147 Жахты даңктагыла!+
Анткени Кудайыбызды даңктап ырдоо жакшы, жагымдуу+,
Ал мактоого татыктуу+.
2 Жахаба Иерусалимди кайра курат+,
Ысрайылдын чачырап кеткен элин чогултат+.
3 Ал жүрөгү жаралангандарды+ айыктырат+,
Алардын жараатын таңат+.
4 Жылдыздарды санап+,
Алардын баарын атынан атайт+.
5 Теңирибиз улуу, кудурети күчтүү+,
Акылмандыгы чексиз+.
6 Жахаба мүнөзү жумшактарды колдойт+,
Ал эми ыймансыздарды жерге жеткире басынтат+.
7 Жахабага ыраазычылык менен жооп бергиле+,
Кудайыбызга арфанын коштоосунда ырдагыла+.
8 Ал асманга булут каптатат+,
Жерге жамгыр камдайт+,
Тоолорго көк чөп өстүрөт+.
9 Жаныбарларга,
Кузгундун куркулдаган балапандарына+ азыгын берет+.
10 Ал аттын күчүнө сүйүнбөйт+,
Адамдын бутунун күлүктүгүнө кубанбайт+.
11 Жахаба Өзүнөн корккондорду+,
Анын мээримдүүлүгүн күткөндөрдү көрүп кубанат+.
12 Оо, Иерусалим, Жахабаны макта+,
Оо, Сион, Кудайды даңкта+.
13 Анткени ал дарбазаңдын бекиткичтерин бекемдейт,
Жаныңдагы уулдарыңа батасын берет+.
14 Ал сенин жериңе тынчтык берет+,
Буудайдын мыктысына тойгузат+.
15 Жер жүзүнө буйругун жиберет+,
Анын сөзү тез тарайт.
16 Жерге жүнгө окшогон кар жаадырат+,
Кыроону күлдөй чачат+.
17 Бүртүк-бүртүк муз ыргытат+.
Анын ызгаарына ким чыдайт?+
18 Ал сөзүн жиберип+, баарын эритет,
Шамалын үйлөтөт+,
Суу агызат.
19 Жакыпка сөзүн+,
Ысрайылга көрсөтмөлөрүн+, өкүмдөрүн айтат+.
20 Ал башка эч бир элге андай кылган эмес+,
Алар анын өкүмдөрүн билишпейт+.
Жахты даңктагыла!+