33 Оо, адил адамдар, Жахабанын иштерине кубанып-шаттангыла+.
Аны мактоо чынчылдарга жарашат+.
2 Жахабага арфа чертип ыраазычылык билдиргиле+,
Он кылдуу аспап+ менен аны даңктап ырдагыла.
3 Ага жаңы ыр ырдагыла+,
Кыл терип, чын жүрөктөн ойногула, кубанычтуу үн салгыла+.
4 Жахабанын сөзү акыйкат+,
Ал бардык иштеринде ишенимдүү+.
5 Ал адилдик менен акыйкаттыкты сүйөт+.
Жер Жахабанын мээримдүүлүгүнө толгон+.
6 Асман Жахабанын сөзү менен+,
Бүт асман аскерлери анын оозунан чыккан деми менен жаралган+.
7 Ал деңиздин сууларын тосмо менен тосуп койгондой кармап турат+,
Ээ-жаа бербеген сууларды кампаларга топтойт.
8 Бүт жер жүзү Жахабадан корксун+.
Жерде жашагандардын баары анын алдында титиреп турсун+.
9 Ал айтты эле — айтканындай болду+,
Буйрук берди эле — аткарылды+.
10 Жахаба элдердин ой-максатын бузат+,
Адамдардын ойлорун ойрон кылат+.
11 Жахабанын ой-максаты кылымдар бою өзгөрбөйт+,
Жүрөгүндөгү ойлор муундан муунга өтөт+.
12 Жахаба кайсы элдин Кудайы болсо,
Кимдерди мурасы кылып тандап алса+, ошол эл бактылуу+.
13 Жахаба асмандан карап+,
Адам баласын көрүп турат+.
14 Жерде жашагандардын баарын
Өзүнүн турак жайынан карап турат+.
15 Ал баарынын жүрөгүн калыптайт+,
Алардын бардык иштерин байкайт+.
16 Падышаны сансыз аскери куткара албайт+,
Күчтүүнү зор күчү сактай албайт+.
17 Куткарат деп атка ишенип алданба+,
Анын зор күчү эч кимди куткара албайт+.
18 Мына, Жахабанын көзү андан корккондорду+,
Мээримдүүлүгүн күткөндөрдү карап турат+.
19 Ал алардын жанын өлүмдөн куткаруу үчүн+,
Ачарчылык учурунда аман алып калуу үчүн карап турат+.
20 Жаныбыз Жахабаны күтүп жатат+.
Ал — биздин жардамчыбыз, калканыбыз+.
21 Анын алдында жүрөгүбүз кубанат+,
Биз анын ыйык ысмына таянабыз+.
22 Оо, Жахаба, мээримдүүлүгүң биз менен болсун+,
Анткени биз сени күтүп жатабыз+.