Накыл сөздөр
16 Жүрөгүнүн ой-ниети адамдын өзүнөн+, бирок тилдин жообу Жахабадан+.
2 Адамдын жолдорунун баары өзүнө таза көрүнөт+, бирок анын ойлоруна Жахаба баа берет+.
3 Иштериңди Жахабага тапшыр+, ошондо максаттарың жүзөгө ашат+.
4 Жахаба бардыгын өз ой-ниети үчүн даярдаган+, атүгүл ыймансызды да каардуу күнгө сактап турат+.
5 Жүрөгүндө бой көтөргөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү+; ал башкалар менен кол алышып, макулдашса да, жазасыз калбайт+.
6 Мээримдүүлүк менен чындык аркылуу айып кечирилет+, ал эми Жахабадан корккон киши жамандык кылуудан оолак болот+.
7 Адамдын жүргөн жолдору Жахабага жакканда+, Ал аны душмандары менен да жараштырат+.
8 Адилдик менен табылган аз киреше+ адилетсиздик менен табылган мол кирешеден артык+.
9 Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурушу мүмкүн+, бирок анын кадамын Жахаба багыттайт+.
10 Падышанын оозунан Кудайдын чечими чыгууга тийиш+, өкүм чыгарганда анын оозу чындыкты бурмалабашы керек+.
11 Таразанын туура көрсөткөн жебеси менен чөйчөктөрү Жахабага таандык+, баштыктагы тараза таштар да андан+.
12 Кыянат иштер падышалар үчүн жийиркеничтүү+, себеби падышанын тактысы адилдик менен бекемделет+.
13 Улуу падышага адил тил жагат+, ал чындыкты сүйлөгөндөрдү жакшы көрөт+.
14 Падышанын каары — өлүм кабарчысы+, ал эми акылдуу адам анын каарын басат+.
15 Падышанын жарык жүзү — өмүр+, анын ырайымы жазгы жамгырдан кабар берген булуттай+.
16 Алтынга караганда акылмандыкка ээ болуу алда канча артык!+ Күмүшкө караганда түшүнүккө ээ болуу жакшы+.
17 Чынчылдардын жолу — жамандыктан алыс болуу+. Өз жолун сактаган киши жанын сактайт+.
18 Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет+, кулаардын алдында менменсингендик келет+.
19 Өзүн көтөргөндөр менен олжо бөлүшкөнчө+, карапайым болуп, мүнөзү жумшактардын арасында жүргөн жакшы+.
20 Жагдайды жакшы түшүнгөн ийгиликке жетет+, Жахабага таянган бактылуу болот+.
21 Жүрөгү акылдуу кишини түшүнүктүү деп аташат+, сөзү таттуу киши ынанымдуу сүйлөйт+.
22 Терең түшүнүк — ага ээ болгондор үчүн өмүр булагы+, ал эми акылсыздар үчүн жаза — өзүлөрүнүн акылсыздыгы+.
23 Акылмандын жүрөгү оозуна түшүнүк+, тилине ынанымдуулук кошот+.
24 Жагымдуу сөз — аарынын уюгундагы бал+, ал жанга ширин, сөөккө даба+.
25 Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар+, бирок акырында ал өлүмгө алып барат+.
26 Эмгекчил өз жаны үчүн эмгектенет+, анткени аны оозу мажбур кылат+.
27 Бузуку адам жамандык чукуп чыгарат+, оозунан алоолонгон оттой сөздөр чыгат+.
28 Кара ниет тымызын кайраштырат+, жалаачы жакын досторду бөлөт+.
29 Ырайымсыз киши жакынын азгырып+, аны тескери жолго салат+. 30 Ал кара ниеттик кылуу үчүн көзүн ымдайт+, эрдин тиштеп, арам ишин аягына чыгарат.
31 Адилдик жолунда жүргөн ак чач+ — сулуулук таажысы+.
32 Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык+, рухун башкара билген киши шаарды басып алгандан артык+.
33 Өкчөмө ташты этекке салып өкчөшөт+, бирок ал аркылуу чыгарылган чечимдердин баары Жахабадан+.