Башталыш
12 Жахаба Ыбрамга мындай деди: «Жериңди, туугандарыңды, атаңдын үйүн калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар+. 2 Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, ысмыңды улуу кылам; башкалар үчүн бата болосуң+. 3 Сага бата бергендерге батамды берем, сени каргагандарды каргайм+, сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алышат*»+.
4 Ыбрам Жахабанын айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен кошо Лот да чыкты. Харандан чыкканда+ Ыбрам жетимиш беш жашта эле. 5 Ал аялы Сараны+, бир тууганынын уулу Лотту+, өздөрү чогулткан мүлктүн баарын+ жана Харанда ээ болгон кулдарын* алып, Канаан жерин көздөй жөнөдү+. Ошентип, алар Канаанга жетишти. 6 Ыбрам ал жерди аралап, Моренин чоң дарактарынын жанындагы+ Шекемге+ чейин барды. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашачу. 7 Ошондо Жахаба Ыбрамга көрүнүп: «Бул жерди сенин тукумуңа+ берем»+,— деди. Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жахабага арнап ошол жерге курмандык жайын курду. 8 Кийинчерээк ал Бейтелдин+ чыгыш жагындагы тоолуу жерге барып, чатырын тикти. Бейтел батыш тарабында, Ай+ чыгыш тарабында эле. Ал ошол жерге курмандык жайын куруп+, Жахабанын ысмын даңктады+. 9 Анан Ыбрам чатырын жыйнап, улам бир жерге көчүп-конуп, Негепти көздөй жылып отурду+.
10 Ошол жерде ачарчылык болду. Ачарчылык катуу болгондуктан+, Ыбрам убактылуу жашап туруш үчүн Мисирге* жөнөдү+. 11 Мисирге жакындаганда ал аялы Сарадан: «Сөзүмө кулак салчы, сен сулуу аялсың+, 12 андыктан мисирликтер сени көргөндө: „Бул — анын аялы“ — деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат. 13 Ошондуктан, мага жакшы болушу үчүн, жаным аман калышы үчүн+, карындашымын деп койчу»+,— деп суранды.
14 Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу экенин көрүштү. 15 Аны фараондун* төрөлөрү да көрүп, ага мактап барышты. Ошондуктан фараон аны үйүнө алдырды. 16 Сара үчүн ал Ыбрамга жакшы мамиле кылып, ага койлорду, бодо малдарды, эшектерди, төөлөрдү, кулдар менен күңдөрдү берди+. 17 Бирок Жахаба Ыбрамдын аялы Сара+ үчүн фараон менен анын үйүндөгүлөрүн катуу ооруларга* чалдыктырды+. 18 Ошондо фараон Ыбрамды чакырып: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн анын аялың экенин айткан жоксуң?+ 19 Эмнеге карындашым дедиң?+ Мен аны аялдыкка алып коё жаздабадымбы. Мына аялың, ал да кет!» — деди. 20 Анан өзүнүн кишилерине Ыбрам менен анын аялын бүт мал-мүлкү, кулдары менен кошо узатып коюуну буйрук кылды, алар узатып коюшту+.