2 Шемуел
16 Дөөтү тоонун чокусунан бир аз ылдыйлаганда+, ага Мепибешеттин+ кулу Сиба+ жолукту. Ал эки эшегине+ эки жүз нан+, жүзүмдүн ныкталып жасалган кагынан жүздү+, жайында бышчу мөмөлөрдүн ныкталып жасалган кагынан жүздү+ жана бир чоң кумура шарапты+ артып алган экен. 2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» — деп сурады+. Ал: «Эшектерди падышанын үйүндөгүлөрү минсин деп, нан менен жайында бышчу мөмөлөрдүн ныкталып жасалган кагын жигиттер+ жесин деп, шарапты болсо чөлдө+ баратып чарчагандар+ ичсин деп алып келатам»,— деди. 3 Падыша андан: «Мырзаңдын уулу кайда?» — деп сурады+. Сиба: «Ал: „Бүгүн Ысрайыл үйү атамдын падышалык бийлигин кайра мага кайтарып берет“ — деп, Иерусалимде калып калды»,— деп жооп берди+. 4 Ошондо падыша ага: «Мепибешетке таандык нерсенин баары сеники болот»,— деди+. Сиба: «Сенин алдыңда башымды ийип таазим кылам+. Улуу урматтуу падышамдын алдында ырайым тапсам экен»,— деди.
5 Дөөтү падыша Бакуримге+ жеткенде, ал жактан Шабул менен бир уруудан болгон Геранын уулу Шимей+ чыкты. Ал Дөөтүнү каргап баратты+. 6 Анан ал Дөөтү падышаны да, анын кызматчыларын да таш менен ура баштады. Падышанын эки жагында күчтүү кишилери менен калган эли бараткан эле. 7 Шимей аны каргап: «Жогол, жогол бул жерден канкор+, бузуку!+ 8 Жахаба сени Шабулдун үйүндөгүлөрүн өлтүрүп, падышалыкты тартып алганың үчүн жазалап жатат. Жахаба падышалык бийликти уулуң Абышаломго берип койду. Сен канкорсуң, ошон үчүн башыңа мүшкүл түштү!» — деп кыйкырып баратты+.
9 Ошондо Зеруянын уулу Абышай+ падышага: «Бул өлгөн ит+ улуу урматтуу падышамды эмнеге каргап жатат?+ Барып, башын кыя чабайын, уруксат этиңиз»,— деди+. 10 Бирок падыша: «Зеруянын уулдары+, биздин ишибиз эмне?+ Ага: „Дөөтүнү карга!“ — деп Жахаба өзү айтса+, „Эмнеге каргап жатасың?“ — деп ага ким айта алат?+ Тим кой, каргай берсин»,— деди+. 11 Анан Абышай менен бүт кызматчыларына: «Мени өзүмдүн уулум өлтүргүсү келип жатса+, Бенжемин уруусунан чыккан бул киши+ жөн коймок беле?! Муну ага Жахаба айтты, ошондуктан жайына койгула, каргай берсин. 12 Балким, Жахаба муну көрөр+. Шимейдин бүгүн мени каргаганын көрүп, Жахаба мага жакшылык кылар»,— деди+. 13 Дөөтү кишилери менен жолун улантып кете берди. Шимей болсо аны каргап+, таш менен уруп, ага топурак чачып+, тоонун боору менен анын артынан калбай баратты.
14 Акыры, падыша жана анын жанындагы бүт эл болжогон жерине жетип, аябай чарчагандыктан эс алганы токтошту+.
15 Ал ортодо Абышалом бүт ысрайыл эли менен Иерусалимге келди+. Акитопел+ да анын жанында болчу. 16 Дөөтүнүн досу+ архиттик+ Хушай+ Абышаломдун жанына барып: «Жашасын падыша! Жашасын падыша!» — деди+. 17 Абышалом андан: «Досуңа көрсөткөн мээримдүүлүгүң ушулбу? Эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» — деп сурады+. 18 Хушай ага: «Жахаба менен бул эл, бүт ысрайыл эли, кимди тандаса, мен ошол тарапта болом, ошону менен калам. 19 Анын үстүнө, анын уулуна кызмат кылбаганда, башка кимге кызмат кылмак элем? Атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам»,— деди+.
20 Кийинчерээк Абышалом Акитопелге: «Эмне кылалы, эмне дейсиңер?» — деди+. 21 Акитопел ага: «Атаңдын үйдү карап турууга калтырган+ токолдору менен жат+. Ошондо атаңа+ жек көрүндү болуп калганыңды+ бүт Ысрайыл угат да, жаныңдагы кишилериң кубаттанып калышат»,— деди+. 22 Абышалом үчүн үйдүн төбөсүнө+ чатыр тигишти. Ал бүт Ысрайылдын көзүнчө+ атасынын токолдору менен жатты+.
23 Ошол кезде Акитопелдин кеңештери чыныгы Кудайдын кеңештериндей эсептелчү. Акитопелдин+ ар бир кеңешин+ Дөөтү да, Абышалом да ошондой кабыл алчу.