2 Жылнаама
6 Ошондо Сулайман+: «Жахаба, сен коюу караңгылыктын ичинде жашай турганыңды өзүң айткансың+. 2 Мен сага заңгыраган, сен түбөлүк жашай турган жай+ курдум»,— деди+.
3 Анан падыша элге бурулуп, бүт Ысрайыл жыйналышына бата берди+, бүт жыйналыш туруп турду+. 4 Ал мындай деди: «Атам Дөөтү менен сүйлөшкөн жана айткандарын+ өз колу менен аткарган+ Ысрайылдын Кудайы Жахаба даңкталсын+. Ал: 5 „Элимди Мисир жеринен алып чыккан күндөн тартып ушу убакка чейин мен, менин ысмым менен атала турган үйдү курушсун деп, Ысрайылдын урууларына таандык бир да шаарды тандаган эмесмин+. Ошондой эле ысрайыл элиме жол башчы болсун деп бир да кишини тандаган эмесмин+. 6 Эми болсо өзүмдүн ысмым үчүн Иерусалим шаарын тандадым+ жана ысрайыл элимди башкарсын деп, Дөөтүнү тандадым“,— деп айткан+. 7 Атам Дөөтүнүн жүрөгүндө Ысрайылдын Кудайы Жахабанын ысмына арнап үй курайын деген каалоосу бар болчу+. 8 Бирок Жахаба атам Дөөтүгө: „Жүрөгүңдө менин ысмыма арнап үй курайын деген каалооң бар экен, жүрөгүңдө ушундай каалооңдун болгону абдан жакшы+. 9 Бирок ал үйдү сен курбайсың+. Менин ысмыма арнала турган үйдү сенин уулуң* курат“,— деп айткан+. 10 Жахаба айткан сөзүн аткарды+. Жахаба убада кылгандай эле+, мен атам Дөөтүнүн ордуна Ысрайылдын тактысына+ отуруп+, Ысрайылдын Кудайы Жахабага арнап үй курдум+ жана 11 Жахабанын Ысрайыл уулдары менен түзгөн келишими+ салынган сандык+ үчүн орун даярдадым».
12 Андан кийин Сулайман Жахабанын курмандык жайынын алдына туруп+, бүт Ысрайыл жыйналышынын алдында колдорун жогору көтөрдү+. 13 (Ага чейин ал жезден узундугу беш, туурасы беш, бийиктиги үч чыканак болгон секиче жасап+, короонун+ ортосуна койгон болчу. Ал ошол секиченин үстүндө турган.) Анан бүт Ысрайыл жыйналышынын алдында чөгөлөп+, колдорун асманга көтөрүп+, 14 мындай деди: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба+, асманда да, жерде да сендей Кудай жок!+ Сен келишимди бузбайсың+, сага чын жүрөктөн кызмат кылгандарга мээримдүүлүк көрсөтөсүң+. 15 Бүгүн көрүнүп тургандай, сен атама, өзүңдүн кызматчың Дөөтүгө, берген убадаңды аткардың+, өз оозуң менен берген убадаңды өз колуң менен жүзөгө ашырдың+. 16 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, эми атама, өзүңдүн кызматчың Дөөтүгө: „Эгер уулдарың+ баскан жолун байкап, сен менин эркиме ылайык жашагандай+, менин мыйзамыма ылайык жашашса+, анда Ысрайылдын тактысынан сенин тукумуң кетпейт“,— деп берген убадаңды аткара көр+. 17 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба+, өзүңдүн кызматчың Дөөтүгө берген убадаң+ аткарылса экен+.
18 Чынында Кудай жерде адамдар менен жашамак беле?+ Сени атүгүл асман, асмандын асманы да батыра албаса+, анда мен курган бул үй кантип батырмак эле!+ 19 Оо, Жахаба Кудайым, кулуңдун тиленүүсүнө, ырайым кылышыңды сурап өтүнгөнүнө+ көңүл бура көр+, сенин алдыңда тиленип жаткан кулуңдун тиленүүсүн+, жалынычын уга көр+. 20 Өзүңдүн ысмың үчүн тандаган ушул жерден+, ушул үйдөн күнү-түнү көзүңдү алба+, ушул үйдү карап тиленип жаткан кулуңдун тиленүүсүн уга көр+. 21 Кулуң же бүт ысрайыл элиң ушул жакты карап тиленгенде+, алардын жалынычын уга көр+. Өзүң жашаган жайдан, асмандан, аларды угуп+, кечире көр+.
22 Кимдир бирөө жакынына каршы күнөө кылса+ жана жакыны андан карганышын талап кылып+, ал карганса, анан ушул үйгө келип, курмандык жайыңдын алдына турса+, 23 сен асмандан угуп+, кулдарыңа сот жүргүз+: ыймансызын айыптап, кылган ишине жараша жазала+, адилин болсо актап+, адилдигине жараша тиешесин бер+.
24 Ысрайыл элиң сенин алдыңда күнөө кылганы үчүн+ душмандарынан жеңилип калса+, анан кайра кайрылып+, ысмыңды даңктап+, ушул үйдө+ сенден ырайым кылышыңды сурап тиленсе+, 25 сен асмандан угуп+, ысрайыл элиңдин күнөөсүн кечирип+, аларды өздөрүнө, ата-бабаларына берген жерге+ кайра алып кел+.
26 Алар сенин алдыңда күнөө кылганы үчүн+, асман жабылып, жаан жаабай калса+, анан алар ушул жакты карап тиленип+, ысмыңды даңкташса жана сен аларды жазалагандыктан, күнөө кылганын токтотушса+, 27 сен асмандан кулдарыңды, ысрайыл элиңди угуп, күнөөсүн кечире көр, анткени сен аларды туура жолдо+, алар жүрүшү керек болгон жолдо жүрүүгө үйрөтүп жатасың+; өз элиңе мураска берген жериңе+ жаан-чачын жаадыра көр+.
28 Алардын жерин кандай балээ, кандай оору баспасын+: жеринде ачарчылык+ же ысык шамал болобу+, жерин көк басабы+, жугуштуу оору+, чегиртке+ же коңуз каптайбы+, же шаарларын душмандар+ курчоого алабы+, 29 алардын арасынан кимдир бирөө же бүт ысрайыл элиң+ сенден тиленсе+, ырайым кылышыңды сурап жалынса+ (себеби ар ким өз башына түшкөн кырсыкты, кайгыны жакшы билет)+ жана колун ушул үйдү көздөй сунса+, 30 сен асмандан, өзүң жашаган жайдан угуп+, кечире көр+ жана чара көрүп, ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин бер+, анткени анын жүрөгүндө эмне бар экенин билесиң+ (адамдардын жүрөгүн жалгыз сен гана билесиң)+. 31 Ошондо алар сен ата-бабаларыбызга берген жерде+ өмүр бою сенден коркуп+, сенин жолдоруң менен жүрүшөт.
32 Эгер ысрайыл элиңен болбогон бөтөн жерлик+ бирөө сенин улуу ысмың жана сунулган күчтүү колуң+ үчүн алыскы жерден келип+, ушул үйдү карап тиленсе+, 33 жер бетиндеги бардык элдер сенин ысмыңды билип+, сенден ысрайыл элиң корккондой коркушу үчүн+ жана мен курган бул үйдүн сенин ысмың менен аталарын билиши үчүн+, сен асмандан, өзүң жашаган жайдан+ ал бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп+, баарын аткар.
34 Эгер элиң сен жиберген жол менен+ душмандары менен согушканы барса+ жана сен тандаган ушул шаарды, мен сенин ысмыңа арнап курган үй+ тарапты карап тиленсе+, 35 асмандан алардын тиленүүсүн, ырайым кылышыңды сурап өтүнгөнүн угуп+, аларга адилеттик кыла көр+.
36 Эгер алар сенин алдыңда күнөө кылышса+ (анткени күнөө кылбаган киши жок)+, анан сен ачууланып, аларды душмандарынын колуна салып берсең, душмандары болсо аларды алыс же жакын бир жерге туткундап кетишсе+, 37 анан алар ошол жакта туткун болуп жүргөндө акылына келип, кайра сага кайрылып+: „Биз күнөө кылдык+, жаңылдык+, ыймансыздык кылдык“+,— деп ырайым кылышыңды сурап тиленишсе, 38 туткундап кеткендердин жеринде жүргөндө сага бүт жүрөгү+, бүт жаны менен кайрылышса+ жана сен ата-бабаларына берген жерди көздөй бурулуп, сен тандаган шаар тарапты, мен сенин ысмыңа арнап курган үй+ тарапты карап тиленишсе+, 39 сен асмандан, өзүң жашаган жайдан+ алардын тиленүүсүн, ырайым кылышыңды сурап өтүнгөнүн угуп+, аларга адилеттик кыла көр+. Элиңдин сенин алдыңда жасаган күнөөсүн кечире көр+.
40 Оо, Кудайым, ушул жерден көзүңдү албай+, ушул жер жөнүндөгү тиленүүгө кулак сала көр+. 41 Жахаба Кудайым, күчүңдү көрсөткөн келишим сандыгың+ менен бейпил жайыңа+ кел+. Оо, Жахаба Кудайым, дин кызматчыларың сенин өз элиңди куткара аларыңды көрсөтүшсүн*, берилген кызматчыларың жакшы нерселерге кубанышсын+. 42 Жахаба Кудайым, майланганыңдан+ жүзүңдү бурба. Кызматчың Дөөтүгө көрсөткөн мээримдүүлүгүңдү унутпа»+.