Шаршемби, 27-март
Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле (Мт. 6:33).
Исанын көзү өткөндөн кийин шакирттери катуу кайгыга малынган. Алар жакшы көргөн досунан айрылганы аз келгенсип, үмүтү да үзүлүп отуруп калышкан (Лк. 24:17—21). Бирок Иса тирилип, аларга көрүнгөндөн кийин, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар аткарылышы үчүн өзүнүн эмнелерди кылышы керектигин түшүндүрүп берген. Ошондой эле аларга маанилүү иш тапшырган (Лк. 24:26, 27, 45—48). Иса асманга көтөрүлүп кеткенге чейин шакирттери менен чогуу болгон. Ошол учурда алардын кайгысы кубанычка айланган. Мырзасынын тирүү экенин жана өзү тапшырган жаңы ишти аткарганга жардам берерин түшүнгөндө алар кубанычка бөлөнүшкөн. Ошол кубаныч аларга эч нерсеге карабай Жахабаны даңктап-даңазалай бергенге түрткү берген (Лк. 24:52, 53; Элч. 5:42). Исанын шакирттеринен үлгү алып, Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга коюшубуз керек. Албетте, Жахабага токтотпой кызмат кыла бериш үчүн туруктуу болушубуз керек. Ошентсек, Жахаба батасын берет (Накыл 10:22). w23.01 30, 31-б., 15, 16-абз.
Эскерүүгө байланыштуу Ыйык Китеп окуу: (16-нисан, күндүз болгон окуялар) Марк 16:2—8
Бейшемби, 28-март
Кайра топуракка кайтасың (Башт. 3:19).
Биз Адам ата менен Обо эне кетирген катаны кайталагыбыз келбейт. Ан үчүн Жахабаны таанып-биле беришибиз, сапаттарын баалай беришибиз жана анын көз карашын түшүнгөнгө аракет кыла беришибиз керек. Ошентсек, Жахабага болгон сүйүүбүз жалындай берет. Ыбрайым пайгамбарды мисалга алалы. Ал Жахабаны чын жүрөктөн жакшы көргөн. Жахабанын чечимдерин түшүнө албай кыйналган учурларда да, ага каршы чыккан эмес. Анын ордуна, аны дагы жакшыраак таанып-билгенге умтулган. Бир жолу Жахаба ага Содом менен Аморду жок кыларын айткан. Ошондо ал кантип эле «бүт жер жүзүнүн Соту» адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылып салсын деп бушайман болгон. Ошондуктан ал Жахабага сылык-сыпаа кайрылып бир нече суроо берген. Жахаба болсо аны чыдап угуп, бардык суроолоруна жооп берген. Акырында Ыбрайым Жахабанын ар бир кишинин жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ойлорунан бери билерин, бейкүнөө адамдарды күнөөкөрлөр менен бирге кырып салбасын түшүнгөн (Башт. 18:20—32). w22.08 28-б., 9, 10-абз.
Жума, 29-март
Ишенимдүү киши ишти купуя сактайт (Накыл 11:13).
Б. з. ч. 455-жылы Некемия Иерусалимдин дубалын тургузгандан кийин шаарга жакшы баш-көз боло ала турган ишеничтүү кишилерди издеген. Анан бул ишке Сепилдин башчысы Хананияны да тандаган. Ыйык Китепте Ханания «башкаларга караганда... чыныгы Кудайдан көбүрөөк корккон ишенимдүү киши» деп сыпатталган (Нек. 7:2). Ал Жахабаны сүйгөн, андан корккон киши болгон. Ошондуктан ага кандай иш тапшырылбасын, олуттуу караган. Биз да ушундай адамдардан болсок, Кудай тапшырган ишке жооптуу карайбыз. Эми Тихик тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал элчи Пабылга ишеничин актаган жакшы шерик болуп берген. Пабыл ага «ишенимдүү кызматчы» деп мүнөздөмө берген (Эф. 6:21, 22). Пабыл аны Эфестеги, Колосадагы ишенимдештерине кат жеткизгенге эле дайындаган эмес. Аларды кубаттап-бекемдөөнү, сооротуп-жубатууну да ишенип тапшырган. Тихиктин үлгүсү бүгүнкү күндө биздин камыбызды ойлогон, биз таяна алган ишеничтүү эркектерди эске салат (Кол. 4:7—9). w22.09 9-б., 5, 6-абз.