Башчыга. «Мени жок кылба». Дөөтүнүн забуру. Миктам.
58 Унчукпасаңар, адилдик жөнүндө айта аласыңарбы?+
Акыйкат өкүм чыгара аласыңарбы, оо, адамдар?+
2 Жок. Силер жер үстүндө баш-отуңар менен ыймансыздыкка берилип+,
Колуңар менен кыянаттык кылууга жол даярдап жатасыңар!+
3 Ыймансыздар энесинин ичинен чыккандан тартып эле бузулган+,
Төрөлгөндөн баштап эле түз жолдон чыккан.
Алардын сүйлөгөнү — калп+,
4 Уусу жыландын уусундай+.
Алар кулагын жаап алган чекир жыландай дүлөй+,
5 Арбоочулардын үнүн укпаган+,
Арбоосу күчтүү болсо да, тоготуп койбогон чекир жыландай+.
6 Оо, Кудай, алардын тиштерин талкала+,
Оо, Жахаба, жалдуу жаш арстандардын жаагын сындыр.
7 Алар агын суудай агып жок болушсун+,
Ал жебелери үчүн жаасын ийгенде, алар кулашсын+.
8 Алар кургап бараткан үлүлдөй.
Бойдон түшкөн түйүлдүккө окшоп, күндүн нурун көрүшпөйт+.
9 Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табын сезгенче+,
Ал күйүп жатканын да, көк сабактарын да катуу шамал менен учургандай учуруп кетет+.
10 Адил адам ыймансыздардан өч алынганын көрүп сүйүнөт+,
Алардын канына бутун жууйт+.
11 Ошондо адамзат+: «Чынында эле, адил адамга сыйлык берилет экен+,
Чынында эле, жерди соттой турган Кудай бар экен»,— дейт+.