Насаатчы*
1 Иерусалимде падыша болгон насаатчынын*+, Дөөтүнүн уулунун, сөздөрү+. 2 «Убаракерчиликтин убаракерчилиги!+ — деди насаатчы.— Убаракерчиликтин убаракерчилиги! Баары убаракерчилик!»+ 3 Күн астында+ кылган бүт мээнетинен адамга эмне пайда?+ 4 Бир муун өтүп+, бир муун келет+, жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат+. 5 Күн чыгып, кайра батат+, анан кайрадан чыга турган жерине шашат+.
6 Шамал түштүккө согуп, анан түндүккө бет алат+. Ал айланып-тегеренип жүрүп+, кайрадан баштагы багытына түшөт.
7 Бардык дарыялар*+ деңизге+ барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт+. Дарыялар кайра агыш үчүн агып чыккан жерине кайтат+. 8 Бардык нерсе чарчатат+, баарын эч ким айтып бүтө албайт. Көз көргөнүнө тойбойт+, кулак укканына тойбойт+. 9 Мурун эмне бар болсо, ал дагы деле бар болот+, мурун эмне жасалса, ал дагы деле жасалат; күн астында жаңы эч нерсе жок+. 10 «Карасаң, бул жаңы экен»,— деп айткыдай нерсе барбы? Ал кылымдар мурун эле бар болгон+, бизге чейинки замандарда эле пайда болгон+. 11 Мурун жашагандар эсте калбайт, кийин жашай тургандар да унутулат+. Аларды андан кийин жашай тургандар да эстешпейт+.
12 Мен, насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом+. 13 Мен асман астында жасалып жаткан иштердин баарынан — Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген азаптуу иштеринен+ — акылмандык издеп+, аны баамдап билүүгө дит койдум. 14 Күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрүп+, бардыгынын убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экенин түшүндүм+.
15 Ийри түздөлбөйт, жок нерсе эсептелбейт+. 16 Мен өз ичимен+: «Акылмандыгым менен Иерусалимде өзүмдөн мурун жашагандардын баарынан ашып түштүм+, жүрөгүм көп акылмандыкты, көп билимди көрдү»+,— дедим. 17 Мен акылмандыкты таанып-билүүгө, акылсыздык менен наадандыкты таанып-билүүгө дит койдум+. Бирок бул да шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экен+. 18 Анткени акылмандык көп жерде кайгы көп+; билимин арттырган киши азабын арттырат+.
2 Мен өз ичимен+: «Кана, көңүл ачып+, жыргалга батып көрөйүнчү»,— дедим+. Бирок анын да убаракерчилик экенин көрдүм. 2 Күлкүнү: «Акылсыздык!» — дедим+. Ал эми көңүл ачуу тууралуу+: «Мындан эмне пайда?» — дедим.
3 Мен денемди шарап менен ырахаттандырып+, акылсыздыкты дит коюп изилдедим+. Ошол эле учурда адам баласынын өмүр бою+ асман астында жасаган иштеринен кандай жакшылык көрөрүн билиш үчүн жүрөгүмдү акылмандык менен башкардым. 4 Мен чоң иштерди бүтүрдүм+: өзүмө үйлөрдү курдум+, жүзүмзарларды отургуздум+; 5 бактарды, сейил бактарды өстүрдүм+, алардын ичине ар кандай мөмөлүү дарактарды отургуздум; 6 токойлорумдагы бак-дарактарды сугарыш үчүн+ көлмөлөрдү жасадым+; 7 кул-күңдөрдү сатып алдым+, арасында үйүмөн төрөлгөндөрү да болду+. Бодо малым да, майда малым да арбын болду. Алардын саны менден мурун Иерусалимде жашагандардыкынан алда канча ашып түштү+. 8 Ошондой эле алтын-күмүш топтодум+, падышалардан жана кол алдымдагы дубандардан да ар кандай дүнүйө-мүлк түштү+. Ырчы кыз-жигиттерди+, адам баласынын жыргалы+ болгон аялзатын күттүм+. 9 Иерусалимде өзүмөн мурун жашагандардын баарынан атактуу, баарынан бай болдум+. Акылмандыгыман да ажыраган жокмун+.
10 Мен көзүм каалаган нерселердин биринен да баш тарткан жокмун+. Жүрөгүмдү көңүл ачуунун эч бир түрүнөн өксүткөн жокмун, анткени жүрөгүм бүт эмгегимден кубаныч тапты+. Бул менин бүт эмгегимден алган үлүшүм болду+. 11 Ошондо колум менен жасаган бардык иштериме, кылган эмгегиме кылчая карап+, бардыгынын убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экенин түшүндүм+. Алардан күн астында эч пайда жок экен+.
12 Анан акылмандыкты+, акылсыздыкты жана наадандыкты байкап көрөйүнчү деп артыма кылчайдым+. Падышадан кийин келе турган пенде эмне кыла алат? Ал деле мурункулар кылып келгенди кылат. 13 Ошондой эле, караңгылыктан жарык артык болгондой+, акылсыздыктан акылмандык артык экенин көрдүм+.
14 Акылман өз жолун даана көрөт*+, ал эми акылсыз коюу караңгылыкта жүрөт+. Бирок баарынын башына бир эле нерсе түшөрүн билдим+. 15 Анан ичимен+: «Акылсыздын башына акыры эмне түшсө+, ал менин да башыма түшөт»,— дедим+. Анда ушунчалык акылдуу болгонумдун кереги эмне?+ Ошондо ичимен: «Бул да убаракерчилик»,— дедим. 16 Анткени акылман, акылсыз сыяктуу эле, түбөлүккө эсте калбайт+. Келечекте баары унутулат. Акылсыз сыяктуу эле, акылман да өлөт+.
17 Ошондуктан өмүрдү жек көрүп кеттим+, анткени күн астында жасалып жаткан иштер мага азаптуудай көрүндү+. Бардыгы убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экен+. 18 Мен күн астында кылган эмгегимдин бардыгын жек көрдүм+, анткени баары менден кийин келе турган адамга калат+. 19 Анын акылдуу же акылсыз болорун ким билет?+ Анткен менен ал менин күн астында мээнет кылып, акылмандык менен тапканымдын баарына ээлик кылат+. Бул да убаракерчилик. 20 Ошондо артыма кылчайып, күн астында кылган эмгегимдин баарынан көңүлүм калды+. 21 Анткени кимдир бирөө акылмандык, билим, иш билгилик менен эмгектенсе да+, тапканынын баары мээнет кылбаган башка бирөөгө калат+. Бул да убаракерчилик, чоң мүшкүл+.
22 Анда адам күн астында кылган бүт эмгегинен, жүрөгүнүн умтулуусунан эмне табат?+ 23 Өмүр бою анын иштери азап, кайгы менен коштолуп+, түн ичинде да жүрөгү тынч албайт+. Бул да убаракерчилик.
24 Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок+. Мунун да чыныгы Кудайдын колунан экенин көрдүм+. 25 Анткени менден артык+ жеп-ичкен ким бар?+
26 Өзүнө жаккан адамга+ чыныгы Кудай акылмандык, билим, кубаныч берет+, ал эми күнөөкөргө, тапкан-жыйганын Кудайга жаккан кишиге бериши үчүн, чогултуу жана топтоо түйшүгүн берет+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+.
3 Бардык нерсенин өз убагы бар+, асман астындагы ар бир иштин өз убагы бар: 2 төрөлө турган убак бар+, өлө турган убак бар+; отургуза турган убак бар+, отургузулганды жула турган убак бар; 3 өлтүрө турган убак бар+, айыктыра турган убак бар+; буза турган убак бар, кура турган убак бар+; 4 ыйлай турган убак бар+, күлө турган убак бар+; боздой турган убак бар+, бийлей турган убак бар+; 5 таштарды ыргыта турган убак бар+, кайра чогулта турган убак бар+; кучакташа турган убак бар+, кучакташпай турган убак бар+; 6 издей турган убак бар+, издебей турган убак бар; сактай турган убак бар, ыргыта турган убак бар+; 7 айрый турган убак бар+, тиге турган убак бар+; унчукпай турган убак бар+, сүйлөй турган убак бар+; 8 сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар+; согуша турган убак бар+, тынч жашай турган убак бар+. 9 Эмгектенген кишиге эмгегинен эмне пайда?+
10 Мен Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген иштерин көрдүм+. 11 Ал баарын өз убагында сонун кылып жасаган+. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган+, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт+. 12 Мен буларды түшүндүм: адамдын кубанып, жакшылык кылып өмүр сүргөнүнөн өтөрү жок экен+, 13 ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек экен+. Бул — Кудайдын белеги+.
14 Чыныгы Кудай жасагандын баары түбөлүктүү экенин билдим+. Аларга кошо турган же алардан алып сала турган эч нерсе жок+. Муну чыныгы Кудай адамдарды корксун+ деп кылган+.
15 Азыр бар нерсе мурун да болгон, кийин боло турган нерсе да мурун эле болгон+, ал эми чыныгы Кудай+ куугунтукталганды издейт+.
16 Күн астынан мен адилеттүүлүк болушу керек болгон жерде мыйзамсыздык, адилдик болушу керек болгон жерде ыймансыздык өкүм сүрүп жатканын да көрдүм+. 17 Ошондо ичимен+: «Чыныгы Кудай адил адамдын да, ыймансыздын да ишин териштирет+, анткени ар бир нерсенин, ар бир иштин өз убагы бар»,— дедим+.
18 Мен ичимен адамдар тууралуу: «Өздөрүнүн жаныбарлар сыяктуу экенин көрүшү үчүн, чыныгы Кудай аларды текшерет экен»,— дедим+. 19 Анткени адам баласы эмне болсо, жаныбарлар да ошол болот+. Жаныбарлар өлгөндөй эле, адамдар да өлөт+. Баарынын өмүр деми бир+, адамдын жаныбардан артыкчылыгы жок, анткени бардыгы — убаракерчилик. 20 Бардыгы бир жерге барат+. Бардыгы топурактан жаралган+, бардыгы кайра топуракка кайтат+. 21 Адам баласынын өмүр деми жогору жакка көтөрүлөбү, жаныбарлардын өмүр деми төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?+ 22 Ошентип, мен адамдын өз иштеринен кубаныч алганынан өтөрү жок экенин көрдүм+, анткени анын үлүшү — ошол. Себеби өзүнөн кийин эмне болорун көрүүгө аны кайра ким алып келет?+
4 Мен кайрадан артка кылчайып, буларды көрдүм: күн астында ар кандай кордук көрсөтүлүп+, кордук көргөндөр көз жашын төгүп жатыптыр+, бирок аларды соороткон эч ким жок экен+. Кордук көрсөткөндөрдүн колунда күч бар болгондуктан, кордук көргөндөрдү соороткон эч ким жок экен. 2 Ошондо мен тирүү жүргөндөргө караганда эчак көзү өтүп кеткендер бактылуу экен дедим+. 3 Бирок аларга караганда төрөлө электерге+, күн астында жасалып жаткан азаптуу иштерди көрө электерге, жакшы+.
4 Ошондой эле ар кандай эмгектин, иш билгиликтин+ адамдар арасында атаандаштыкты туудурарын көрдүм+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык.
5 Акылсыз адам кол куушуруп отура берет да+, өз денесин жейт+.
6 Жан үрөп иштегенге* жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз* эс алган артык+.
7 Кайрадан артка кылчайып, күн астындагы дагы бир убаракерчиликти көрдүм: 8 жанында шериги жок жалгыз бирөө болот+. Анын уулу да, бир тууганы да жок+, бирок эмгектенгени эмгектенген. Анткен менен байлыкка көзү тойбойт+. Ал өзүнө: «Ким үчүн мынчалык эмгектенип, жанымды жай алдырбай жүрөм?» — дейт+. Бул да убаракерчилик жана азаптуу иш+.
9 Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы+. Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт+. 10 Бири жыгылса, экинчиси тургузат+. Бирок жыгылса тургузары жок адам кантет?+
11 Эгерде экөө чогуу жатса, бири-бирин жылытат. Ал эми жалгыз адам кантип жылына алат?+ 12 Эгер жалгыз адамды кимдир бирөө жеңип баратса, экөөлөп ага каршы тура алышат+. Ошондой эле үч кат жип оңой менен үзүлбөйт.
13 Кары, бирок эскертүүнү кабыл ала билбеген+ акылсыз падышага+ караганда жакыр, бирок акылдуу бала артык+. 14 Анткени ал ошол падышалыкта жакыр болуп төрөлсө да+, падыша болуш үчүн түрмөдөн чыгат+. 15 Мен күн астында тирүү жүргөндөрдүн баарынын, ошондой эле падышанын ордун ээлеген баланын эмне болгонун көрдүм+. 16 Анын кол алдындагылары көп болсо да+, кийин ага нааразы боло башташат+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+.
5 Чыныгы Кудайдын үйүнө баратканыңда бутуңду байка+. Акылсыздардай болуп курмандык чалгандан көрө+, угууга даяр бол+. Анткени алар жамандык кылып жатканын аңдашпайт+.
2 Сүйлөгөнгө шашпа, жүрөгүң чыныгы Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын+. Анткени чыныгы Кудай асманда+, сен болсо жердесиң. Ошондуктан азыраак сүйлө+. 3 Анткени түш* түйшүктүн көптүгүнөн кирет+, ал эми акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет+. 4 Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар+, анткени акылсызды эч ким жактырбайт+. Берген убадаңды аткар+. 5 Убада берип коюп+, аткарбай койгондон көрө, убада бербей эле койгонуң жакшы+. 6 Оозуңдун денеңди күнөөгө батырышына жол бербе+, периштенин алдында+: «Жаңылып калыптырмын»,— дебе+. Чыныгы Кудайды сөздөрүң менен каардантып, колуң менен жасаган иштериңди буздуруп эмне кыласың?+ 7 Түйшүктүн көптүгүнөн түш кирет+, убаракерчилик жана сөз көбөйөт. Сен болсо чыныгы Кудайдан корк+.
8 Эгерде кайсы бир дубанда жакырлардын кысымга алынып, акыйкаттык менен адилдиктин тебеленип жатканын көрсөң+, таң калба+. Себеби бийлиги бардын үстүнөн аныкынан да чоң бийлиги бар+ карап турат+. Баарынын үстүнөн өздөрүнөн жогору тургандар бар.
9 Алардын баары жердин эсебинен жашайт+. Падыша өзү да талаанын эсебинен камсыз кылынат+.
10 Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт+. Бул да убаракерчилик+.
11 Мүлк көбөйсө, аны пайдалангандар да көбөйөт+. Ээсине аны карап тургандан башка эмне пайда?+
12 Көп жейби, аз жейби, мээнет кылгандын уйкусу таттуу болот+, ал эми байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт.
13 Күн астынан мен барып турган бир жамандыкты көрдүм: ал — ээсинин шоруна сакталган байлык+. 14 Ошол байлык кайсы бир каргашадан улам жок болот+. Анан ал киши балалуу болгондо, мураска калтырганга колунда эч нерсеси болбойт+.
15 Адам энесинин ичинен жылаңач чыккандай эле, кайра жылаңач кетет+. Кылган эмгеги үчүн өзү менен кошо эч нерсе алып кете албайт+.
16 Бул да барып турган жамандык: адам кандай келсе, ошондой кетет. Анда шамал үчүн эмгектенүүнүн кереги эмне?+ 17 Ал тамагын өмүр бою караңгыда, азап тартып+, ооруп, ачууланып жүрүп жейт.
18 Эмесе, көргөнүмдүн эң жакшысы, эң жагымдуусу — бул адамдын ичип-жеп, чыныгы Кудайдан алган өмүрүндө күн астында кылган эмгегинин үзүрүн көргөнү+. Анткени бул — анын үлүшү. 19 Ошондой эле кайсы бир адамга чыныгы Кудай байлык, мал-мүлк берсе+, аларды пайдаланууга+, өз үлүшүн алууга жана өз эмгегинин үзүрүн көрүүгө да мүмкүндүк берген+. Бул — Кудайдын белеги+. 20 Андай адам өмүрүнүн кыскалыгын кээде гана эстейт, анткени чыныгы Кудай анын жүрөгүн кубанычка бөлөйт+.
6 Күн астынан адамдар көп туш болгон дагы бир жамандыкты көрдүм: 2 чыныгы Кудай бирөөгө байлык, мүлк, атак-даңк берет+, ошондуктан анда жаны эңсегендин баары бар+. Бирок чыныгы Кудай алардын убайын ага эмес+, бөтөн жерликке көргөзөт+. Бул да убаракерчилик жана оор дарт. 3 Эгер адам жүз балалуу болуп+, көп жыл жашап, өмүрү узун болсо+, бирок жаны жакшылык көрүп ырахаттанбаса+, атүгүл мүрзөсү болбосо+, анда ага караганда өлүү төрөлгөн бала артык дээр элем+. 4 Ал дүйнөгө бекер эле келип, караңгылыкка кетет. Атын караңгылык каптайт+. 5 Күндү ал көргөн да, билген да жок+. Тигиге караганда буга тынчыраак+. 6 Ал эми тиги эки миң жыл жашаса да, бирок жакшылык көрбөсө+, анда эмне пайда? Баарынын барар жери бир эмеспи+.
7 Адамдын бүт эмгеги кекиртеги үчүн+, бирок анын жаны тойбойт. 8 Акылдуунун акылсыздан кандай артыкчылыгы бар?+ Бечарага башкалардын алдында өзүн кандай алып жүрүшү керектигин билгенинен эмне пайда? 9 Жандын каалоолоруна жетеленгенден көрө, көз менен көргөн артык+. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык+.
10 Бар нерсенин баарына мурун эле ат коюлган, адамдын табияты да белгилүү+. Ал өзүнөн күчтүү менен талашып-тартыша албайт+.
11 Убаракерчиликти туудурган нерселер көп болсо, анда адамга эмне пайда?+ 12 Адамдын көлөкөдөй өтүп кете турган+ куру бекер жашоосунда кандай жакшылык көрөрүн ким билет?+ Көзү өткөндөн кийин күн астында эмне болорун ага ким айта алат?+
7 Жакшы ат баалуу майдан артык+, адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык+. 2 Той болуп жаткан үйгө барганча, күйүт тартып жаткан үйгө барган артык+. Анткени ар бир адам өлүмгө дуушар болот. Ошондуктан тирүү жүргөн адам ушуну жүрөгүнө түйсүн. 3 Күлкүгө караганда кайгы жакшы+, себеби жүзү муңайгандын жүрөгү жакшырат+. 4 Акылдуулардын жүрөгү күйүт тартып жаткан үйдө+, ал эми акылсыздардын жүрөгү тойлоп жаткан үйдө+.
5 Акылсыздардын ырын уккандан көрө+, акылдуунун жемесин уккан жакшы+. 6 Анткени акылсыздын күлкүсү казандын алдындагы тикенектин чатырап күйгөнүндөй+. Бул да убаракерчилик. 7 Кысым акылдууну акылсыздык кылууга түртүшү мүмкүн+, ал эми белек+ жүрөктү бузушу мүмкүн+.
8 Иштин аягы башталышынан жакшы+. Сабырдуу киши бой көтөрчөөктөн артык+. 9 Таарынууга шашпа+, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт+.
10 «Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?» — дебе+. Анткени антип сураганың акылмандыкка жатпайт+.
11 Мурастын акылмандык менен коштолгону жакшы, ал күн астында тирүү жүргөндөргө пайда алып келет+. 12 Анткени акылмандык+, акча сыяктуу эле, коргойт+. Бирок билим менен акылмандыктын артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында+.
13 Чыныгы Кудайдын ишине көз чаптыр+: ал ийри кылган нерсени ким түздөй алат?+ 14 Жакшылык болгон күнү кубан+, кырсык баскан күнү муну унутпа: адам баласы өзүнөн кийин эмнелер болорун билбеши үчүн+, ошол эки күндү тең чыныгы Кудай жараткан+.
15 Курулай өткөн күндөрүмдө баарын көрдүм+: адил кишинин адилдигине карабай өлгөнүн+, ыймансыздын ыймансыздыгына карабай узак өмүр сүргөнүн көрдүм+.
16 Өтө адилсинбе+, өтө акылдуусунба+. Өзүңө зыян келтирип эмне кыласың?+ 17 Ыймансыздыкка берилбе+, акылсыз болбо+. Мезгилсиз өлгөнүңдүн кереги эмне?+ 18 Андан көрө биринчи кеңешти аткар, экинчисинен да колуңду алба+. Себеби Кудайдан корккон адам жамандыкка кабылбайт+.
19 Акылмандык акылдууну шаардагы он башкаруучудан да күчтүү кылат+. 20 Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок+.
21 Кулуңдун сени жамандап жатканын угуп калбашың үчүн+, айтылган ар бир сөзгө маани бере бербе+. 22 Анткени өзүңдүн да башкаларды көп жолу жамандаганыңды жүрөгүң жакшы билет+.
23 Ушунун баарын акылмандык менен сынап көрдүм. Өзүмө: «Акылман болом»,— дедим. Бирок акылмандык менден алыс болду+. 24 Болуп өткөндүн баары кол жеткис, өтө терең. Аларды ким таанып-биле алат?+ 25 Мен акылмандыкты+ жана бардыгынын маңызын+ билүүгө, изилдөөгө, издеп табууга жүрөгүмдү бурдум+. Ошондой эле акылсыздыктын жамандык, наадандыктын акылдан адашкандык экенин билүүгө дит койдум+. 26 Мен муну да билдим: жүрөгү тузактай, колу кишендей+, өзү аңчынын торундай болгон аял өлүмдөн да ачуу экен+. Андай аялдан качкан киши чыныгы Кудайга жагат, ал эми анын колуна түшкөн киши күнөөгө батат+.
27 Насаатчы+ мындай деди: «Мен мына муну түшүндүм: тыянак чыгаруу үчүн улам бир нерсени изилдеп көрдүм+. 28 Бирок, жаным канчалык умтулбасын, эч кандай тыянак чыгара алган жокмун. Миңдин арасынан бир адил эркек таптым+, бирок бир да аял тапкан жокмун+. 29 Ошентип, мына муну гана түшүндүм: чыныгы Кудай адамдарды адил кылып жаратыптыр+, бирок алар өзүлөрү башка ой-максаттарды көздөп кетишиптир»+.
8 Акылман адамга ким тең келе алат?+ Бардык нерсенин маанисин ким түшүндүрүп бере алат?+ Адамдын акылмандыгы анын жүзүн жарык кылат, жүзүнүн катаалдыгын өзгөртөт+.
2 Айтарым бул: «Падышанын буйругун аткар+, аны Кудайга берген антыңдан улам аткар+. 3 Падышанын алдынан кеткенге шашпа+, жаман ишке да аралашпа+. Падыша каалаганын кылат+, 4 анткени анын сөзүндө бийлик бар+. Ага: „Эмне кылып жатасың?“ — деп ким айта алат?»
5 Осуятты сактаган эч жамандык көрбөйт+; акылдуу жүрөк убакытты да, өкүмдү да билет+. 6 Ар бир иштин өз убактысы, өз өкүмү бар+, анткени адам баласынын башына көп жамандык түшөт+. 7 Алдыда эмне болорун эч ким билбейт+; кийин кандай болорун ким айта алат?
8 Өмүр демин кармап туруу үчүн анын үстүнөн бир да адамдын бийлиги жок+, өлүм күнүнүн үстүнөн да эч кандай бийлик жок+, бул согуштан эч ким бошоно албайт+. Ыймансыздарды ыймансыздык куткара албайт+.
9 Мен ушунун баарын көрдүм, күн астында жасалып жаткан ар кандай иштерге дит коюп, адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келерин түшүндүм+. 10 Ошол эле учурда ыймансыздардын көмүлгөнүн+, алардын ыйык жайга келип+, кайра кеткенин жана ал шаарда ошондой иштерди кылып жүрүп, акыры унутулушканын көрдүм+. Бул да убаракерчилик.
11 Жаман иш үчүн дароо жазаланбагандыктан+, адам баласынын жүрөгү жамандык кылууга көнүп калат+. 12 Күнөөкөр жүз жолу жамандык кылып+, өзү каалагандай жашап жүрө берсе да, чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билем+, анткени алар Андан коркуп жашашкан+. 13 Ал эми ыймансыз киши Кудайдан коркпогондуктан+ жакшылык көрбөйт+, көлөкөдөй болгон күндөрүн+ узарта албайт.
14 Жер үстүндө мындай да убаракерчилик бар: өз иштерине жараша ыймансыздар көрө турганды адил адамдар көрүп жатат+, ал эми өз иштерине жараша адил адамдар көрө турганды ыймансыздар көрүп жатат+. Ошондо мен муну да убаракерчилик дедим.
15 Мен кубанычты мактадым+, анткени күн астында адамдын ичип-жеп, кубанганынан өтөрү жок экен. Аны күн астында+ чыныгы Кудайдан алган өмүр күндөрүндөгү эмгегинде кубаныч коштоп жүрүшү керек экен+. 16 Ошондуктан мен акылмандыкты таанып-билүүгө+, жер үстүндө адам баласынын күндүз да, түнкүсүн да уйку көрбөй аткарган иштерин+ көрүүгө дит койдум+.
17 Чыныгы Кудайдын бардык иштерин көрүп+, адам баласынын күн астында жасалып жаткан иштерди түшүнө албасын баамдадым+. Канчалык умтулбасын, ал аларды түшүнө албайт+, өзүн абдан акылдуу эсептеген күндө да+ түшүнө албайт+.
9 Мен бардыгына дитимди койдум+, булардын баарын изилдеп чыктым: адил адамдар менен акылмандар жана алардын иштери чыныгы Кудайдын колунда экен+. Адам баласы өзүнөн мурун өкүм сүргөн сүйүүнү да, жек көрүүнү да билбейт+. 2 Баарынын көрөрү бир+: адил адам+ менен ыймансыздын+, жакшы, таза адам менен арамдын, курмандык чалган менен чалбагандын көрөрү бир+. Күнөөкөр сыяктуу эле, жакшы адамдын да, ойлонбой ант берген адам сыяктуу эле+, ант берүүдөн корккондун+ да көрөрү бир. 3 Күн астында жасалган бардык иштердин өкүнүчтүүсү бул: баарынын көрөрү бир болгон соң+, адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон+. Өмүр бою алардын жүрөгүнөн наадандык кетпейт+; алар акыры барып өлгөндөргө кошулушат+.
4 Тирүүлөрдүн арасында жүргөндөрдүн үмүтү бар, анткени өлгөн арстанга караганда+ тирүү ит артык+. 5 Тирүүлөр өлөрүн билет+, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт+. Аларга эми тиешеси берилбейт, анткени алар эскерилбей калышат+. 6 Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганычы да жок болот+. Күн астында жасалып жаткан иштердин биринде да эми алардын үлүшү болбойт+.
7 Чыныгы Кудай сенин иштериңе ыраазы болгондуктан+, бар да, наныңды кубаныч менен же, шарабыңды шайыр жүрөк менен ич+. 8 Кийимиң ар убак ак болсун+, башыңа ар дайым май сыйпалсын+. 9 Күн астында Кудайдан алган куру бекер өмүрүңдүн бардык күндөрүндө, куру бекер күндөрүңдүн баарында, сүйгөн аялың менен жашоонун ырахатын көр+. Себеби бул — жашоодогу энчиң+, күн астында кылган эмгегиңдин үзүрү. 10 Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер+. Анткени сен бара турган жайда+ — көрдө*+ — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да+, акылмандык да+ жок.
11 Мен кайрадан артка кылчайып, күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңишке шамдагайлар эле+, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле+, нанга акылмандар эле+, байлыкка түшүнүгү барлар эле+, урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт экен+. Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат+. 12 Анткени адам+ өз убактысын билбейт+. Балык торго+, канаттуулар кылтакка түшкөндөй эле+, адам баласына да каргашалуу убак+ күтүлбөгөн жерден келет+.
13 Мен күн астынан акылмандыкка байланыштуу муну да көрдүм, ал мага укмуштуудай көрүндү: 14 бир чакан шаар бар эле, анда эркектер аз болчу. Ал шаарга улуу падыша барып, курчады да, ага каршы чоң дөбө үйдү+. 15 Бирок шаардан бир акылман кедей чыгып, акылмандыгы менен шаарды сактап калды+. Анткен менен ал кедейди кийин эч ким эстеп койгон жок+. 16 Ошондо: «Күчкө караганда акылмандык жакшы+. Бирок кедейдин акылмандыгы баркка алынбайт, анын сөзүнө кулак кагышпайт»,— дедим+.
17 Акылсыздардын арасында бийлик жүргүзгөн башкаруучунун кыйкырыгына караганда+ акылмандардын сабырдуулук менен айткан сөзүн көбүрөөк угушат+.
18 Курал-жарактан акылмандык артык, бирок бир эле күнөөкөр көп жакшы нерсени бүлдүрүшү мүмкүн+.
10 Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майды бузуп, сасытып жиберет. Анын сыңарындай, акылмандыгы, атак-даңкы менен бааланган адамдын кымындай эле акылсыздыгы беделин түшүрөт+.
2 Акылдуунун жүрөгү оң жагында+, ал эми акылсыздыкы сол жагында+. 3 Акылсыз кайсы жолдо жүрбөсүн+, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге айта берет+.
4 Эгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе+, анткени сабырдуулук чоң күнөөлөрдү алдын алат+.
5 Мен күн астынан бийлик башчысынын+ жаңылыштыгындай+ болгон дагы бир жамандыкты көрдүм: 6 акылсыздар жогорку орундарга коюлган+, ал эми татыктуулар төмөнкү орундарда отурушат.
7 Мен кулдардын ат минип, төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм+.
8 Ор казган киши ага өзү түшөт+, таш дубалды ураткан кишини жылан чагат+.
9 Кен казган киши бир жерин кокустатып алат. Отун жарган киши да этият болушу керек+.
10 Мокогон балта курчутулбаса+, анда күчкө салууга туура келет. Ал эми акылмандык менен иш кылуу ийгиликке жеткирет+.
11 Эгер жылан арбала электе чагып алса+, анда арбоочунун тилинен эч кандай пайда жок.
12 Акылмандын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу+, ал эми акылсыздын оозу өзүн ойрон кылат+. 13 Акылсыздын оозунан чыккан кептин башы — акылсыздык+, аягы — кесепеттүү наадандык. 14 Акылсыз көп сүйлөйт+.
Адам алдыда эмне болорун билбейт; көзү өткөндөн кийин эмне болорун ага ким айта алат?+
15 Акылсыздар өз эмгегинен чарчайт+, анткени шаарга кеткен жолду бири да билбейт+.
16 Оо, жер, падышаң жаш бала болуп+, төрөлөрүң таң атпай тойлоп жүрсө, сен эмне болосуң? 17 Оо, жер, падышаң тектүү тукумдан болсо, төрөлөрүң өз маалында, мас болуш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн дасторконго отурушса, бактылуусуң+.
18 Жалкоолуктан үйдүн устундары ийилет; кол куушуруп отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт+.
19 Нан жумушчулардын күлкүсүн чыгарат, шарап жашоонун көркүн ачат+, бирок баарын акча чечет+.
20 Падышаны уктаган бөлмөңдө да жамандаба+, байды төркү бөлмөлөрүңдө да жамандаба+, анткени сөзүңдү чымчык жеткирип барат, канаттуу куш айтып барат+.
11 Наныңды+ сууга агыз+, анткени аны көп күндөн кийин кайра табасың+. 2 Колуңдагыны жети, атүгүл сегиз киши менен бөлүш+, анткени жерде кандай алаамат болорун билбейсиң+.
3 Эгер булуттар сууга толсо, жерге нөшөр төгөт+. Дарак+ түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.
4 Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт+.
5 Кош бойлуу аялдын ичиндеги баланын сөөктөрүндө өмүр деминин* кандайча иш-аракет кыларын билбегениңдей эле+, баарын жасап жаткан чыныгы Кудайдын иштерин да билбейсиң+.
6 Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба+. Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң+.
7 Жарык жагымдуу, көздүн күндү көргөнү жакшы+. 8 Эгер адам көп жыл жашаса, өмүрү өткөнчө кубансын+. Бирок ал кайгылуу күндөрдү да эстей жүрсүн+, анткени андай күндөр көп болушу ыктымал; алдыдагы күндөрдүн баары — убаракерчилик+.
9 Жигит, жаш чагыңда кубан+, жаштык күндөрүңдө жүрөгүң шаттансын. Жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр+. Бирок чыныгы Кудайдын ошонун баары үчүн жоопко тартарын билип кой+. 10 Андыктан жүрөгүңдү кайгыдан арылт, денеңден мүшкүлдү алыс кыл+, анткени жаштык да, күлгүн курак да убаракерчилик+.
12 Оор күндөр келгенге чейин, «жашоонун кызыгы жок»+ дей турган жылдар келгенге чейин+, жаш кезиңде+ Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба+. 2 Күндүн, айдын, жылдыздардын жарыгы өчө электе+, кара булут каптап, нөшөр төгө электе, Аны унутпа. 3 Ошол күнү үй+ кайтаргандар титиреп, кубаттуулар бүгүлөт+, жаргылчак тарткандардын+ аздыгынан алардын иши токтойт, терезени карап тургандар+ караңгыдан башканы көрүшпөйт. 4 Көчөнү караган эшиктер жабылат+, жаргылчактын үнү басылат+, киши чымчыктын сайраганын угуп ойгонот, ырчы кыздардын үнү акырын чыгып калат+. 5 Бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдо үрөй учурган нерселер болот. Бадам гүлдөйт+, чегиртке бутун сүйрөп басып калат, коңуз баш* жарылат. Анткени адам узак убакытка үйү боло турган жайга+ баратат, көчөдө кошокчулар басып жүрөт+. 6 Күмүш боо үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе+, булактын жанындагы кумура талкалана электе, кудуктун чыгырыгы сына электе, Аны эсиңден чыгарба. 7 Ошондо топурак кайрадан жерге — мурунку жайына — кайтат+, ал эми чыныгы Кудай+ берген+ өмүр деми+ кайрадан Ага кайтат.
8 «Убаракерчиликтин убаракерчилиги! — деди насаатчы+.— Баары убаракерчилик!»+
9 Насаатчы акылмандыкка ээ болгондон тышкары+, элге билим берип келди+. Ал ой жүгүртүп, кылдат изилдеп+, көп накыл сөздөрдү түздү+. 10 Насаатчы көркөм сөздөрдү табууга+, чындык сөздөрүн+ так жазууга аракет кылды.
11 Акылмандардын сөздөрү учтуу таяктай+, учкул сөздөрдү чогулткандар кагылган мыктай+. Ал сөздөр бир койчудан+. 12 Мындан башкасынын баарынан сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы бүтпөйт; көп окуса, дене чарчайт+.
13 Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк+, анын осуяттарын аткар+. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул. 14 Жакшы же жаман экенин териштирип, чыныгы Кудай ар бир ишке, ар бир жашыруун нерсеге өкүм чыгарат+.
[Шилтемелер]
Евр. Кохелет. Мааниси: «элди чогултуучу».
Сөзмө-сөз: «элди чогултуучунун».
Же: «кышкы суу агымдары».
Сөзмө-сөз: «Акылмандын көзү башында».
Сөзмө-сөз: «Эки ууч эмгекке».
Сөзмө-сөз: «бир ууч».
Же: «кыял».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Же: «рухтун».
Тамакка табит тарттыруучу өсүмдүктүн түрү.