91 Эң Жогорку Кудайдын+ жашыруун жайында жашаган адам+
Кудурети Күчтүүнүн көлөкөсүнөн жай табат+.
2 Мен Жахабага: «Сен баш маанамсың, сепилимсиң+,
Таянып жүргөн Кудайымсың»,— дейм+.
3 Ал сени куш кармаган аңчынын тузагынан+,
Каргашалуу дарттан сактайт+,
4 Канаты менен калкалайт+,
Сен анын канатынын астына корголойсуң+,
Анын чындыгы+ сага чоң калкан+, чеп болот.
5 Сен түнкү коркунучтан+,
Күндүз учкан жебелерден коркпойсуң+,
6 Караңгыда жайыла турган жугуштуу оорудан+,
Чак түштө кыра турган каргашадан коркпойсуң+.
7 Миңи жаныңа,
Он миңи оң жагыңа кулайт,
Бирок сага бир да коркунуч жакындабайт+.
8 Сен карап гана турасың+,
Ыймансыздардын жазаланганын көрөсүң+.
9 Анткени: «Жахаба — баш маанам»,— дегенсиң+,
Эң Жогорку Кудайды өзүңдүн турак жайың кылып келгенсиң+.
10 Сени кырсык баспайт+,
Чатырыңа бир да дарт жакындабайт+.
11 Анткени ал өзүнүн периштелерине+
Сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйрук кылат+.
12 Бутуң ташка урунбашы үчүн+,
Алар сени колуна көтөрүп кетишет+.
13 Жаш арстан менен чекир жыланды бутуң менен басасың+,
Жалдуу жаш арстан менен чоң жыланды тебелейсиң+.
14 «Мени сүйгөндүгү үчүн+
Мен аны куткарам+,
Ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм+.
15 Мени чакырганда, ага жооп берем+,
Кыйынчылык учурунда аны менен болом+,
Аны куткарам, даңктайм+.
16 Ага узун өмүр берем+,
Куткаруумду көрсөтөм»+.