганда+, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба+. 28 Колуңда бар болуп туруп, жакыныңа: «Бар, эртең кел, эртең берем»,— дебе+. 29 Сени менен бейкапар жашап жаткан жакыныңа+ жамандык кылууну ойлобо+. 30 Сага жамандык кылбаган киши менен+ жөн жерден чатакташпа+.
31 Зөөкүр кишиге көз артпа+, анын жолдорунун бирине да түшпө+. 32 Анткени Жахаба арамзадан+ жийиркенет+, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот+. 33 Жахабанын каргышы ыймансыздын үйүнө тиет+, ал эми адил адамдардын турак жайына ал батасын берет+. 34 Ал шылдыңчылдарды+ уятка калтырат+, ал эми мүнөзү жумшактарга ырайым кылат+. 35 Акылмандар урмат-сыйга татыйт+, акылсыздар болсо маскаралыкты даңазалайт+.
4 Балдарым, түшүнүккө ээ болуу үчүн+ атаңардын акыл-насаатына кулак салгыла+, ага дитиңерди койгула. 2 Анткени мен силерге жакшы таалим берем+. Менин мыйзамымды таштабагыла+. 3 Мен атамдын мыкты уулу болчумун+, энемдин назик, жалгыз баласы элем+. 4 Атам мага таалим берип+, мындай деген: «Сөздөрүмдү жүрөгүңдө+ бекем сакта+. Осуяттарымды аткарып, узак жаша+. 5 Акылмандыкка+, түшүнүккө ээ бол+. Айткандарымды унутпа, алардан четтебе+. 6 Акылмандыкты таштаба, ошондо ал сени сактайт. Аны сүй, ошондо ал сени коргойт. 7 Эң негизгиси — акылмандык+. Акылмандыкка ээ бол, ээ болгон бардык нерселериң менен бирге түшүнүккө да ээ бол+. 8 Аны жогору баала, ошондо ал сенин зоболоңду көтөрөт+. Аны кучагыңа алсаң, ал сени даңазалайт+. 9 Ал башыңа көз жоосун алган гүлчамбар кийгизет, сага кооз таажы тартуу кылат+.
10 Кулак сал, уулум, айткандарымды кабыл ал+. Ошондо узак өмүр сүрөсүң+. 11 Сени акылмандыктын жолунда жетектеп+, чынчылдыктын жолдорунда алып жүрөм+. 12 Басканда кадамыңды кере шилтейсиң+, чуркаганда чалынбайсың+. 13 Акыл-насаатты бекем карма+, коё бербе+. Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң+.
14 Ыймансыздардын жолуна түшпө+, жамандык кылгандардын жолунда жүрбө+. 15 Алардын жолунан оолак бол+, ал жол менен баспа+; андан бурулуп, кыя өт+. 16 Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт+, кимдир бирөөнү кулатмайынча кирпик кагышпайт+. 17 Алар ыймансыздыктын нанына тоюп+, зордук-зомбулуктун шарабын ичишет+. 18 Ал эми адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет+. 19 Ыймансыздардын жолу караңгы түндөй+; алар эмнеге чалынарын билишпейт+.
20 Уулум, сөздөрүмө кулак сал+, айткандарыма кулагыңды төшө+. 21 Алар көз алдыңан кетпесин+. Аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта+. 22 Анткени алар — тапкандар үчүн өмүр+, бүт денеси үчүн саламаттык+. 23 Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта+, анткени андан өмүр булактары чыгат+. 24 Оозуңду жалгандыктан+, тилиңди арамзалыктан алыс кыл+. 25 Көзүң түз карасын+, көз карашың алдыңа багытталсын+. 26 Бутуң баскан жолду түздө+, бардык жолдоруң туруктуу болсун+. 27 Оңго да, солго да бурулба+. Бутуңду жамандыктан алыс кыл+.
5 Уулум, менин акылмандыгыма кулак сал+, кыраакылык жөнүндөгү кебиме кулак төшө+. 2 Ошондо ой жүгүртүү жөндөмүңдү сактайсың+, оозуңан билим кетпейт+.
3 Бузулган* аялдын тили аарынын уюгунан тамган балдай+, таңдайы майдан жумшак+. 4 Бирок андай аялдын залакасы эрмендей ачуу+, кош миздүү кылычтай курч+. 5 Анын буту өлүмгө түшөт+, кадамдары көргө* алып барат+. 6 Ал өмүр жолу жөнүндө ойлонбойт+, каякка из калтырганын билбейт+. 7 Ошондуктан, балдарым, мени уккула+, айткандарымдан четтебегиле+. 8 Андай аялдан алыс жүр, үйүнүн босогосуна жакындаба+. 9 Болбосо кадыр-баркыңды башкаларга алдырасың+, калган өмүрүңдү азап чегип өткөрөсүң+, 10 күчүңө башкалар тоёт+, мээнет кылып тапканың бөлөк бирөөнүн үйүндө калат+, 11 кийин денеңден, тулку боюңдан дарман кеткенде+, онтоп кыйналасың+. 12 Ошондо аргасыздан мындай дейсиң: «Акыл-насаатты эмнеге жек көрдүм экен+, жүрөгүм ашкерелөөнү эмне үчүн четке какты экен?!+ 13 Устаттарымдын тилин албай+, окутуучуларымдын сөзүнө кулак какпай жүрүп+, 14 акыры жыйналыштын, жамааттын алдында+ ар кандай жаман ишке бардым»+.
15 Өз кудугуңдагы суудан, өз булагыңдан аккан суудан ич+. 16 Булактарыңды эшикке, агын сууларыңды аянттарга агызып эмне кыласың?+ 17 Алар бөтөн бирөөлөргө эмес, сага гана таандык болсун+. 18 Булагың баталуу болсун+, жаш кезиңде алган аялың менен кубан+. 19 Ал маралдай сүйкүмдүү, кайберендей ажарлуу+. Анын төшү ар дайым кумарыңды кандырсын+. Анын махабатынан дайыма ырахат ал+. 20 Уулум, башка аял менен ырахатка батып же бөлөк аялдын төшүн кучактап эмне кыласың?+ 21 Адамдын жолдору Жахабанын көз алдында+, ал анын бардык кадамдарына көз салып турат+. 22 Ыймансызды өз кылмыштары тузакка түшүрөт+, ал өзүнүн күнөөсүнө чырмалат+. 23 Акыл-насаатты кабыл албай+, ашкере акылсыздыгынан адашып жүргөндүктөн+ ал өмүрүнөн ажырайт.
6 Уулум, эгер жакыныңа кепил болуп+, чоочун бирөөгө кол берсең+, 2 оозуңан чыккан сөз менен торго түшсөң+, сөзүңдөн кармалсаң, 3 анда, уулум, жакыныңдын колуна түшүп калгандыктан+, кутулушуң үчүн мындай кыл: баргын да, момундук менен жакыныңа жалынып-жалбар+. 4 Көз ирмебе, кирпик какпа+. 5 Мергенчиден качкан жейрендей, аңчыдан качкан куштай кутул+.
6 Жалкоо+, кумурскага барып+, анын жолдорун карап, акылмандыкка ээ бол. 7 Анын башчысы, жетекчиси, башкаруучусу жок болсо да, 8 тамагын жайында камдайт+, азыгын оруу-жыюу маалында чогултат. 9 Жалкоо, качанга чейин жата бересиң?+ Качан ойгоносуң?+ 10 Дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң, колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң+, 11 жакырлык каракчыдай болуп+, жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет+.
12 Бузуку+ жана арам ойлуу киши жалган сүйлөйт+, 13 көзүн ымдап+, буту менен белги берип, манжалары менен ишарат кылат+. 14 Анын жүрөгү бузулган+. Ал ар убак жамандык ойлойт+, уруш-талаш чыгарат+. 15 Ошондуктан капысынан кырсыкка кабылат+, көз ачып-жумгуча ойрон болот, кайра турбайт+.
16 Жахаба алты нерсени жек көрөт+, атүгүл жети нерсе анын жаны үчүн жийиркеничтүү+: 17 менменсинген көздөр+, жалган тил+, жазыксыз кишинин канын төккөн кол+, 18 кыянаттык ойлогон жүрөк+, жамандык кылууга чуркаган бут+, 19 жалган сүйлөгөн күбө+ жана бир туугандардын ортосуна от жаккан киши+.
20 Уулум, атаң айткан осуятты аткар+, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа+. 21 Аларды жүрөгүңө байлап жүр+, мойнуңа ороп ал+. 22 Алар жолго чыкканыңда жетектейт+, жатканыңда кайтарат+, ойгонгонуңда кам көрөт. 23 Анткени осуят — шам чырак+, мыйзам — жарык+, ашкерелөө менен акыл-насаат — өмүр жолу+. 24 Алар сени бузулган аялдан+, жасакерленип сүйлөгөн бөтөн жерлик аялдын тилинен сактайт+. 25 Анын сулуулугун жүрөгүң каалабасын+, ал сени жалжылдаган көздөрү менен азгырып кетпесин+, 26 анткени адам сойку аялдын айынан бир кесим нанга зар болуп калат+, ал эми башка бирөөнүн аялы кымбат жанды тузакка түшүрөт+. 27 Кийимин күйгүзбөй, ким койнуна чок сала алат?+ 28 Бутун күйгүзбөй, ким чоктун үстүнөн баса алат? 29 Жакынынын аялы менен жаткан киши да ошондой болот+, ага жакындаган бир да киши жазасыз калбайт+. 30 Ачка калганда жанын тойгузуш үчүн уурулукка барган кишини жек көрүшпөйт. 31 Бирок ал кармалганда уурдаганын жети эселеп төлөйт, үйүндөгү баалуу нерселеринин баарын берет+. 32 Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылгандын акылы жок*+. Андай ишке барган өз жанын жылас кылат+. 33 Ал балээге кабылат, уятка калат+, маскара болгону унутулбайт+. 34 Анткени кызганычтан күйөөсүнүн каары кайнайт+, ал өч алган күнү аябайт+, 35 эч кандай кун албайт, кандай белек берсең да, каары кайтпайт.
7 Уулум, менин айткандарымды аткар+, осуяттарымды сакта+. 2 Осуяттарымды аткарып, узак жаша+. Мыйзамымды көзүңдүн карегиндей сакта+. 3 Аларды манжаларыңа байлап ал+, жүрөгүңө жазып ал+. 4 Акылмандыкка+: «Сен менин эжемсиң»,— де, түшүнүктү «тууганым» де. 5 Алар сени башка бирөөнүн аялынан+, бал тилге салып сүйлөгөн бөтөн жерлик аялдан сактайт+. 6 Бир жолу үйүмдүн терезесинен, тордолгон терезеден сереп салып+, 7 тажрыйбасыздарды карап турдум+. Ошол жаштардын арасынан акылсыз*+ бир жигитти көрүп, кызыга карап калдым. 8 Ал алиги аял жашаган көчөнүн кесилишинен өтүп баратты, аялдын үйүнө алып бара турган жолго түштү+. 9 Күүгүм тартып+, кеч кирип, түн жакындап калган эле. 10 Бир маалда алдынан сойкудай кийинген+, жүрөгү анткор аял чыкты. 11 Ал — шарактаган, өжөр+, үйүндө турбаган аял+. 12 Бирде көчөдө, бирде аянтта жүрөт+, ар бир бурчта аңдып турат+. 13 Ал жигитти шап кармап, өөп+, уялбай мындай деди:
14 «Мен тынчтык курмандыктарын чалам деп убада берген элем+, ошол убадамды бүгүн аткардым+. 15 Ошондуктан сени тосуп чыктым, сага жолугайын деп издеп чыктым. 16 Төшөгүмдү жабуу менен, Мисирдин түркүн-түстүү кездемелери+ менен жаап койдум. 17 Аны мирра, алоэ, корица менен аңкытып койдум+. 18 Жүр, таң аткыча махабатка мас бололу, сүйүүнүн кумарына баталы+. 19 Анткени күйөөм үйдө жок: алыскы сапарга кеткен+. 20 Акча толгон капчыгын ала кеткен. Үйгө ай толгон күнү кайтып келет».
21 Аял аны көп сөз менен ишендирип адаштырды+, бал тилге салып азгырды+. 22 Жигит ошол замат союуга жетеленип бараткан өгүздөй+, жазаланыш* үчүн кишенделген акылсыз адамдай болуп, анын артынан жөнөдү. 23 Жебе боорун тешип өтмөйүн+, торго шашкан канаттуудай болуп+, аны ээрчип кете берди. Жаны кылдын учунда турганын ал билген да жок+.
24 Эмесе, балдарым, мага кулак салгыла, сөздөрүмө көңүл бургула+. 25 Жүрөгүңөр андай аялдын жолдоруна бурулбасын. Анын жолдоруна түшүп адашпагыла+. 26 Анткени анын айынан көптөр өлүмгө дуушар болгон+, колунан далайлар өлгөн+. 27 Анын үйү — көргө* алып баруучу жолдор+, алар өлгөндөр жаткан жайдын түпкүрүнө түшүрөт+.
8 Акылмандык чакырып жаткан жокпу?+ Кыраакылык үн салып жаткан жокпу?+ 2 Ал бийик жерлерде+, жол боюнда, жолдордун кесилиштеринде туруп, 3 дарбазалардын жанында, шаардын оозунда+, кире беришинде үнүн бийик чыгарып жатат+:
4 «Адамдар, силерге кайрылып жатам, адам баласын чакырып жатам+. 5 Тажрыйбасыздар, баамчыл болууга үйрөнгүлө+. Акылсыздар, акылдуу жүрөккө ээ болгула+. 6 Уккула, анткени менин айткандарым абдан маанилүү+, оозуман чыккан сөз чынчылдык жөнүндө+. 7 Оозум чындыкты сүйлөйт+, ыймансыздыкты сөз кылуудан жийиркенет+. 8 Оозуман чыккан сөздөрдүн баары — адилдик+. Арасында бир да бурмаланган, анткор сөз жок+. 9 Алардын баары кыраакы киши үчүн ачык-айкын, билимди тапкандар үчүн акыйкат+. 10 Күмүштү эмес, менин акыл-насаатымды алгыла, тандамал алтынга эмес, билимге ээ болгула+. 11 Анткени акылмандык маржандан артык+, ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт+.
12 Мен, акылмандык, баамчылдык менен бирге жашайм+, билим менен ой жүгүртүү жөндөмүнө ээмин+. 13 Жахабадан коркуу — жамандыкты жек көрүү+. Мен бой көтөрүүчүлүктү, менменсингендикти+, жаман жолду жана бурмалап сүйлөгөн оозду+ жек көрөм. 14 Менде кеңеш+ менен акылмандык+, түшүнүк+ менен кудурет-күч бар+. 15 Менин жардамым менен падышалар башкарышат, бийлик башындагылар адилет буйрук чыгарышат+. 16 Менин жардамым менен төрөлөр башчылык кылышат+, аттуу-баштуулардын баары адилет сот жүргүзүшөт+. 17 Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм+, мени издегендер табышат+. 18 Байлык менен даңк+, баалуу мурас менен адилдик менде+. 19 Жемишим алтындан, таза алтындан да артык, белегим тандамал күмүштөн артык+. 20 Мен адилдик жолунда+, акыйкаттык жолдорунун ортосунда жүрөм+. 21 Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем+, алардын казыналарын толтурам+.
22 Жахаба мени өз жолунун башталышы+, байыркы иштеринин эң алгачкысы кылып жараткан+. 23 Мен кылымдар мурун+, эң башында, жерден мурун орнотулгам+. 24 Мен суу туңгуюктары+, суусу мол булактар пайда боло электе эле, 25 тоолор орнотула электе эле+, адырлар пайда боло электе эле төрөлгөм. 26 Ал жерди+, ачык мейкиндиктерди, жер кыртышынын алгачкы бөлүгүн жарата электе эле төрөлгөм+. 27 Ал асманды даярдап жатканда, мен ошол жерде болчумун+. Ал суу туңгуюктарынын үстүнөн тегерете сызык чийип жатканда+, 28 жогоруга булуттарды орнотуп+, суу туңгуюктарынын башаттарын бекемдеп жатканда+, 29 суулар белгилеп койгон чегинен ашпасын деп, деңизге мыйзам берип жатканда+, жердин пайдубалын салып жатканда+, 30 мен анын жанында чебер уста болчумун+. Күнүгө анын кубанычы болуп+, анын алдында ар дайым кубанып турчумун+. 31 Анын түшүмдүү жерин көрүп кубанчумун+, менин кубанычым адам баласына байланыштуу болчу+.
32 Эмесе, балдарым, мени уккула. Менин жолдоруман чыкпагандар бактылуу+. 33 Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула+, аны четке какпагыла+. 34 Күнүгө эшигимдин алдында сергек туруп, каалгамдын кашегинин жанында күтүп, мага кулак салган адам бактылуу+. 35 Мени тапкан киши өмүр табат+, ага Жахаба ырайым кылат+. 36 Ал эми мени издебегендер өз жанына зыян келтиришет+. Мени жек көргөндөрдүн баары өлүмдү жакшы көрөт»+.
9 Чыныгы акылмандык+ өзүнө үй курду+, анын жети устунун жонуп даярдады. 2 Малын союп, шарабын камдап, дасторконун жайды+. 3 Кызматчы кыздарын шаардын бийик жерлеринен мындай деп жар салууга жөнөттү: 4 «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын!»+ Ал эми акылсызга*+: 5 «Кел, нанымдан жеп, камдап койгон шарабымдан ич+. 6 Тажрыйбасыздарды таштап, өмүр сүр+, түшүнүктүн жолунда түз жүр»+,— деди.
7 Шылдыңчылды оңдоп-түзөгөн өзү уят болот+, ыймансызды ашкерелеген өзү зыян тартат+. 8 Шылдыңчылды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат+. Акылдууну ашкереле, ошондо ал сени жакшы көрөт+. 9 Насаатты акылдууга айт — ал ого бетер акылдуу болот+. Адил адамды үйрөт — ал билимин арбытат.
10 Акылмандыктын башталышы — Жахабадан коркуу+. Баарынан Ыйыкты таанып-билүү түшүнүккө ээ кылат+. 11 Мен аркылуу өмүрүң узарат+, жашыңа жаш кошулат+. 12 Акылман болсоң, акылмандыгыңдын үзүрүн көрөсүң+. Шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың+.
13 Акылсыз аял — шарактаган+, ойлонуп иш кылбаган, эч нерсе билбеген аял+. 14 Ал үйүнүн эшигинин алдында отургучта, шаардын бийик жерлеринде отурат да+, 15 жолдон өтүп бараткандарды, өз жолдорунда түз бараткандарды чакырып+: 16 «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын!» — дейт+. Ал эми акылсызга*+: 17 «Уурдап ичкен суу таттуу+, катып жеген нан даамдуу»,— дейт+. 18 Бирок акылсыз анын үйү күчсүз өлүктөр жаткан жай экенин, анын үйүнө киргендер көрдүн* түбүнө түшкөнүн билбейт+.
10 Сулаймандын накыл сөздөрү+.
Акылдуу уул атасын кубантат+, ал эми акылсыз уул энесин кайгыртат+. 2 Ыймансыздын байлыгынан пайда жок+, адилдик болсо өлүмдөн куткарат+. 3 Жахаба адил адамдардын ачка калышына жол бербейт+, ал эми ыймансыздардын каалоосун четке кагат+.
4 Эринчээк кол жарды кылат+, аракетчил кол байытат+.
5 Түшүнүп иш кылган уул жайкысын оруп-жыят, уятка калтыра турган уул болсо оруп-жыюу маалында көз ачпай уктайт+.
6 Адил адамга бата тиет+, ал эми ыймансыздын оозу зомбулукту жаап-жашырат+. 7 Адил адам алкоо менен эскерилет+, ал эми ыймансыздардын аты өчөт+.
8 Жүрөгү акылдуу осуяттарды кабыл алат+, акылсыз сүйлөгөн тебелендиде калат+.
9 Кынтыксыздыгынан жазбаган коопсуз жашайт+, ал эми түз жолдон чыккан өзүн өзү ашкере кылат+.
10 Көзүн ымдаган көңүл оорутат+, акылсыз сүйлөгөн тебелендиде калат+. 11 Адил адамдын оозу — өмүр булагы+, ал эми ыймансыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат+.
12 Жек көрүү чыр-чатак чыгарат+, сүйүү болсо бардык каталарды кечирет+.
13 Түшүнүгү бар адамдын оозунан акылмандык чыгат+, ал эми акылсыздын* жонунан таяк кетпейт+.
14 Акылмандар билимди кенчтей сактайт+, ал эми акылсыздын оозу кыйроого жакын+.
15 Байдын мүлкү — анын бекем шаары+, ал эми бей-бечаралардын жакырлыгы — алардын өлүмү+.
16 Адил адамдын иштери өмүргө+, ыймансыздын иштеринин жемиши күнөөгө алып барат+.
17 Акыл-насаатка карманган адам — өмүр жолу+. Оңдоп-түзөөнү четке каккан адам адаштырат+.
18 Жек көрүүсүн жашыргандын тили жалган+, бирөөнү каралаган адам акылсыз+.
19 Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт+, ал эми тилин тыя билген эстүүлүк кылат+.
20 Адил адамдын тили — тандамал күмүш+, ыймансыздын жүрөгү эч нерсеге арзыбайт+.
21 Адил адамдын оозу көптөрдү кайтарат+, акылсыздар акылсыздыгы* үчүн өлөт+.
22 Жахабанын батасы байытат+, өзү менен кошо кайгы алып келбейт+.
23 Акылсыз үчүн уятсыз* жүрүм-турум — оюн-тамаша+, ал эми кыраакыга акылмандык мүнөздүү+.
24 Ыймансыз эмнеден корксо, ошого кабылат+, ал эми адил кишилердин тилеги аткарылат+. 25 Ыймансыз куюн учургандай жок болот+, адил адам болсо түбөлүктүү пайдубалдай+.
26 Кычкыл шарап тишке, түтүн көзгө кандай болсо, жалкоо да аны жумшагандарга ошондой+.
27 Жахабадан коркуу өмүрдү узартат+, ал эми ыймансыздардын жылдары кыскарат+.
28 Адил кишилердин күткөнү — кубаныч+, ыймансыздардын үмүтү таш кабат+.
29 Жахабанын жолу — айыпсыздар үчүн чеп+, жамандык кылгандар үчүн кыйроо+.
30 Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт+, ыймансыздар болсо жер үстүндө калышпайт+.
31 Адил адамдын оозу акылмандыктын жемишин берет+, бузуку тил кесилет+.
32 Адил адамдын оозу ырайым табат+, ал эми ыймансыздардын оозу — бузукулук+.
11 Так эмес тараза Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми салмагы туура тараза ташы ага жагымдуу.
2 Менменсинүү келгенде, маскаралык да келет+. Ал эми акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү+.
3 Чынчылдарды кынтыксыздыгы жетектейт+, ал эми ишенимсиздерди амалкөйлүгү ойрон кылат+.
4 Каар төгүлө турган күнү байлыктан пайда болбойт+, адилдик болсо өлүмдөн аман алып калат+.
5 Айыпсыздын жолун адилдиги түздөйт+, ал эми ыймансыз өз ыймансыздыгынан улам кулайт+. 6 Чынчылдарды адилдиги куткарат+, ишенимсиздерди болсо өз каалоолору колго түшүрөт+.
7 Ыймансыз адам өлгөндө, үмүтү кошо жок болот+; өз күчүнө ишенүүчүлүк да ойрон болот+.
8 Адил адам кырсыктан кутулат+, анын ордуна ыймансыз тутулат+.
9 Чындыктан чегинген киши жакынын оозу менен ойрон кылат+, ал эми адилдер билими менен аман калат+.
10 Адил кишилердин жакшылыгы шаарды шаттантат+; ыймансыздар өлгөндө, кубанычтуу үндөр жаңырат+.
11 Чынчылдардын батасы менен шаар гүлдөйт+, ал эми ыймансыздардын оозу менен шаар талкаланат+.
12 Акылсыз* жакынын баркка албайт+, ал эми кыраакы унчукпайт+.
13 Бирөөгө жалаа жаап жүргөн киши+ купуя сырды ачат+, ал эми ишенимдүү* киши ишти купуя сактайт+.
14 Жакшы жетекчилик болбосо, эл кыйналат+, ал эми кеңешчилер көп болсо, куткарылат+.
15 Бөтөн бирөөгө кепил болгон өзүнө зыян келтирет+. Ал эми кепилдикке өтүп кол алышууну жаман көргөн тынч жашайт.
16 Ажарлуу аял даңкка жетет+, ал эми зулумдар байлыкка жетет.
17 Мээримдүү адам өз жанына жакшылык кылат+, таш боор болсо өз денесин азапка салат+.
18 Ыймансыздын жыйнаганы — арам оокат+, ал эми адилдикти сепкен киши адал киреше алат+.
19 Адилдикти жактаган адам өмүр жолунда+, ал эми жамандыктын артынан сая түшкөн адам өлүм жолунда+.
20 Жүрөгү бузулгандар Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми өз жолунда айыпсыз жүргөндөрдү ал жактырат+.
21 Бузукулар кол алышып макулдашса да, жазадан качып кутула алышпайт+, ал эми адил кишилердин тукуму куткарылат+.
22 Чочконун мурдуна тагылган алтын шакек кандай болсо, эстүүлүктү четке каккан сулуу аял да ошондой+.
23 Адил кишилердин каалоосу жакшылык гана+. Ал эми ыймансыздардын үмүтү каар кайнатат+.
24 Кай бирөө берешендик менен таратат, ошондо да мүлкү арта берет+. Башка бирөө жакшылык кылуудан качат, ошондо да жарыбайт+.
25 Берешен жан тоюнат+, башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат+.
26 Ким данын катса, элдин каргышына калат. Сатса — бата алат+.
27 Ким жакшылык кылууга умтулса, ырайым табат+. Ким жамандык кылууну көздөсө, жамандыкка кабылат+.
28 Байлыгына таянган кулайт+, адил кишилер болсо жалбырактай көгөрөт+.
29 Өз үйүн бүлгүнгө учураткан адам+ энчисине шамал алат+; акылсыз адам болсо жүрөгү акылдууга кул болот.
30 Адил адамдын жемиши — өмүр дарагы+; башкаларга жакшылык кылууга түрткү берген адам акылдуу адам+.
31 Мына, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилет+. Анда ыймансыз менен күнөөкөргө ого бетер тиешеси берилбейби?!+
12 Акыл-насаатты сүйгөн билимди сүйөт+, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн акылсыз+.
2 Жакшы адам Жахабага жагат+, ою жаман адамды болсо Ал ыймансыз деп жарыялайт+.
3 Ыймансыздык менен бир да адам өз абалын бекемдей албайт+, ал эми адил кишилердин тамыры ордунан козголбойт+.
4 Жакшы аял — күйөөсүнүн* таажысы+, ал эми уятка калтырган аял анын сөөгүндөгү чириктей+.
5 Адил кишилердин ойлору — акыйкаттык+; ыймансыздардын жетекчилиги — алдамчылык+.
6 Ыймансыздардын сөздөрү — кан төгүү үчүн коюлган буктурма+, ал эми чынчылдарды оозу куткарат+.
7 Ыймансыздар кулатылып, биротоло жок болушат+, ал эми адил кишилердин үйү былк этпейт+.
8 Адамды эстүүлүк менен сүйлөгөнү үчүн макташат+, ал эми жүрөгү бузук жек көрүндү болот+.
9 Нанга жарыбай туруп, өзүн мактаган кишиден кулу бар карапайым өйдө+.
10 Адил адам малынын жанына кам көрөт+, ал эми ыймансыздардын кайрымдуулугу — таш боордук+.
11 Жерин иштеткен нанга тоёт+, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн акылсыз*+.
12 Ыймансыз адам бузукулардын торуна+ түшкөн олжого көз артат, ал эми адил адамдардын тамыры жемиш берет+.
13 Бузукуну өз оозунун күнөөсү торго түшүрөт+, ал эми адил адам жамандыктан кутулат+.
14 Адам оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт+, анын мээнетинин акыбети кайтат+.
15 Акылсыздын жолу өзүнө түз болуп көрүнөт+, ал эми кеңешке кулак салган адам акылдуу+.
16 Акылсыз ачуусун ошол эле күнү сыртка чыгарат+, ал эми акылдуу ызасын жашырат+.
17 Ишенимдүүлүк менен сүйлөгөндүн сөзү — адилдик+, ал эми жалган күбөнүн айтканы — калп+.
18 Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт+, ал эми акылдуулардын тили айыктырат+.
19 Чындыкты сүйлөгөн ооз+ түбөлүккө калат+, калпычы тил болсо көз ирмемге эле жашайт+.
20 Жамандык кылууну ойлогондордун жүрөгүндө алдамчылык бар+, ал эми тынчтыкка өбөлгө түзгөндөр кубанычка ээ+.
21 Адил адам эч бир жамандыкка кабылбайт+, ыймансыздар болсо көп жамандык көрүшөт+.
22 Жалган сүйлөгөн ооз Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми ишенимдүүлүк менен иш кылгандар ага жагат+.
23 Баамчыл адам билимин жашыруун сактайт+, ал эми акылсыздардын жүрөгүнөн акылсыздык чыгат+.
24 Аракетчилдердин колу башкарат+, эринчээк кол болсо кулга айлантат+.
25 Санаа жүрөктү өйүйт+, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт+.
26 Адил адам өз жайытын изилдейт, ал эми ыймансыздардын жолу өздөрүн адаштырат+.
27 Жалкоолук адамды ууга чыгарбайт+, ал эми тырышчаактык — адамдын баа жеткис байлыгы.
28 Адилдиктин жолунда өмүр бар+, ал жол өлүмгө алып барбайт+.
13 Атасынан акыл-насаат уккан уул акылдуу+, ал эми шылдыңчыл кеңеш укпайт+.
2 Адам өз оозунун жемишинен жакшылыктын даамын татат+, ал эми ишенимсиздердин жаны зомбулукту көксөйт+.
3 Тилин тыйган өз жанын сактайт+, оозуна ээ боло албаган кыйрайт+.
4 Жалкоо эңсейт, бирок анын жаны эч нерсеге ээ болбойт+, ал эми аракетчилдердин жаны тоюнат+.
5 Адил адам жалган сөздү жек көрөт+, ыймансыздар болсо уят иштер менен өздөрүн маскара кылышат+.
6 Өз жолунда кыянаттык кылбаганды адилдиги сактайт+, ал эми күнөөкөрдү ыймансыздыгы кулатат+.
7 Кай бирөө, эч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт+. Башка бирөө, колунда бар туруп, өзүн кедей көрсөтөт.
8 Адамдын жаны үчүн төлөнүүчү кун — анын байлыгы+, ал эми кедей жеме укпайт+.
9 Адил кишилердин жарыгы аларды кубантат+, ыймансыздардын чырагы өчөт+.
10 Менменсинүү менен адам чыр-чатак гана чыгарат+, ал эми кеңешкендерге акылмандык мүнөздүү+.
11 Оңой* жол менен табылган байлык жукпайт+, ал эми өз колу менен чогулткандыкы арбыйт+.
12 Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат+, ал эми орундалган каалоо-тилек — өмүр дарагы+.
13 Сөздү барк албаган күрөөгө бергенинен кол жууйт+, осуяттан корккон сыйлык алат+.
14 Акылмандын мыйзамы — өлүмдүн тузактарынан+ сактай турган өмүр булагы+.
15 Терең түшүнүк жактырууга ээ кылат+, ал эми ишенимсиздердин жолу өңгүл-дөңгүл+.
16 Ар бир баамчыл киши билимдин негизинде иш кылат+, ал эми акылсыз акылсыздыкты жайылтат+.
17 Кара ниет кабарчы жамандык гана алып келет+, ишенимдүү элчи болсо айыктырат+.
18 Акыл-насаатты барк албаган жакырланат, маскара болот+, ал эми кеп-кеңешке кулак каккан кадыр-баркка ээ болот+.
19 Орундалган каалоо-тилек жанга жагымдуу+; жаман иштерден алыс болуу акылсыздар үчүн жийиркеничтүү+.
20 Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот+, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат+.
21 Күнөөкөрлөрдүн артынан кырсык сая түшөт+, ал эми адил кишилерге жакшылык сыйлык берет+.
22 Жакшы киши неберелерине мурас калтырат, ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил адамга сакталат+.
23 Жакырлардын айдалган жерлери мол түшүм берет+, бирок кээ бирөөлөр акыйкаттыктын жоктугунан ойрон болот+.
24 Ким уулунан чыбык аяса, аны жек көрөт+. Ким жакшы көрсө, аны тартипке салат+.
25 Адил адам тойгуча жейт+, ал эми ыймансыздар ачка болот+.
14 Акылдуу аял үйүн бекемдейт+, ал эми акылсыз аял аны өз колу менен бузат+.
2 Түз жолдо жүргөндөр Жахабадан коркушат+, ал эми өз жолдорунда адашып жүргөндөр Аны тоготушпайт+.
3 Акылсыздын оозунда бой көтөрүүчүлүктүн таягы бар+, ал эми акылдуулардын оозу аларды сактайт+.
4 Мал жок жерде акыр таза, бирок мол түшүм буканын күчүнөн.
5 Ишенимдүү күбө калп айтпайт+, жалган күбө болсо жалган сүйлөйт+.
6 Шылдыңчыл акылмандык издейт, бирок таппайт, ал эми түшүнүгү барга билим алуу оңой+.
7 Акылсыз адамдан алыс бол+, анткени анын оозунан билим чыкпайт+.
8 Баамчылдын акылмандыгы өз жолун түшүнгөндүгүндө+, ал эми акылсыздардын акылсыздыгы — алдамчылык+.
9 Айыптуу болгонуна карабай күлгөндөр акылсыз+, ал эми чынчыл адамдардын арасында ынтымак бар+.
10 Адамдын жүрөгү өз жанынын кайгысын билет+, кубанычына бөлөк бирөө кийлигише албайт.
11 Ыймансыздардын үйү жок кылынат+, ал эми чынчыл адамдардын чатыры гүлдөйт+.
12 Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар+, бирок акырында ал өлүмгө алып барат+.
13 Күлүп жатканда да жүрөк оорушу ыктымал+, кубанычтын аягы кайгы менен бүтүшү мүмкүн+.
14 Жүрөгү ишенимсиз өз жолдорунун жемишине тоёт+, жакшы адам өз иштеринин жемишине тоёт+.
15 Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет+, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат+.
16 Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан алыс болот+, ал эми акылсыз адам каарданат жана өзүнө таянат+.
17 Ачуусу чукул акылсыздык кылат+, ал эми ой жүгүртө билген жек көрүндү болот+.
18 Тажрыйбасыздар энчисине акылсыздык алышат+, ал эми баамчылдар билим таажысын кийишет+.
19 Жаман адамдар жакшы адамдарга, ыймансыздар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат+.
20 Жардыны жакыны да жек көрөт+, ал эми бай кишинин достору көп+.
21 Жакынын баркка албаган күнөө кылып жатат+, ал эми жапа чеккендерге кайрымдуулук көрсөткөн бактылуу+.
22 Жамандык ойлогондор адашпай коёбу?+ Жакшылык ойлогондор болсо мээримдүүлүккө жана чындыкка ээ+.
23 Ар бир эмгектен пайда бар+, ал эми куру сөз жарды кылат.
24 Акылдуулардын таажысы — өздөрүнүн байлыгы. Акылсыздардын иши — акылсыздык+.
25 Ишенимдүү күбө башкалардын жанын куткарат+, ал эми жалган күбө жалган сүйлөйт+.
26 Жахабадан корккон адам ага бекем таянат+ жана анын уулдары баш маана табат+.
27 Жахабадан коркуу — өлүм тузактарынан+ сактай турган өмүр булагы+.
28 Элдин көптүгү — падышанын көркү+, ал эми элдин аздыгы — башкаруучунун өлүмү+.
29 Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы+, ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт+.
30 Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет+, ал эми көрө албастык сөөктү чиритет+.
31 Бей-бечараны алдаган киши анын Жаратканына акарат кылат+, ал эми жардыга кайрымдуулук көрсөткөн киши Аны даңктайт+.
32 Ыймансыз өзүнүн кылган жамандыгы үчүн кулайт+, ал эми адил адам кынтыксыздыгынан баш маана табат+.
33 Түшүнүгү барлардын жүрөгүндө акылмандык бар+, ал эми акылсыздар өз акылмандыгын бардык жерде жарыялайт.
34 Адилдик элдин зоболосун көтөрөт+, ал эми күнөө уятка калтырат+.
35 Түшүнүп иш кылган кул падышага жагат+, ал эми уятка калтырган кул анын каарына калат+.
15 Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот+, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт+.
2 Акылдуулардын тили билимин жакшылык кылууга колдонот+, ал эми акылсыздардын оозунан акылсыздык чыгат+.
3 Жахабанын көзү бардык жерде: ал жамандарды да+, жакшыларды да көрүп турат+.
4 Тилдин сабырдуулугу — өмүр дарагы+, ал эми тилдин бурмаланышы рухту жаралайт+.
5 Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт+, ал эми ашкерелөөнү кабыл алган адам баамчыл+.
6 Адил адамдын үйүндө мүлк көп болот+, ал эми ыймансыздын иштеринин жемиши каргаша алып келет+.
7 Акылдуулардын оозу билим таратат+, ал эми акылсыздардын жүрөгү андай эмес+.
8 Ыймансыздардын курмандыгы Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми чынчылдардын тиленүүсү ага жагымдуу+.
9 Ыймансыздын жолу Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми адилдикке умтулгандарды ал жакшы көрөт+.
10 Акыл-насаат — түз жолдон чыккан адам үчүн жамандык+; ашкерелөөнү жек көргөн адам өлүмгө дуушар болот+.
11 Көр* менен кыйроо жайы+ Жахабанын алдында ачык+. Анда адам баласынын жүрөгү ого бетер ачык эмеспи?!+
12 Шылдыңчыл аны оңдоп-түзөгөн адамды жаман көрөт+; ал акылдууларга барбайт+.
13 Жайдары жүрөк адамдын жүзүн жайдары кылат+, ал эми жүрөктөгү бук көңүлдү чөгөрөт+.
14 Түшүнүккө ээ жүрөк билим издейт+, акылсыздардын оозу акылсыздыкты көздөйт+.
15 Санаачылдын бардык күндөрү кайгылуу+, ал эми кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той+.
16 Баары мол болуп, тынчсызданып жашагандан көрө+, аз эле нерсеге ээ болуп, Жахабадан коркуп жашаган артык+.
17 Жек көрүү бар жерде семиз өгүздүн этин жегенден көрө+, сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык+.
18 Ачууга алдырган киши уруш чыгарат+, ал эми ачууланганга шашпаган киши чатакты басат+.
19 Жалкоонун жолу тикенек тосмодой+, ал эми чынчылдардын жолу тегиз+.
20 Акылдуу уул атасын кубантат+, акылсыз болсо энесин баркка албайт+.
21 Акылсыз* акылсыздыкка кубанат+, ал эми кыраакы түз жүрөт+.
22 Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт+, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат+.
23 Адам берген жообунан кубаныч алат+; өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!+
24 Түшүнүү менен иш кылган адамдын өмүр жолу жогоруга багытталат+, төмөндөгү көргө* түшүрбөйт+.
25 Жахаба бой көтөргөндөрдүн үйүн кыйратат+, ал эми жесирдин жеринин чегин бекемдейт+.
26 Ыймансыздын ой-ниети Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми жагымдуу сөздөр анын көз алдында таза+.
27 Арам оокат издеген өз үйүн бүлгүнгө учуратат+, ал эми параны жек көргөн өмүр сүрөт+.
28 Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет+, ыймансыздардын оозунан болсо жамандык чыгат+.
29 Жахаба ыймансыздардан алыс+, ал эми адил адамдардын тиленүүсүн угат+.
30 Көздөн чачырап турган нур+ жүрөктү кубантат+, жакшы кабар+ сөөктү чучукка толтурат+.
31 Өмүргө алып баруучу ашкерелөөгө кулак каккандар+ акылдуулардын арасында болот+.
32 Акыл-насаатты четке каккандар+ өз жанын жек көрөт, ал эми ашкерелөөгө кулак салгандар акылдуу жүрөккө ээ болот+.
33 Жахабадан коркуу акылмандыкка үйрөтөт+, момундук даңкка жеткирет+.
16 Жүрөгүнүн ой-ниети адамдын өзүнөн+, бирок тилдин жообу Жахабадан+.
2 Адамдын жолдорунун баары өзүнө таза көрүнөт+, бирок анын ойлоруна Жахаба баа берет+.
3 Иштериңди Жахабага тапшыр+, ошондо максаттарың жүзөгө ашат+.
4 Жахаба бардыгын өз ой-ниети үчүн даярдаган+, атүгүл ыймансызды да каардуу күнгө сактап турат+.
5 Жүрөгүндө бой көтөргөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү+; ал башкалар менен кол алышып, макулдашса да, жазасыз калбайт+.
6 Мээримдүүлүк менен чындык аркылуу айып кечирилет+, ал эми Жахабадан корккон киши жамандык кылуудан оолак болот+.
7 Адамдын жүргөн жолдору Жахабага жакканда+, Ал аны душмандары менен да жараштырат+.
8 Адилдик менен табылган аз киреше+ адилетсиздик менен табылган мол кирешеден артык+.
9 Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурушу мүмкүн+, бирок анын кадамын Жахаба багыттайт+.
10 Падышанын оозунан Кудайдын чечими чыгууга тийиш+, өкүм чыгарганда анын оозу чындыкты бурмалабашы керек+.
11 Таразанын туура көрсөткөн жебеси менен чөйчөктөрү Жахабага таандык+, баштыктагы тараза таштар да андан+.
12 Кыянат иштер падышалар үчүн жийиркеничтүү+, себеби падышанын тактысы адилдик менен бекемделет+.
13 Улуу падышага адил тил жагат+, ал чындыкты сүйлөгөндөрдү жакшы көрөт+.
14 Падышанын каары — өлүм кабарчысы+, ал эми акылдуу адам анын каарын басат+.
15 Падышанын жарык жүзү — өмүр+, анын ырайымы жазгы жамгырдан кабар берген булуттай+.
16 Алтынга караганда акылмандыкка ээ болуу алда канча артык!+ Күмүшкө караганда түшүнүккө ээ болуу жакшы+.
17 Чынчылдардын жолу — жамандыктан алыс болуу+. Өз жолун сактаган киши жанын сактайт+.
18 Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет+, кулаардын алдында менменсингендик келет+.
19 Өзүн көтөргөндөр менен олжо бөлүшкөнчө+, карапайым болуп, мүнөзү жумшактардын арасында жүргөн жакшы+.
20 Жагдайды жакшы түшүнгөн ийгиликке жетет+, Жахабага таянган бактылуу болот+.
21 Жүрөгү акылдуу кишини түшүнүктүү деп аташат+, сөзү таттуу киши ынанымдуу сүйлөйт+.
22 Терең түшүнүк — ага ээ болгондор үчүн өмүр булагы+, ал эми акылсыздар үчүн жаза — өзүлөрүнүн акылсыздыгы+.
23 Акылмандын жүрөгү оозуна түшүнүк+, тилине ынанымдуулук кошот+.
24 Жагымдуу сөз — аарынын уюгундагы бал+, ал жанга ширин, сөөккө даба+.
25 Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар+, бирок акырында ал өлүмгө алып барат+.
26 Эмгекчил өз жаны үчүн эмгектенет+, анткени аны оозу мажбур кылат+.
27 Бузуку адам жамандык чукуп чыгарат+, оозунан алоолонгон оттой сөздөр чыгат+.
28 Кара ниет тымызын кайраштырат+, жалаачы жакын досторду бөлөт+.
29 Ырайымсыз киши жакынын азгырып+, аны тескери жолго салат+. 30 Ал кара ниеттик кылуу үчүн көзүн ымдайт+, эрдин тиштеп, арам ишин аягына чыгарат.
31 Адилдик жолунда жүргөн ак чач+ — сулуулук таажысы+.
32 Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык+, рухун башкара билген киши шаарды басып алгандан артык+.
33 Өкчөмө ташты этекке салып өкчөшөт+, бирок ал аркылуу чыгарылган чечимдердин баары Жахабадан+.
17 Курмандыкка чалынган этке толгон, бирок уруш-талаш кетпеген үйгө караганда+ тынчтык бар жердеги бир сындырым каткан нан артык+.
2 Эстүү кул уятка калтырган уулду башкарат+, анын бир туугандары менен бирге мурас алат+.
3 Эритүүчү казан — күмүшкө, очок — алтынга+. Ал эми жүрөктөрдү Жахаба изилдейт+.
4 Карасанатай адам арам ойлуулардын сөзүнө көңүл бурат+. Калпычы кыянаттык кылгандардын айткандарына кулак төшөйт+.
5 Жакырды шылдыңдаган анын Жаратканына акарат кылат+. Бирөөнүн кырсыкка кабылганына сүйүнгөн жазасыз калбайт+.
6 Карыялардын таажысы — неберелери+, уулдардын көркү — атасы+.
7 Акылсызга чынчыл ооз жарашпайт+. Аттуу-баштууга калпычы тил андан бетер жарашпайт!+
8 Белек — ээси үчүн башкалардын көңүлүн ала турган асыл таш+. Ал каякка барбасын, ийгиликке жетет+.
9 Айыпты кечире билген сүйүү издейт+, ал эми аны эскерте берген жакын досторду бөлөт+.
10 Акылсызга урулган жүз балактан көрө+, түшүнүгү бар кишиге уккан жемеси күчтүүрөөк таасир этет+.
11 Бузукунун издегени — козголоң+, ага каршы ырайымсыз кабарчы жиберилет+.
12 Акылсыздыгы ашынган акылсызга жолуккандан көрө+, мамалактарынан ажыраган аюуга жолуккан жакшы+.
13 Жакшылыкка жамандык менен жооп берген+ кишинин үйүнөн жамандык кетпейт+.
14 Чыр-чатактын башталышы шар сууну коё бергендей+. Ошондуктан, уруш күчөп кете электе, кетип кал+.
15 Ыймансызды адил деп жарыялаган да+, адил адамды ыймансыз деп каралаган да+ Жахаба үчүн жийиркеничтүү+.
16 Акылсызга*, ниети бузук болгон соң+, акылмандыкка ээ кыла турган баалуулуктун кереги эмне?+
17 Чыныгы дос ар убак сүйөт+, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай+.
18 Акылсыз* киши колун берип+, бирөөнүн көзүнчө кепилдикке өтөт+.
19 Күнөөнү жакшы көргөн уруш-талашты жакшы көрөт+. Дарбазасын бийик көтөргөн кыйроону издейт+.
20 Жүрөгү анткор жакшылык көрбөйт+, тили амалкөй кырсыкка кабылат+.
21 Акылсыз уул — атасынын кайгысы+, акылы жоктун атасы кубанбайт+.
22 Шайыр жүрөк — дарыдай даба+, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат+.
23 Ыймансыз акыйкаттыктын жолдорун бурмалаш үчүн+ жең ичинен пара алат+.
24 Даанышмандык түшүнө билген адамдын бет алдында+, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө+.
25 Акылсыз уул — атасынын шору+, энесинин кайгысы+.
26 Адил адамдан жаза пул алуу жакшы эмес+. Аттуу-баштуу кишиге кол көтөрүү адилетсиздикке жатат+.
27 Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ+, кыраакы киши оор басырыктуу+.
28 Акылсыз унчукпай турганда акылдуудай+, сүйлөбөй турган киши түшүнүгү бардай көрүнөт.
18 Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет+, акылмандыктын баарына каршы чыгат+.
2 Акылсызды кыраакылык кубандырбайт+, ал өз жүрөгүндөгүсүн гана билдиргиси келет+.
3 Ыймансыздын келиши менен жек көрүү да келет+, кадыр-барктын түшүшү менен шылдың келет+.
4 Адамдын оозунан чыккан сөздөр — терең суулар+. Акылмандыктын башаты — кайнар булак+.
5 Сотто ыймансызга бет карамалык кылуу да+, адил адамды четке кагуу да жакшы эмес+.
6 Акылсыздын тили урушка аралашат+, оозу муштум жедирет+.
7 Акылсыздын оозу — өзүнө өлүм+, тили — жанына жайылган тор+.
8 Жалаачынын сөзү даамдуу тамактай+, ал адамдын ичине сиңет+.
9 Ишин илең-салаң аткарган+ — бүлдүргүчтүн бир тууганы+.
10 Жахабанын ысмы — бекем мунара+. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот+.
11 Байдын мүлкү — анын бекем шаары+; ал ага бийик чептей көрүнөт+.
12 Жыгылар алдында адамдын жүрөгү текеберденет+, ал эми момундук даңкка жеткирет+.
13 Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе+, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат+.
14 Адамдын руху ооруну көтөрүүгө жардам берет+, бирок рух жараланган болсо, аны ким көтөрө алат?+
15 Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот+, акылмандардын кулагы билим издейт+.
16 Белек адамга кенен жол ачат+, ал анын аркасы менен атактуу адамдардын да алдына барат+.
17 Сот ишин ким биринчи баштаса, ошонуку туура+. Бирок атаандашы келет да, чын-төгүнүн текшерет+.
18 Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп+, күчтүүлөрдүн ортосундагы чырды чечет+.
19 Ыза көргөн бир тууган чептүү шаардан да бекем+; чептин дарбазасынын бекиткичиндей болгон келишпестиктер да болот+.
20 Адамдын карды өз оозунун жемишине тоёт+, ал өз тилинин түшүмүнө тоёт+.
21 Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде+, аны жакшы көргөндөр анын жемишинен жейт+.
22 Ким жакшы аял тапса+, ал ырыс тапты+, Жахабанын ырайымына ээ болду+.
23 Жакыр жалбарып сүйлөйт+, ал эми бай орой жооп берет+.
24 Бири-бирин тытып жибергиси келген курбулар бар+, бирок бир туугандан да жакын дос болот+.
19 Кынтыксыз жүргөн жакыр киши кууланып сүйлөгөн адамдан жана акылсыздан+ өйдө+.
2 Жандын билимсиз болушу жакшы эмес+; буту шашма күнөөгө батат+.
3 Адамдын акылсыздыгы жолунан адаштырат+, ал эми жүрөгү Жахабага каарданат+.
4 Байлык дос көбөйтөт+, ал эми кедей досунан да ажырайт+.
5 Жалган күбө жазасыз калбайт+, калп айткан киши аман калбайт+.
6 Аттуу-баштууга жагууну каалагандар көп+, белек бергенге баары дос+.
7 Жакырды бир туугандарынын баары жек көрөт+, достору андан ого бетер оолактайт+. Аларга сүйлөйүн десе — бири да жок+.
8 Акылдуу жүрөккө ээ болууга умтулган+ өз жанын жакшы көрөт. Кыраакылыкты сактаган жакшылык табат+.
9 Жалган күбө жазасыз калбайт+, калп айткан киши өлүмгө дуушар болот+.
10 Акылсызга бардар жашоо жарашпайт+. Кулга төрөлөрдү башкаруу андан бетер жарашпайт!+
11 Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат+, анын көркү айыпка маани бербегенинде+.
12 Падышанын каары жалдуу жаш арстандын арылдаганындай+, ал эми анын жактыруусу чөп үстүндөгү шүүдүрүмдөй+.
13 Акылсыз уул — атасынын шору+, ал эми ажаан аял, тешик чатырга окшоп, кишини сыртка качырат+.
14 Аталардан калган мурас — үй менен байлык+, ал эми эстүү аял Жахабадан+.
15 Жалкоолук катуу уйкуга салат+, шалаакы жан ачка калат+.
16 Осуятты сактаган жанын сактайт+, ал эми өз жолуна кайдыгер караган өлүм жазасына тартылат+.
17 Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет+, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат+.
18 Үмүт барда уулуңду жазала+, жаның анын өлүмүн тилебесин+.
19 Ачуусу чукул адам жаза пул төлөйт+. Аны куткарсаң, кайра-кайра ошентесиң+.
20 Келечекте акылман болуш үчүн+, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал+.
21 Адамдын жүрөгүндө көп ой-максат бар+, бирок Жахаба эмнени ниет кылса, ошол орундалат+.
22 Адамдагы баалуу сапат — анын мээримдүүлүгү+. Жакыр киши жалганчыдан артык+.
23 Жахабадан коркуу өмүргө алып барат+. Ким андан корксо, тынч уктайт+, аны жамандык баспайт+.
24 Жалкоо колун табакка салат+, бирок кайра оозуна жеткире албайт+.
25 Тажрыйбасыз баамчыл болушу үчүн+, шылдыңчылды ур+; түшүнүгү бар киши билимге ээ болушу үчүн, аны ашкереле+.
26 Уяты жок, жүзү кара уул+ атасына жаман мамиле кылат, энесин кууп чыгат+.
27 Уулум, акыл-насаатты укпай койсоң, билим камтылган сөздөрдөн четтейсиң+.
28 Бузуку күбө адилеттүүлүктү мазактайт+, ыймансыздардын оозу кыянаттыкты жутат+.
29 Шылдыңчылдарга жаза+, акылсыздардын жонуна токмок даяр+.
20 Шарап шылдыңчыл+, күчтүү ичимдик чатакчыл+, аларга берилип жолдон чыккандардын акылы жок+.
2 Падышанын айбаты жалдуу жаш арстандын арылдаганындай+. Анын каарына калгандар өз жанына каршы күнөө кылышат+.
3 Талаш-тартыштан оолак болуу даңк алып келет+. Ал эми акылсыз адам талашка жакын+.
4 Жалкоо суукта жер айдабайт да+, оруп-жыйноо маалында тилемчилейт, бирок эч нерсе таппайт+.
5 Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар+, кыраакы киши аларды сузуп алат+.
6 Көптөр өз мээримдүүлүгүн жар салат+, бирок ишенимдүү адамды ким таба алат?+
7 Адил адам кынтыксыз+; анын артында калган балдары бактылуу+.
8 Падыша сот тактысында отурат+, көзү менен жамандыктын баарын кубалайт+.
9 «Мен жүрөгүмдү тазаладым+, күнөөмдөн арылдым»,— деп ким айта алат?+
10 Таразанын эки башка ташы да, эки түрлүү өлчөгүч да+ Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү+.
11 Атүгүл жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт+.
12 Уккан кулакты да, көргөн көздү да Жахаба жараткан+.
13 Жакыр болбоюн десең, уйкуну жакшы көрбө+. Көз ирмебе, ошондо нанды тоё жейсиң+.
14 Кардар: «Жаман, жаман»,— дейт да, жолуна түшөт+. Мындай баскандан кийин мактанат+.
15 Алтын бар, сансыз маржан да бар, бирок билимге толгон ооз баа жеткис идиштей+.
16 Башка бирөө үчүн кепил болгондун кийимин алып кал+, бөтөн жерлик аял менен мамилелешкенден күрөө ал+.
17 Алдамчылык менен тапкан наны адамга таттуу+ сезилет, бирок кийин анын оозу шагылга толот+.
18 Ой-максат кеңеш менен ишке ашат+; согуш жүргүзгөндө жакшы жетекчилик изде+.
19 Бирөөгө жалаа жаап жүргөн киши купуя сырды ачат+; өз оозуна азгырылган адам менен байланышпа+.
20 Ата-энесин каргагандын+ чырагы күүгүм киргенде өчөт+.
21 Башында ач көздүк менен алынган мураска+ кийин бата тийбейт+.
22 «Жамандык үчүн өч алам»,— дебе+. Жахабага үмүт арт+, ошондо ал сени сактайт+.
23 Таразанын эки түрлүү ташы Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, туура эмес тараза жакшы эмес+.
24 Адамдын кадамын Жахаба багыттайт+. Пенде өз жолун кантип баамдай алат?+
25 «Бул ыйык!»+ — деп ашыга кыйкырып коюп, берген убадалары+ жөнүндө кийин ойлонуу — адам үчүн тузак+.
26 Акылман падыша бузукуларды сапырат+, аларды дөңгөлөк менен тебелетет+.
27 Адамдын деми+ — Жахабанын ички дүйнөнү изилдеген чырагы+.
28 Мээримдүүлүк менен чындык падышаны коргойт+, мээримдүүлүгү менен ал өз тактысын бекемдейт+.
29 Жаштардын көркү — алардын күчү+, ал эми карылардын даңкы — буурул чач+.
30 Таяктан калган жараат кыянаттыктан арылтат+, сокку ички дүйнөнү тазалайт+.
21 Падышанын жүрөгү, суу агымдарындай, Жахабанын колунда+. Ал аны каалаган жагына бурат+.
2 Адамдын жолдорунун баары өзүнө түз көрүнөт+, бирок жүрөктөрдү Жахаба таразалайт+.
3 Курмандык чалууга караганда, адилдик менен акыйкаттыкты сактоо Жахабага көбүрөөк жагат+.
4 Менменсинген көздөр менен текебер жүрөк+ — ыймансыздардын шамы, бирок күнөө+.
5 Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет+, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот+.
6 Жалган тил менен табылган байлык бат тараган буу сымал+; ага умтулгандар өздөрүнө өлүм издейт+.
7 Ыймансыздардын талап-тоноосу өздөрүн сапырып кетет+, анткени алар адилеттик кылууну каалашпайт+.
8 Чоочун кишинин жолу кыйшык+, ал эми ак жашаган киши чынчылдык менен иш кылат+.
9 Ажаан аял менен бир үйдө жашагандан көрө+, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык+.
10 Ыймансыздын жаны жамандык кылууну көксөйт+; анын көз алдында досу ырайым таппайт+.
11 Шылдыңчылдан жаза пул алынганда, тажрыйбасыз акылман болот+. Ал эми акылман түшүнүккө ээ болгондо, билими артат+.
12 Адил Кудай ыймансыздын үйүн байкап турат+. Ал ыймансыздарды кулатканда, алардын башына кырсык түшөт+.
13 Ким бей-бечаранын муң-зарын укпай, кулагын жаап алса+, ал өзү да зарлайт, бирок эч ким укпайт+.
14 Жашыруун берилген белек ачууну+, жең ичинен берилген пара+ катуу каарды басат.
15 Адилеттүү иш кылуу — адил адам үчүн кубаныч+, ал эми кыянаттык кылгандар үрөй учурарлык нерсеге кабылышат+.
16 Түшүнүк жолунан адашкан адам+ күчсүз өлүктөргө кошулат+.
17 Шаан-шөкөттү жакшы көргөн жакырданат+, шарап менен майды жакшы көргөн байыбайт+.
18 Адил адамдын кунуна ыймансыз+, адилеттүүлөрдүн кунуна ишенимсиз берилет+.
19 Азап тартып, ажаан аял менен жашагандан көрө, ээн талаада жашаган артык+.
20 Көңүл каалаган кенч менен май акылмандын турак жайында+. Ал эми акылсыз баарын жеп жок кылат+.
21 Ким адилдик менен мээримдүүлүккө умтулса+, ал өмүргө, адилдикке, даңкка жетет+.
22 Акылдуу адам күчтүүлөрдүн шаарынын дубалына чыгып, алардын таянган күчүн ойрон кылат+.
23 Оозу менен тилин тыя билген өз жанын балээден сактайт+.
24 Ачуусу менен менменсинип иш кылгандын аты — менменсинген, кекирейген көйрөң+.
25 Жалкоонун колу иштегиси келбегендиктен, аны өз каалоосу өлтүрөт+. 26 Анткени ал эртеден кечке каалай берет. Ал эми адил адам болгонун берет, аянбайт+.
27 Ыймансыздардын курмандыгы жийиркеничтүү+. Аны бузулган адам чалса, ого бетер жийиркеничтүү+.
28 Жалган күбө жок болот+, ал эми уга билген адам түбөлүк сүйлөйт+.
29 Ыймансыздын бети калың+, ал эми чынчыл өз жолдорун бекемдейт+.
30 Жахабага каршы акылмандык да, кыраакылык да, кеңеш да жок+.
31 Атты согуш күнүнө даярдашат+, бирок куткаруу Жахабадан+.
22 Жакшы ат көп байлыктан артык+, урмат-сый күмүш менен алтындан артык+.
2 Бай менен кедейдин бир окшош жагы бар+: экөөнү тең Жахаба жараткан+.
3 Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат+, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат+.
4 Момундуктун жана Жахабадан коркуунун натыйжасы — байлык, даңк жана өмүр+.
5 Бузукунун жолунда — тикенек менен тузак+; ким өз жанын коргогусу келсе, алардан оолак болот+.
6 Баланы туура жолго сал*+. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт+.
7 Бай адам кедейлерди башкарат+, карыздар — карыз бергендин кулу+.
8 Ыймансыздык сепкен киши жамандык оруп алат+, анын каарынын таягы жок болот+.
9 Көзү кайрымдуу адам бата алат, анткени ал тамак-ашын кедей менен бөлүшөт+.
10 Шылдыңчылды кууп жибер, ошондо чыр-чатак басылат, талаш-тартыш токтойт, маскаралык жок болот+.
11 Ким жүрөктүн тазалыгын жакшы көрсө+, сүйлөгөн сөзү жагымдуу болсо, ага падыша жолдош болот+.
12 Жахабанын көзү билимди сактайт+, ал эми митаамдын сөздөрүн ал жокко чыгарат+.
13 Жалкоо+: «Эшикте арстан жүрөт!+ Мени аянттан жара тартып кетет!» — дейт.
14 Чоочун аялдын оозу — терең аң+. Ким Жахабанын алдында айыптуу болсо, ал ошол аңга түшөт+.
15 Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган+, бирок тарбия чыбыгы аны акылсыздыктан арылтат+.
16 Ким байыш үчүн бей-бечараны алдаса+ жана байга белек берип жүрсө, ал жакырданат+.
17 Кулагыңды төшөп, акылмандардын сөздөрүн ук+, билимимди чын жүрөктөн кабыл ал+. 18 Алардын жүрөгүңдө сакталганы+, ар дайым оозуңда болгону жанга жагымдуу+.
19 Жахабага таянышың үчүн+, бүгүн сага билим бердим.
20 Кеңеш айтып, билим берип, сага мурда да жазган эмес белем?+ 21 Мен сага акыйкат сөздөрдүн калетсиздигин көрсөтүү үчүн, сени жөнөткөнгө чындык сөздөрүн айтып барышың үчүн жазгам+.
22 Бей-бечараны тонобо, анткени ал — бей-бечара+. Дарбазанын алдында мусапырга кысым көрсөтпө+. 23 Анткени Жахаба болушуп+, аларды тоногондордун жанын алат+.
24 Ачуусу чукул менен достошпо+, тез каарданган менен байланышпа. 25 Болбосо анын жолдорун үйрөнүп, өз жаныңды тузакка түшүрөсүң+.
26 Кол алышып+, бирөөнүн карызы үчүн кепилдикке өткөндөрдүн арасында болбо+. 27 Төлөп бергенге эч нерсең жок болсо, астыңдагы төшөгүңдү алдырып эмне кыласың?
28 Ата-бабаларың орноткон илгерки чекти жылдырба+.
29 Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын эмес, падышалардын алдында турат+.
23 Падыша менен бир дасторконго отуруп калсаң, алдыңдагынын баарын байкап отур+. 2 Эгер тамаксоо жан болсоң, кекиртегиңе бычак така+. 3 Алданып калбашың үчүн анын даамдуу тамак-ашына сугуңду артпа+.
4 Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа+. Өз түшүнүгүңө таянба+. 5 Жок болуп кете турган байлыкты эмнеге телмире карайсың?+ Ал бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга учуп кетет+.
6 Сараңдын тамагын жебе+, анын даамдуу тамак-ашына сугуңду артпа+. 7 Анткени ал ичинен баарын эсептеп турат+. Сага: «Же, ич»,— дегени менен, жүрөгү сени менен эмес+. 8 Бир кесим жесең да, аны кайра кусасың, айткан жылуу сөздөрүң да текке кетет+.
9 Акылсыздын кулагына сүйлөбө+, анткени ал акылдуу сөздөрүңдү баркка албайт+.
10 Илгерки чекти жылдырба+, жетимдердин* талаасына кирбе+. 11 Анткени алардын Куткаруучусу* күчтүү. Ал аларга болушуп, сага каршы чыгат+.
12 Жүрөгүңдү акыл-насаатка бур, кулагыңды билим камтылган сөздөргө төшө+.
13 Баланы жазасыз калтырба+. Чыбык менен сабасаң, өлүп калбайт. 14 Жанын көрдөн* куткарыш үчүн аны чыбык менен жазалашың керек+.
15 Уулум, сенин жүрөгүң акылдуу болсо+, менин да жүрөгүм кубанат+. 16 Туура сөздөрдү сүйлөгөнүңдө, жан дүйнөм* шаттанат+.
17 Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын+, күнү бою Жахабадан коркуп турсун+. 18 Ошондо келечегиң кең болот да+, үмүтүң орундалат+.
19 Уулум, кулак салып, акылдуу бол, жүрөгүңдү туура жолго бур+.
20 Шарапка мас болгондордун+, этке ашыра тойгондордун арасында болбо+. 21 Анткени аракеч менен соргок жакырланат+, уйкучулук жыртык кийим кийгизет+.
22 Сага өмүр берген атаңдын тилин ук+, энеңди карып калганы үчүн эле баркка албай койбо+. 23 Чындыкты+, ошондой эле акылмандыкты, акыл-насаатты жана түшүнүктү+ сатып ал, аларды кайра сатпа. 24 Адил адамдын атасы сүйүнөт+, акылдууга өмүр берген да кубанат+. 25 Ата-энең кубанат, сени төрөгөн аял сүйүнөт+.
26 Уулум, жүрөгүңдү мага бер, көздөрүң жолдоруман ырахат алсын+. 27 Анткени сойку — терең аң+, бөтөн жерлик аял — тар кудук. 28 Ал, каракчыдай болуп, буктурмада отурат+, эркектердин арасында ишенимсиздердин санын көбөйтөт+.
29 Кайгырган ким? Тынчы кеткен ким? Чатакташкан ким?+ Түйшүк тарткан ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталаган ким? 30 Алар — керээли-кечке шарап ичкендер+, күчтүү шарап издегендер+. 31 Шараптын кызарганына, чөйчөктө жылтылдаганына караба, анын жагымдуу даамына кызыкпа. 32 Акырында ал жыландай чагып алат+, кара чаар жыландай уу чачат+. 33 Көзүңө кызыктай нерселер көрүнүп, жүрөгүң бузуку нерселерди сүйлөйт+. 34 Ошондо деңиздин ортосунда, кемеде жаткандай болосуң+. 35 «Мени урушту, бирок этим ооруган жок, сабашты, бирок сезген жокмун+. Кайрадан шарап издеш үчүн деги качан ойгоном?» — дейсиң+.
24 Жаман кишилерге көз артпа+, аларга кошулууну эңсебе+. 2 Анткени алардын жүрөгү талап-тоноону ойлойт, оозу башкаларга жамандык кылууну сүйлөйт+.
3 Үй акылмандык менен курулат+, кыраакылык менен бекемделет+. 4 Бөлмөлөр ар кандай баалуу, сонун буюмдарга билим менен толтурулат+.
5 Күчүн акылмандык менен колдонгон киши күчтүү+, билими бар киши күч-кубатын чыңдайт+. 6 Согушту жакшы жетекчилик астында жүргүз+; кеңешчилердин көптүгү куткаруу алып келет+.
7 Акылсыз үчүн чыныгы акылмандык өтө бийик+; ал дарбаза алдында сүйлөбөйт.
8 Жамандык кылууну ойлонуштурган кишини жамандык ойлоп табууга маш дешет+.
9 Акылсыздыктан келип чыккан уятсыз жүрүм-турум — күнөө+; шылдыңчыл — башкалар үчүн жийиркенич+.
10 Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө+, алдан-күчтөн таясың.
11 Өлүмгө жетеленип бараткандарды куткар, өлүм алдында тургандарды сактап кал+. 12 «Биз муну билген эмеспиз»,— деп айта турган болсоң+, жүрөктөрдү таразалоочу байкабай коёбу+, жаныңа көз салуучу билбей коёбу?+ Ал адамга иштерине жараша тиешесин бербей коймок беле?+
13 Уулум, бал же, себеби ал жакшы. Аарынын уюгунан алынган таттуу бал таңдайыңдан кетпесин+. 14 Ошол сыяктуу эле, өз жаның үчүн акылмандыкты таанып-бил+. Аны тапсаң, келечегиң кең болот, үмүтүң да орундалат+.
15 Ыймансыздай болуп, адил адамдын үйүнө каршы арамдык ойлобо+, анын турак жайын бүлдүрбө+. 16 Анткени адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат+. Ал эми ыймансыздар алаамат учурунда кулайт+.
17 Душманың куласа, кубанба. Ал мүдүрүлсө, жүрөгүң сүйүнбөсүн+. 18 Болбосо Жахаба көрөт да, аныңды кара санатайлык катары эсептеп, душманыңдан өз каарын кайт кылат+.
19 Жамандык кылгандарга кыжырланба, ыймансыздарга көз артпа+. 20 Себеби жаман адамдардын келечеги жок+, ыймансыздардын чырагы өчөт+.
21 Уулум, Жахабадан жана падышадан корк+. Козголоңчулардын арасында болбо+. 22 Анткени аларды күтүлбөгөн жерден кырсык басат+. Ошондо козголоңчулардын жок болгону кимге байкалат?+
23 Ошондой эле акылмандарга+: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес»,— деп да айтылган+.
24 Ыймансызга: «Сен адилсиң»+,— деген кишини элдер каргайт, уруулар айыптайт. 25 Ал эми аны ашкерелегендер ийгиликке жетип+, бата алышат+. 26 Ким ачык жооп берсе, ал беттен өбөт+.
27 Сырттагы жумуштарыңды аткар, талаадагы иштериңди бүтүр+. Андан соң үйүңдү кур.
28 Негиз жок болсо, жакыныңа каршы күбөгө өтпө+, болбосо тилиңди акылсыздык менен колдонгон болосуң+. 29 «Ал мага кандай мамиле кылса, мен да ага ошондой мамиле кылам+. Ар бирине өз ишине жараша тиешесин берем»,— дебе+.
30 Мен жалкоонун талаасынын четинен+, акылсыздын* жүзүмзарынын жанынан өтүп бараткан элем+. 31 Карасам, баарын отоо чөп басып+, чалкан каптап кетиптир. Таш дубалы да урап калыптыр+.
32 Ошону көрүп ойлондум да+, өзүмө мындай сабак* алдым+: 33 дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң, колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң+, 34 жакырлык каракчыдай болуп, жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет+.
25 Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын+ кишилери көчүрүп жазган Сулаймандын накыл сөздөрү+.
2 Кудайдын даңкы — ишти жашыруун сактоо+, ал эми падышалардын даңкы — ишти изилдөө+.
3 Асман бийиктиги+, жер тереңдиги+ жана падышалардын жүрөгү изилденгис+.
4 Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо чылк күмүш чыгат+.
5 Падышанын жанындагы ыймансызды кетир+, ошондо анын тактысы адилдик менен бекемделет+.
6 Падышанын алдында өзүңө урмат-сый ыйгарба+, улуу адамдардын ордуна турба+. 7 Өзүң тааныган аттуу-баштуу кишинин алдында кемсинтилгениңден көрө+, падышанын сага: «Бери өт»,— деп айтканы жакшы+.
8 Соттошууга шашпа. Болбосо, акыр-аягы, жакының басырынтса, эмне кыласың?+ 9 Жакының менен талашыңды териштир+, бирок бирөөнүн сырын ачпа+. 10 Болбосо уккан киши сени уятка калтырат да, жамандап айткан сөздөрүңдү артка кайрый албай каласың.
11 Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай+.
12 Алтын сөйкө менен таза алтындан жасалган жасалга кандай болсо, акылдуу ашкерелөөчү да уккан кулакка ошондой+.
13 Ишенимдүү кабарчы аны жибергендер үчүн оруу-жыюу маалындагы кардын салкын илебиндей+. Ал мырзаларынын жанын кубаттайт+.
14 Бербеген белеги менен мактанган киши жаансыз булут менен шамалдай+.
15 Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат+.
16 Бал таптыңбы?+ Канча керек болсо, ошончо же; ашыра тоюп алсаң, кусасың+.
17 Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе, болбосо ал жадап, сени жек көрүп калышы мүмкүн.
18 Жакынына каршы күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши союлдай, кылычтай, курч жебедей+.
19 Сынган тиш менен аксаган бут кандай болсо, алаамат күнү ишенимсиздик көрсөткөн кишиге таянуу да ошондой+.
20 Күн суукта кийимин чечкен киши шакарга кычкыл шарап куйганга, кайгылуу жүрөккө ыр ырдаганга окшош+.
21 Сени жек көргөн бирөө ачка болсо, жегенге нан бер. Суусап турса, ичкенге суу бер+. 22 Ошондо анын башына чок үйөсүң+, Жахаба болсо сага тиешеңди берет+.
23 Түндүктөн соккон шамал, толгоо тартып төрөгөндөй, нөшөр төктүрөт+, ал эми жашыруун сырды ачкан тил айыпталат+.
24 Ажаан аял менен бир үйдө жашагандан көрө, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык+.
25 Чарчап-чаалыккан жанга муздак суу кандай болсо+, алыскы жерден келген жакшы кабар да ошондой+.
26 Ыймансыздын алдында адил адамдын олку-солку болгону булактын ылайланганына, кудуктун бузулганына барабар+.
27 Балды өтө көп жеген жакшы эмес+. Өздөрүнө даңк издеген адамдардын даңкы да даңкпы?+
28 Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой+.
26 Жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай+, даңк акылсызга жарашпайт+.
2 Чымчык бекеринен уча качпагандай, чабалекей жөн жерден учуп кетпегендей, каргыш да себепсиз тийбейт+.
3 Камчы — атка+, ооздук+ — эшекке, ал эми союл — акылсыздардын жонуна+.
4 Акылсызга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ошондой болуп каласың+.
5 Акылсыз өзүн акылдуу сезип калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер+.
6 Ишти акылсыздын колуна тапшырган киши өз бутун мунжу кылып, өзүнө зыян келтирген кишидей+.
7 Аксактын буту суу ташыйбы? Анда акылсыздардын да оозунда накыл сөз бар+.
8 Акылсызды даңктаган киши үйүлгөн таштын арасына таш көмгөн кишидей+.
9 Акылсыздардын оозундагы накыл сөз мастын колундагы тикенектүү өсүмдүктөй+.
10 Акылсызды же өтүп бараткан бирөөнү жалдаган киши ылгабай баарын ата берген жаачыдай+.
11 Ит кайра барып, кусундусун жегендей эле, акылсыз акылсыздыгын кайталайт+.
12 Өзүн акылдуу эсептеген кишини көрдүң беле?+ Ага караганда акылсыздын оңолоруна көбүрөөк үмүттөнсө болот+.
13 Жалкоо: «Жолдо жаш арстан жүрөт! Аянтта арстан жүрөт!» — дейт+.
14 Эшик топсосунда айланат, жалкоо төшөгүндө оонайт+.
15 Жалкоо колун табакка салат, бирок ушунчалык чарчагандыктан, кайра оозуна жеткире албайт+.
16 Жалкоо өзүн жүйөлүү жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт+.
17 Өтүп баратып башкалардын чатагына кийлигишүү итти кулактан алганга барабар+.
18 Оттуу жебелерди+, өлүм найзасын ыргыткан кем акыл кандай болсо, 19 жакынын алдап коюп, анан: «Тамашалап эле койдум»,— деп анткорлонгон да ошондой+.
20 Отун жок жерде от өчөт, жалаачы жок жерде уруш басылат+.
21 Көмүр — чокко, жыгач — отко, урушчаак киши — чатак чыгарууга+.
22 Жалаачынын сөзү даамдуу тамактай, ал адамдын ичине сиңет+.
23 Жүрөгү бузуктун жалындуу сөзү күмүш менен жалатылган карапанын сыныгындай+.
24 Бирөөнү жек көргөн киши өзүн тили менен таанылгыс кылат, бирок ичинен алдоону ойлойт+. 25 Жумшак сүйлөсө да+, ага ишенбе+. Анткени анын жүрөгүндө жети жийиркеничтүү нерсе бар+. 26 Анын жек көрүүсүн алдамчылык жашырып турса да, кыянаттыгы жыйналышта ашкереленет+.
27 Ор казган киши ага өзү түшөт+, таш тоголоткон киши өзү анын астында калат+.
28 Калп сүйлөгөн тил өзү жаралагандарды жек көрөт+, кошоматчы ооз ойрон кылат+.
27 Эртеңки күн менен мактанба+, анткени эртең эмне болорун билбейсиң+.
2 Сени өз оозуң эмес, башка бирөө, өз тилиң эмес, бөтөн бирөө мактасын+.
3 Таш оор, кум салмактуу+, бирок акылсыздын тарттырган азабы экөөнөн тең оор+.
4 Каар катаал, жаал ташкын суудай+, ал эми кызганычка ким туруштук бере алат?+
5 Жашыруун сүйүүгө караганда ачык ашкерелөө жакшы+.
6 Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн+, ал эми жек көргөн адам жалдыратып жатып боорукердик көрсөтөт*+.
7 Карды ток жан тартылбаган балды тебелейт, ал эми ачка жанга ачуунун баары таттуу+.
8 Өз жерин калтырып кеткен киши+ өз уясын таштап кеткен канаттуудай+.
9 Май менен жыпарзат+ жүрөктү кубантат, жан-дили менен кеңеш берген дос да ошондой+.
10 Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба; башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө кирбе. Алыстагы бир туугандан жаныңдагы кошунаң артык+.
11 Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант+. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем+.
12 Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат+, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат+.
13 Башка бирөө үчүн кепил болгондун кийимин алып кал+, бөтөн жерлик аял менен мамилелешкенден күрөө ал+.
14 Ким жакынын таң заардан катуу үн менен алкаса, аны каргап жатат деп ойлошот+.
15 Жаан тынбай жааган күнү кишини сыртка качырган тешик чатыр менен ажаан аял бирдей+. 16 Андай аялды жашырган шамалды жашырганга, суюк майды оң колдоп уучтаганга барабар.
17 Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат+.
18 Анжир дарагын кайтарган анын мөмөсүн жейт+, мырзасын коргогон урмат-сыйга татыйт+.
19 Суу адамдын жүзүн чагылдыргандай, бирөөнүн жүрөгү башканын жүрөгүн чагылдырат.
20 Көр* менен кыйроо жайы+ тойбойт+, адамдын көзү да тойбойт+.
21 Эритүүчү казан — күмүшкө+, очок — алтынга+, ал эми мактоо адамды сынайт+.
22 Акылсызды сокуга салып, майдаланган данга кошуп, сокбилек менен жанчсаң да, андан акылсыздыгы ажырабайт+.
23 Өз малыңды жакшы бил, оторуңа дитиңди кой+. 24 Анткени байлык түбөлүктүү эмес+, таажы да муундан муунга өтпөйт.
25 Көк чөп жок болуп, жаңы чөп чыгат, анан тоонун чөбү жыйналат+. 26 Козу кочкорлоруң кийимге+, эчкилериң жердин наркына жарайт. 27 Эчкинин сүтү өзүңдүн да, үйүңдөгүлөрдүн да тамак-ашына, күңдөрүңдүн да жашоосуна жетет+.
28 Ыймансыздар артынан эч ким кубалабаса деле качышат+, ал эми адил адамдар жаш арстандай тайманбас+.
2 Өлкөдө мыйзам бузулганда, көп төрө алмашат+, ал эми иш билги жана кыраакы адам жардам бергенде, төрө узакка бийлик кылат+.
3 Баарын алып кетип, азыксыз калтырган жамгыр кандай болсо, бей-бечараларды алдаган жакыр да ошондой+.
4 Мыйзамдан четтегендер ыймансызды макташат+, ал эми мыйзамды сактагандар аларды жактырышпайт+.
5 Кыянаттык кылгандар адилеттикти түшүнбөйт, ал эми Жахабаны издегендер баарын түшүнөт+.
6 Кыйшык жолдо жүргөн байга караганда кынтыксыз жүргөн кедей жакшы+.
7 Түшүнүгү бар уул мыйзамды сактайт+, ал эми соргоктор менен достошкон уул атасын уятка калтырат+.
8 Ким үстөк алып, өз кызыкчылыгын көздөп мүлк топтосо+, ал аны бей-бечараларга кайрымдуулук кылган бирөө үчүн топтойт+.
9 Ким мыйзамды уккусу келбей кулагын жапса+, анда анын тиленүүсү да жийиркеничтүү+.
10 Чынчыл адамдарды жаман жолго салган+ киши өз оруна өзү түшөт+, ал эми кынтыксыз адамдар жакшылыкты мурасташат+.
11 Бай киши өзүн акылман эсептейт+, бирок кыраакы кедей анын чынында кандай экенин билет+.
12 Адил адамдардын шаттанганы кандай сонун!+ Ал эми ыймансыздар бийликке келгенде, адам өзүн таанылгыс кылат+.
13 Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт+, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат+.
14 Кудайдан дайыма корккон адам бактылуу+, ал эми жүрөгүн катаалданткан адам кырсыкка кабылат+.
15 Карапайым элге үстөмдүк кылган ыймансыз башкаруучу арылдаган арстандай, атырылган аюудай+.
16 Жол башчыга кыраакылык жетишпесе, ал ар кандай митаамдыкка барат+, ал эми арам оокатты жек көргөн+ өз өмүрүн узартат.
17 Кимдир бирөөнүн* канына забын болгон киши көргө түшкөнгө чейин качып жүрөт+. Аны тим койгула.
18 Кынтыксыз жүргөн куткарылат+, ал эми түз жолдо жүрбөгөн күтүлбөгөн жерден кулайт+.
19 Жерин иштеткен нанга тоёт+, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн жокчулукка тоёт+.
20 Ишенимдүүлүк менен иш кылган адам көп бата алат+, ал эми баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат+.
21 Бет карамалык кылуу жакшы эмес+, адамдын бир кесим нан үчүн кылмышка барганы да жакшы эмес.
22 Ач көз киши байлыктын артынан сая түшөт+, бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт.
23 Тили менен кошоматчылык кылган кишиге караганда бетке айтып ашкерелеген кишини+, акыр-аягы, көбүрөөк жакшы көрүшөт.
24 Ким ата-энесин тоноп+: «Бул кылмыш эмес»,— десе+, ал — бүлдүргүчтүн шериги.
25 Текебер уруш чыгарат+, ал эми Жахабага таянган гүлдөйт+.
26 Ким өз жүрөгүнө таянса, ал акылсыз+, ал эми ким акылмандык менен жүрсө, ал аман калат+.
27 Жакырга кайрылышкан кем болбойт+, ал эми андан көзүн ала качкан көп каргышка калат+.
28 Ыймансыздар бийликке келгенде, адам жашынат+, ал эми алар жок болгондо, адил адамдар көбөйөт+.
29 Кайра-кайра ашкереленгенине карабай+ тоң моюндук кылган киши+ күтүлбөгөн жерден ойрон болот, кайра турбайт+.
2 Адил адамдар көбөйгөндө, эл кубанат+, ал эми ыймансыз бийлик жүргүзгөндө, эл үшкүрүнөт+.
3 Акылмандыкты жакшы көргөн адам атасын кубантат+, ал эми сойкулар менен мамилелешкен киши баалуу нерселерин бүлдүрөт+.
4 Падыша өлкөсүн адилеттүүлүк менен бекемдейт+, паракор киши бүлгүнгө учуратат+.
5 Досуңа кошомат кылганың+ — анын бут алдына тор жайганың+.
6 Жаман кишинин кылмышы өзүн тузакка түшүрөт+, ал эми адил адам кубанып-шаттанат+.
7 Адил адам бей-бечаралардын доосун билет+. Ал эми ыймансыз аны билгиси келбейт+.
8 Ооз көптүрө сүйлөгөндөр шаарга от коёт+, акылмандар болсо каарды кайт кылат+.
9 Акылдуу киши акылсыз менен соттошкондо, акылсыз албууттанат, күлөт, ортодогу тынчтык бузулат+.
10 Канкорлор кынтыксыздарды жек көрүшөт+, чынчылдар болсо ар бир жандын жыргалчылыгын көздөйт+.
11 Акылсыз бүт ачуусун* чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат+.
12 Башкаруучу жалган кепке кулак төшөсө, кол алдындагыларынын баары ыймансыз болот+.
13 Жакыр менен кысымчыл кишинин бир окшош жагы бар+: экөөнүн тең көзүнө Жахаба жарык берет+.
14 Падыша мусапырлардын ишин чындык боюнча териштирсе+, тактысы ар дайым бекем болот+.
15 Чыбык жана оңдоп-түзөө акылман кылат+. Ал эми өз эркине коюлган бала энесин уятка калтырат+.
16 Ыймансыздар көбөйгөндө, кылмыштуулук көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кулаганын көрөт+.
17 Уулуңду жазала, ошондо ал сага тынчтык берип, жаныңды жыргатат+.
18 Кудайдын жетекчилиги жок жерде эл ээ-жаа бербейт+, ал эми мыйзамды сактагандар бактылуу+.
19 Кулду сөз менен эле тарбиялоо жетишсиз+, анткени ал түшүнүп турса да, көңүл бурбайт+.
20 Ойлонбой сүйлөгөн кишини көрдүң беле?+ Ага караганда акылсыздын оңолоруна көбүрөөк үмүттөнсө болот+.
21 Кулду жаш чагынан эркелетсең, кийин жакшылыгыңды баалабай калат.
22 Ачууга алдырган киши уруш чыгарат+, каарданууга жакын киши көп күнөө кылат+.
23 Адамды бой көтөрүүчүлүгү басынтат+, ал эми момун киши даңкка ээ болот+.
24 Ууруга шерик болгон өз жанын жек көрөт+. Ал каргыш аралаш ант укса да, жашырып коёт+.
25 Адамдардан коркуу тузак коёт+, ал эми ким Жахабага таянса, ал коопсуз болот+.
26 Башкаруучунун жүзүн көрүүгө көптөр умтулат+, бирок өкүмдү Жахаба чыгарат+.
27 Адилетсиз киши адил адамдар үчүн жийиркеничтүү+, ал эми түз жолдо жүргөн киши ыймансыздар үчүн жийиркеничтүү+.
30 Жакенин уулу Агурдун сөздөрү, нуска кеби+. Анын Итиелге, Итиел менен Укалга айткан сөздөрү.
2 Мен баарынан акылсызмын+, адамдарда бар түшүнүк менде жок+; 3 мен акылмандыкка үйрөнгөн жокмун+, менде Баарынан Ыйыктын билими жок+.
4 Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн ким бар?+ Шамалды кош уучуна чогулткан ким бар?+ Сууну чапанына түйүп алган ким бар?+ Жердин булуң-бурчун ким жараткан?+ Эгер билсең, анын аты ким?+ Уулунун аты ким?+
5 Кудайдын ар бир сөзү таза+. Ал — Өзүнөн баш маана издегендерге калкан+. 6 Ал сени ашкерелебеши үчүн, калпычы болуп калбашың үчүн+, анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо+.
7 Сенден эки нерсени тилейм+, көзүм тирүү кезде орундата көр+: 8 менден жалганчылык менен калп сөздү алыс кыл+, мени жакыр да, бай да кыла көрбө+. Ырыскымды бере көр+. 9 Ашыра тоюп алып, сенден баш тартып+: «Жахаба ким экен?!» — деп айтпагыдай болоюн+ же жакырданып кетип, уурулук кылып, Кудайымдын атына тил тийгизбегидей болоюн+.
10 Каргышка калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн+, кулга мырзасынын алдында жалаа жаппа+.
11 Атасын да каргаган, энесин да алкабаган муун бар+.
12 Заң-заарасынан тазаланбай туруп+, өзүн таза эсептеген муун бар+.
13 Менменсинген, бой көтөргөн муун бар+.
14 Жер жүзүндөгү бей-бечараларды, адамзат тукумундагы кембагалдарды жеп-жутуу үчүн+, тиштери кылыч+, жаактары канжар болгон муун бар.
15 Сүлүк курттун «келе, келе!» деп кыйкырган эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе, «жетет!» дебеген төрт нерсе бар: 16 көр*+ менен тукумсуз жатын+, сууга тойбогон жер+ менен «жетет!» дебеген+ от+.
17 Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген+ көздү өзөндүн кузгундары чокуйт, бүркүттүн балапандары жейт.
18 Мен үчүн укмуштуу үч нерсе, түшүнүксүз төрт нерсе бар: 19 асмандагы бүркүттүн жолу, аскадагы жыландын жолу, деңиздин ортосундагы+ кеменин жолу жана кызга бараткан жигиттин жолу+.
20 Бузулган аялдын жолу мындай: ал жеп бүткөн соң, оозун аарчып: «Мен эч кандай жаман иш кылган жокмун»,— дейт+.
21 Үч нерседен жер солкулдайт, ал төрт нерсени көтөрө албайт: 22 кул падышалык кылганда+, акылсыздын тамак-ашы жетиштүү болгондо+, 23 жек көрүндү аял күйөөгө тийгенде+, күң өзүнүн мырзайымынын ордун ээлегенде+.
24 Жер бетинде эң кичинекей, бирок сокур сезими менен акылдуу келген төрт жаныбар бар+: 25 кумурскалар — күч-кубатсыз «эл»+, бирок азыгын жайында камдап алышат+; 26 тоо дамандары*+ — алсыз «эл», бирок үйлөрүн аскага салышат+; 27 чегирткелер+: алардын падышасы жок, бирок баары топ-топко бөлүнүп чыгышат+; 28 геккон кескелдириги+: ал буттары менен жармашып, падышанын ак сарайында да болот.
29 Басканы сонун үчөө, жүрүшү укмуш төртөө бар: 30 арстан — айбанаттардын күчтүүсү, ал эч кимдин алдында кетенчиктебейт+; 31 тайган менен теке, ошондой эле өз элинин аскерлеринин башында турган падыша+.
32 Акылсыздык кылып, бой көтөрсөң+ же ошентүүнү ойлосоң, анда колуң менен оозуңду жап+. 33 Анткени сүттү бышканда май чыгат, мурунга урганда кан чыгат, ал эми ачууга алдырганда чатак чыгат+.
31 Лемуел падышанын сөздөрү, ага энесинин насааттап айткан+ нуска кеби+:
2 Эмне дейин, уулум? Эмне дейин, ичимен чыккан уулум?+ Эмне дейин, убада берип төрөгөн уулум?+
3 Күч-кубатыңды аялдарга кетирбе+, падышаларды ойрон кыла турган жолдорго түшпө+.
4 Шарап ичүү падышаларга жарашпайт, Лемуел, падышаларга жарашпайт. «Күчтүү ичимдик кайда?» — деп айтуу бийлик башындагыларга жарашпайт+. 5 Болбосо алар ичип алып, мыйзамды унутушу же бей-бечаралардын укугун тебелеши мүмкүн+. 6 Күчтүү ичимдикти өлүм алдында жатканга+, шарапты жаны кейигенге бергиле+. 7 Ал ичип, жакырлыгын унутсун, кайгысын эстебесин.
8 Өзүн коргоп сүйлөй албагандарга+, өмүрү кылдын учунда тургандардын баарына болуш+. 9 Сүйлө, адил сот жүргүз, мусапыр менен жакырга болуш+.
א [Алеф]
10 Ким жакшы аял таба алат?+ Андай аял маржандан да баалуу.
ב [Бет]
11 Ага күйөөсү* бүт жүрөгү менен таянат, кирешеси кемибейт+.
ג [Гимел]
12 Ал күйөөсүнө өмүр бою жамандык эмес, жакшылык кылат+.
ד [Далет]
13 Жүн менен зыгыр табат, өз колу менен жан-дилден эмгектенет+.
ה [Хе]
14 Соодагерлердин кемелерине окшоп+, нанын алыстан алып келет.
ו [Вав]
15 Таң ата электе туруп+, үйүндөгүлөрүнө тамак, күңдөрүнө тийиштүүсүн берет+.
ז [Зайин]
16 Жер тандап, сатып алат+. Өз колунун тапканы менен жүзүм тигет+.
ח [Хет]
17 Белин бек бууп, колдорун чыңдайт+.
ט [Тет]
18 Соодасынын жакшы жүрүп жатканын баамдайт, чырагын түндө да өчүрбөйт+.
י [Йод]
19 Колун жип ийирүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат+.
כ [Каф]
20 Колун бей-бечарага ачат, жакырга сунат+.
ל [Ламед]
21 Кар түшкөндө да үйүндөгүлөрү үчүн коркпойт, анткени баары эки сыйрадан кийим кийген+.
מ [Мем]
22 Өзүнө жууркан тигет+, зыгыр кездеме менен кызгылт-көк жүндөн кийим киет+.
נ [Нун]
23 Күйөөсүн+ дарбаза алдында+ өз жергесинин аксакалдары менен отурганда таанышат.
ס [Самех]
24 Ал аял кийим тигип сатат+, жасаган курларын соодагерлерге өткөрөт.
ע [Айин]
25 Күч менен урмат-сый — анын кийими+. Ал эртеңки күнгө жайдары карайт+.
פ [Пе]
26 Оозунда акылмандык+, тилинде мээримдүүлүктүн мыйзамы бар+.
צ [Цаде]
27 Ал үйүндөгүлөрүнүн иштерине көз салат, бекерчиликтин нанын жебейт+.
ק [Коф]
28 Балдары туруп, аны бактылуу дешет+, күйөөсү туруп, аны мактайт+:
ר [Реш]
29 «Жакшы аялдар көп+, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң»+.
ש [Шин]
30 Сүйкүмдүүлүк алдап кетет+, сулуулук өтүп кетет+, ал эми Жахабадан корккон аял мактоого татыктуу+.
ת [Тав]
31 Ага өз колунун жемишинен бергиле+, иштери аны дарбаза алдында даңктасын+.
[Шилтемелер]
Бул жерде «акыл-насаат» деп которулган сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Аны «жаза, билим, оңдоп-түзөө, үндөө, эскертүү, кеңеш» деп да которууга болот.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «киндигиң».
Маржан байыркы убакта абдан баалуу асыл таш болгон.
Сөзмө-сөз: «Чоочун».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кем».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кем».
Нкл 1:2нин шилт-н кара.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемдин».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кем болгону».
Же: «бузуку».
Сөзмө-сөз: «Жүрөгү кем».
Сөзмө-сөз: «руху ишенимдүү».
Сөзмө-сөз: «кожоюнунун».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кем».
Же: «Арам».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «Жүрөгү кем».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемге».
Сөзмө-сөз: «Жүрөгү кем».
Же: «ылайык келген жол менен тарбияла».
Сөзмө-сөз: «атасы жок балдардын».
Же: «кун төлөп сатып алуучусу».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүм».
Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемдин».
Бул сөз «акыл-насаат» деп да которулат. Нкл 1:2нин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «өбөт».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «жандын».
Сөзмө-сөз: «рухун».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Зб 104:18дин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «кожоюну».