Ышая
48 Оо, Жакыптын үйү, Ысрайылдын аты менен аталгандар+, Жүйүттүн тукумунан* чыккандар+, Жахабанын ысмын оозанып ант берип+, Ысрайылдын Кудайын оозангандар+, бирок аны чындык, адилдик боюнча кылбагандар+, уккула. 2 (Алар өздөрүн ыйык шаардан чыккандарданбыз дешет+, Ысрайылдын Кудайына таянышат+; анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+.)
3 «Мен мурункуну алдын ала айткам. Аны өз оозум менен айткам, аларга кабарлагам+. Күтүүсүздөн иш-аракет кылып, айтканымды жүзөгө ашыра баштагам+. 4 Мен сенин өжөр экениңди+, мойнуңдун тарамышынын темир экенин+, чекеңдин жез экенин билгем+. 5 Ошондуктан сага баарын алдын ала айткам. „Муну бурканым ишке ашырды, оюп жасалган бурканым менен куйма бурканымдын буйругу менен ушундай болду“,— дебешиң үчүн+, сага алдын ала кабарлагам+. 6 Сен муну уккансың+. Ушунун баарын кара+. Ушулар тууралуу айтпай коёсуңарбы?+ Азыр болсо сага жаңы нерселерди, сакталып турган, сен билбеген нерселерди айтам+. 7 Алар мурун болгон эмес, эми болот. Алар жөнүндө буга чейин уккан эмессиң, ошондуктан: „Мен буларды эчак эле билгем“,— дей албайсың+.
8 Анын үстүнө, сен уккан эмессиң+, билген да эмессиң, кулагың мурунтан бери жабык болчу. Сенин ишенимсиздик кылып келгениңди+, энеңдин курсагында жаткан кезиңден бери кылмышкер деп аталып келгениңди билем+. 9 Өз ысмым үчүн каарымды тыям+, даңкталышым үчүн өзүмдү кармап, сени жок кылбайм+. 10 Мына, мен сени тазаладым, бирок күмүштү тазалагандай тазалаган жокмун+. Сени азап мешинде эритилип жатканыңда тандап алдым+. 11 Мен өзүм үчүн, өзүм үчүн иш-аракет кылам+. Өз ысмымдын булганышына жол бермек белем?+ Даңкымды эч кимге бербейм+.
12 Оо, Жакып, мен чакырып алган Ысрайыл, мени ук. Мен ошол эле Кудаймын+. Биринчи да менмин+, акыркы да менмин+. 13 Мен өз колум менен жердин пайдубалын салгам+, оң колум менен асманды жазгам+. Чакырганымда — алар алдыма келет+.
14 Баарыңар чогулгула, уккула+. Буларды кудайлардын кайсынысы айтып берди эле? Мен, Жахаба, ал адамды жакшы көрөм+. Ал, Бабылга эмне кылууну кааласам+, ошонун баарын аткарат, өз колун каздимдиктерге каршы сунат+. 15 Муну мен, мен айттым. Аны өзүм чакырып келдим+, ошон үчүн анын жолу ийгиликтүү болот+.
16 Бери келгиле, муну уккула. Мен башынан эле жашыруун жерден сүйлөчү эмесмин+. Булар аткарыла баштагандан бери мен ошол жерде болчумун».
Эми Эгедер Теңир Жахаба мени жана өзүнүн рухун жиберди+. 17 Сени кун төлөп сатып алган+ Жахаба, Ысрайылдын Ыйыгы+, мындай дейт: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм+, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм+. 18 Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана!+ Ошондо тынчтыгың дарыядай+, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок+. 19 Тукумуң кумдай, урпактарың кумдун бүртүктөрүндөй көбөймөк+. Менин алдымда алардын аты өчмөк эмес, жок болмок эмес»+.
20 Бабылдан чыккыла!+ Каздимдиктерден качкыла+. Муну кубанычтуу үн менен жарыялагыла, кабарлагыла+. Бул кабарды жердин булуң-бурчуна чейин тараткыла+. «Жахаба кызматчысы Жакыпты кун төлөп сатып алды,— дегиле+.— 21 Ал өзүнүн элин чөлдө жетектеп жүргөндө+, алар суусаган эмес+. Аларга аскадан суу чыгарган, асканы жарып, оргуштата суу агызган»+.
22 «Ыймансыздарга болсо тынчтык жок»,— дейт Жахаба+.