Бейшемби, 28-март
Кайра топуракка кайтасың (Башт. 3:19).
Биз Адам ата менен Обо эне кетирген катаны кайталагыбыз келбейт. Ан үчүн Жахабаны таанып-биле беришибиз, сапаттарын баалай беришибиз жана анын көз карашын түшүнгөнгө аракет кыла беришибиз керек. Ошентсек, Жахабага болгон сүйүүбүз жалындай берет. Ыбрайым пайгамбарды мисалга алалы. Ал Жахабаны чын жүрөктөн жакшы көргөн. Жахабанын чечимдерин түшүнө албай кыйналган учурларда да, ага каршы чыккан эмес. Анын ордуна, аны дагы жакшыраак таанып-билгенге умтулган. Бир жолу Жахаба ага Содом менен Аморду жок кыларын айткан. Ошондо ал кантип эле «бүт жер жүзүнүн Соту» адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылып салсын деп бушайман болгон. Ошондуктан ал Жахабага сылык-сыпаа кайрылып бир нече суроо берген. Жахаба болсо аны чыдап угуп, бардык суроолоруна жооп берген. Акырында Ыбрайым Жахабанын ар бир кишинин жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ойлорунан бери билерин, бейкүнөө адамдарды күнөөкөрлөр менен бирге кырып салбасын түшүнгөн (Башт. 18:20—32). w22.08 28-б., 9, 10-абз.
Жума, 29-март
Ишенимдүү киши ишти купуя сактайт (Накыл 11:13).
Б. з. ч. 455-жылы Некемия Иерусалимдин дубалын тургузгандан кийин шаарга жакшы баш-көз боло ала турган ишеничтүү кишилерди издеген. Анан бул ишке Сепилдин башчысы Хананияны да тандаган. Ыйык Китепте Ханания «башкаларга караганда... чыныгы Кудайдан көбүрөөк корккон ишенимдүү киши» деп сыпатталган (Нек. 7:2). Ал Жахабаны сүйгөн, андан корккон киши болгон. Ошондуктан ага кандай иш тапшырылбасын, олуттуу караган. Биз да ушундай адамдардан болсок, Кудай тапшырган ишке жооптуу карайбыз. Эми Тихик тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал элчи Пабылга ишеничин актаган жакшы шерик болуп берген. Пабыл ага «ишенимдүү кызматчы» деп мүнөздөмө берген (Эф. 6:21, 22). Пабыл аны Эфестеги, Колосадагы ишенимдештерине кат жеткизгенге эле дайындаган эмес. Аларды кубаттап-бекемдөөнү, сооротуп-жубатууну да ишенип тапшырган. Тихиктин үлгүсү бүгүнкү күндө биздин камыбызды ойлогон, биз таяна алган ишеничтүү эркектерди эске салат (Кол. 4:7—9). w22.09 9-б., 5, 6-абз.
Ишемби, 30-март
Сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт (1 Пет. 4:8).
Жусуп 13 жылдай бою көп запкы жеген. Ошондой учурда Жусупка: «Жахаба чын эле мени жакшы көрөбү? Зар болуп турганымда мени таштап кеттиби?» — деген ойлор келиши мүмкүн болчу. Бирок ал ачуулуу, катаал болуп кеткен эмес. Тескерисинче, сабыр сактап, сергек болгон. Агаларынан өч алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө да өч алган эмес. Кайра аларга жаны ачып, кечирген (Башт. 45:4, 5). Эмне үчүн? Анткени ал тунук ой жүгүрткөн. Өзүнүн кыйынчылыгына эле көңүл топтой бербей, ошол жагдайга Жахабанын көз карашы менен караган (Башт. 50:19—21). Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Эгер адилетсиз мамилеге кабылып жатсаңар, Жахабага ачууланбагыла же ал мени таштап кетти деген ойлорду жакын жуутпагыла. Анын ордуна, сыноону көтөрүп кеткенге кантип жардам берип жатканы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Мындан тышкары, башкалар жаман мамиле кылганда, алардын кемчиликтерине көз жумуп койгула. Анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт. w22.11 21-б., 4-абз.