Бейшемби, 4-июнь
Нинебиликтер Сот күнүндө... тирилет (Мт. 12:41).
Кудай нинебиликтердин «оң колун сол колунан айырмалай албай» турганын айтып, Жунуска аларды эмне үчүн аяганын түшүндүргөн (Жун. 1:1, 2; 3:10; 4:9—11). Кийин Иса Жахабанын адилеттүү жана ырайымдуу экенин түшүндүрүш үчүн нинебиликтерди мисал кылган. «Нинебиликтер Сот күнүндө... тирилет» деген сөздөр эмнени билдирген? Иса келечекте айрымдардын «соттолуш үчүн тирилерин» айткан (Жкн. 5:29). Бул анын Миң жылдык башкаруусунун учурунда болот. Ошондо «адил адамдар» да, «адил эмес адамдар» да тирилет (Элч. 24:15). Адил эмес адамдар «соттолуш үчүн тирилет». Башкача айтканда, Жахаба менен Иса аларга кылдат байкоо салып, алардын Кудайдын талаптарына канчалык баш ийип жатканына жана билгендерин канчалык колдонуп жатканына баа беришет. Эгер тирилген нинебилик киши Жахабага сыйынгысы келбесе, ага андан ары жашаганга жол берилбейт (Ыш. 65:20). Ал эми Жахабага кызмат кылууну тандагандар түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат (Дан. 12:2). w24.05 5-б., 13, 14-абз.
Жума, 5-июнь
Адам Уулу жоголгондорду издеп таап, куткарыш үчүн келген (Лк. 19:10).
Иса Атасынын канчалык ырайымдуу экенин болуп көрбөгөндөй деңгээлде айкын кылган (Жкн. 14:9). Ал кайрымдуу, боорукер Атасынын адамдарды жакшы көрөрүн, күнөөнүн торунан бошоткусу келерин сөзү менен да, иши менен да көрсөткөн. Андан тышкары, Иса күнөөкөрлөр өзгөрүп, аны жолдой алышы үчүн алардын каалоосун ойготкон (Лк. 5:27, 28). Иса өзүн алдыда эмнелер күтүп турганын билген. Ал шакирттерине башкалар аны душмандардын колуна салып берерин, устунга кадаларын бир нече жолу айткан (Мт. 17:22; 20:18, 19). Иса өз өмүрүн берип, бул дүйнөнүн күнөөсүн алып кетерин билген. Ошондой эле өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин, өзүнө «ар кандай адамдарды жакындатарын» айткан (Жкн. 12:32). Эгер күнөөкөр адамдар Исаны Мырзасы катары кабыл алып, анын изи менен жүрсө, Жахабага жага алмак. Акыры, алар «күнөөнүн кулчулугунан бошонмок» (Рим. 6:14, 18, 22; Жкн. 8:32). Ушунун баарын билгендиктен Иса азаптуу өлүмгө тике караган (Жкн. 10:17, 18). w24.08 5-б., 11, 12-абз.
Ишемби, 6-июнь
Баарынан мурда бүт элдерге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар таратылышы керек (Мр. 13:10).
Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты биринчи жолу укканда кандай сезимде болгонуңарды эстеп көрсөңөр. Силер көп нерселерди, айталы, асмандагы Атаңардын силерди жакшы көрөрүн, анын элине кошулушуңарды каалаарын жана азап-кайгыны, ооруну жок кыларын билгенсиңер. Ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарыңардын жаңы дүйнөдө кайра тирилерине үмүт бар экенин угуп, сүйүнгөнсүңөр (Мр. 10:29, 30; Жкн. 5:28, 29; Рим. 8:38, 39; Аян 21:3, 4). Булар жүрөгүңөрдү жылытканы шексиз (Лк. 24:32). Ыйык Китептен билгениңерди ушунчалык жакшы көрүп калгандыктан, аны ичте сактай албай, башкалар менен бөлүшкүңөр келген. (Салыштыргыла: Жеремия 20:9.) Ыйык Китептеги чындыктар жүрөгүбүздө терең орун алса, аны ичте сактай албайбыз (Лк. 6:45). Анткени Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай сезимде болобуз. Алар: «Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен (Элч. 4:20). Чындыкты ушунчалык жакшы көргөндүктөн биз аны мүмкүн болушунча көптөр менен бөлүшкүбүз келет. w24.05 15-б., 5-абз.; 16-б., 7-абз.