Аюп
Аюп
1 Ус+ деген жерде Аюп+ аттуу бир киши жашаган. Ал кемчиликсиз+, түз жүргөн+, Кудайдан корккон+ жана жамандыктан алыс жүргөн+ киши эле. 2 Ал жети уулдуу, үч кыздуу болгон+. 3 Анын 7 000 кою, 3 000 төөсү, 500 жуп өгүзү, 500 ургаачы эшеги+ жана көп сандаган кулдары бар эле. Ал Чыгыш элдеринин+ ичинен эң бир атактуу адам болгон.
4 Анын уулдары кезектешип, ар бири болжошкон күнү өз үйүндө шерине өткөрүп турчу+. Алар бирге ичип-жеш үчүн үч карындашын* да чакыртышчу. 5 Бир сыйрадан шерине беришкен соң, Аюп аларга: «Ыйыкталгыла»+,— деп айттырып жиберчү. Өзү эртең менен эрте туруп, балдарынын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу+, анткени: «Уулдарым күнөөгө батып, Кудайга ичинен+ тил тийгизип жүрбөсүн»+,— деп ойлочу. Аюп ар дайым ошенте турган+.
6 Белгиленген күнү Жахабанын, чыныгы Кудайдын, уулдары*+ анын алдына чогулушту+. Алар менен кошо+ Шайтан*+ да келди.
7 Ошондо Жахаба Шайтандан: «Кайдан келдиң?» — деп сурады. Шайтан Жахабага: «Жер жүзүн кыдырып+, айланып чыктым»+,— деп жооп берди. 8 Анан Жахаба Шайтанга мындай деди: «Менин кызматчым Аюпка көңүлүңдү бурдуңбу? Жер жүзүндө андай адам жок+. Ал — кемчиликсиз+, түз жүргөн+, Кудайдан корккон+ жана жамандыктан алыс жүргөн киши»+. 9 Шайтан болсо Жахабага: «Аюп Кудайдан бекеринен коркуп жүрүптүрбү? — деди+.— 10 Сен аны да, үйүн да, колундагысынын баарын туш тарабынан коргоп жаткан жоксуңбу?+ Анын кол эмгегине батаңды берип жатасың+, малы жер жайнап жайылып жүрөт. 11 Бирок колуңду сунуп, эмнеси болсо, ошонун баарына тийип көрчү, сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»+. 12 Ошондо Жахаба Шайтанга: «Мына, анын эмнеси болсо, ошонун баары сенин колуңда. Өзүнө гана тийбе!» — деди. Ошентип, Шайтан Жахабанын алдынан кетти+.
13 Бир күнү Аюптун уулдары менен кыздары улуу агасынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышкан эле+. 14 Ошондо Аюпка кабарчы келип+, мындай деди: «Өгүздөр жер айдап жаткан+, алардын жанында эшектер оттоп жүргөн. 15 Аңгыча шебалыктар+ кол салып, аларды айдап кетти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»+.
16 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан+ Кудайдын оту түшүп, койлор менен кулдардын арасында алоолонуп күйүп, аларды жалмап кетти. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»,— деди.
17 Ал сөзүнүн аягына чыга электе, дагы башкасы келип: «Үч топтон турган каздимдиктер+ кол салып, төөлөрдү айдап кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»,— деди.
18 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Уулдарың менен кыздарың улуу агасынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышкан+. 19 Аңгыча чөл жактан катуу шамал+ келип, үйдү төрт тарабынан кыйратты, балдарың болсо үйдүн алдында калып өлдү. Жалгыз мен аман калып, сага кабарлаш үчүн келдим».
20 Ошондо Аюп ордунан туруп, сырт кийимин айрып+, чачын алды да+, чөгөлөп+, жерге жыгылып+, 21 мындай деди:
«Энемдин ичинен+ жылаңач чыккам,
Кайра жылаңач бойдон кетем+.
Берген да Жахаба+, алган да Жахаба+.
Жахабанын ысмы ар убак даңкталсын»+.
22 Башынан өткөндүн баарына карабай, Аюп күнөөгө баткан жок, Кудайга акарат кылган жок+.