Сулайман тууралуу.
72 Оо, Кудай, падышага өкүмдөрүңдү+,
Падышанын уулуна адилдигиңди үйрөт+.
2 Ал элиңдин ишин адилдик менен териштирсин+,
Бей-бечаралардын ишин калыс карасын+.
3 Элге адилдиктин аркасында тоолордон,
Адырлардан тынчтык келсин+.
4 Ал эл ичиндеги бей-бечараларга калыстык кылсын+,
Жакырдын уулдарын куткарсын,
Митаамды жок кылсын.
5 Күн менен ай бар болуп турганда+,
Муундан муунга алар сенден коркушат+.
6 Ал чабылган чөпкө жааган жаандай болуп+,
Жерди сугарган нөшөрдөй болуп түшүп келет+.
7 Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт+,
Ай жарыгын бербей калганча, тынчтык мол болот+.
8 Анын кол алдындагы эли деңизден деңизге чейин+,
Дарыядан+ жердин учу-кыйырына чейин жашайт+.
9 Ага чөлдүү аймактардын тургундары таазим кылышат+,
Душмандары болсо топурак жалашат+.
10 Таршыштын жана аралдардын падышалары+
Тартуу алып келишет+.
Шеба менен Себанын падышалары
Белек беришет+.
11 Бардык падышалар анын бут алдына жыгылышат+,
Бардык элдер ага кызмат кылышат+.
12 Ал жардам сурап жалбарган жакырды+,
Бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат+.
13 Бечара менен жакырды аяйт+,
Кембагалдардын жанын сактайт+.
14 Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат,
Алардын каны анын көз алдында кымбат болот+.
15 Анын өмүрү узун болсун+, ага Шебанын алтыны берилсин+,
Ал үчүн ар дайым тиленишсин.
Күнү бою ага алкыш айтышсын+.
16 Дан жер бетинде мол болот+,
Тоолордун чокусу эгинге толот+.
Падышанын түшүмү Лебанон токоюндай көп болот+,
Шаар тургундары жер бетиндеги чөптөй көбөйөт+.
17 Анын ысмы түбөлүккө өчпөсүн+,
Күн астында ысмынын даражасы өсө берсин,
Ал аркылуу башкалар бата алсын+,
Бардык элдер аны бактылуу дешсин+.
18 Жахаба Кудай, Ысрайылдын Кудайы,
Ажайып иштерди+ жасаган жалгыз ал даңкталсын+.
19 Анын даңктуу ысмы түбөлүккө даңазалана берсин+,
Жер жүзү анын даңкына толсун+.
Оомийн, оомийн.
20 Жышайдын уулу Дөөтүнүн+ тиленүүлөрү бүттү.