Ышая
51 Адилдикке умтулгандар+, Жахабаны издегендер+, мага кулак салгыла. Кайсы аскадан оюлуп алынган болсоңор, ошол асканы+, кайсы чуңкурдан казылып алынган болсоңор, ошол чуңкурду карагыла. 2 Атаңар+ Ыбрайымды+ жана силерди толгоо тартып төрөгөн Саараны+ карагыла. Мен Ыбрайымды чакырганымда, ал жалгыз болчу+, бирок менин батам менен укумдап-тукумдады+. 3 Жахаба Сионду сооротот+, анын кыйратылган жерлеринин баарын сооротот+, ээн талаасын Эйдендей+, чөлдүү түздүгүн Жахабанын багындай кылат+. Ал жерде шаттык менен кубаныч өкүм сүрөт, ыраазычылык менен күүнүн үнү угулат+.
4 Элим, мага назар сал. Калкым+, мага кулак сал. Анткени менден мыйзам чыгат+, мен өкүмүмдү элдерге жарык катары берем+. 5 Менин адилдигим жакын+. Менин куткаруум келет+, каруу-булчуңум элдерди соттойт+. Мага аралдар үмүт артышат+, каруу-булчуңумду күтүшөт+.
6 Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла+, төмөндөгү жерди карагыла. Асман түтүндөй тарап кетет+, жер кийимдей эскирет+, анын тургундары да кара чиркейдей өлүп жок болушат. Ал эми менин куткаруум түбөлүккө көрсөтүлөт+, адилдигим түгөнбөйт+.
7 Адилдикти билгендер, мыйзамым жүрөгүнө салынган эл+, мага кулак салгыла. Ажалдуу адамдардын тил тийгизгенинен коркпогула, кордогонунан үрөйүңөр учпасын+. 8 Анткени аларды күбө кийимди жегендей жейт, көйнөк күбөсү жүндү жегендей жейт+. Ал эми менин адилдигим түбөлүккө, куткаруум муундан муунга көрсөтүлөт»+.
9 Ойгон, Жахабанын каруу-булчуңу+, ойгон, күч менен курчан!+ Байыркы күндөрдөгүдөй, эбак өтүп кеткен муундардын убагындагыдай+ ойгон. Рахаптын+ таш-талканын чыгарган, деңиздеги алп жаныбарды сайып өлтүргөн сен эмес белең?+ 10 Деңизди, зор туңгуюктун сууларын какшыткан сен эмес белең?+ Кун менен сатылып алынгандар өтүшү үчүн, деңиз тереңдиктеринен жол ачкан сен эмес белең?+ 11 Жахаба кун төлөп сатып алгандар Сионго кубанычтуу үн менен кайтып келишет+, түбөлүк кубаныч алардын башына таажыдай кийгизилет+. Алар шаттык менен кубанычка бөлөнүшөт+. Кайгы менен үшкүрүк жок болот+.
12 «Мен, мен өзүм силерди сооротуп жатам+.
Сен ажалдуу адамдан+, көк чөптөй жок боло турган адам баласынан коркушуң керекпи?+ 13 Асманды жайган+, жердин пайдубалын салган+ Жаратканың+ Жахабаны унутуп, сени жок кылууга даяр тургандай көрүнгөн+ эзүүчүнүн каарынан+ күнү бою коркушуң керекпи? Эзүүчүңдүн каары кана?+
14 Чынжырланган туткун жакын арада бошотулат+, көргө түшпөйт+, нанга зар болбойт+.
15 Мен, Жахаба, деңизди алай-дүлөй түшүрүп, толкундарын долуланткан Кудайыңмын+. Менин ысмым — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. 16 Асманды орнотуп+, жердин пайдубалын салып+, Сионго: „Сен менин элимсиң“+,— деш үчүн сөздөрүмдү оозуңа салам+, сени колумдун көлөкөсү менен жабам+.
17 Жахабанын колунан, каарына толгон чөйчөгүнөн ичкен+ Иерусалим+, ойгон, ойгон, ордуңан тур. Сен кеседен, теңселтүүчү чөйчөктөн ичтиң, шыпкап ичтиң+. 18 Төрөгөн уулдарыңдын+ ичинен сени жетелегенге эч ким чыккан жок, өстүргөн уулдарыңдын ичинен колуңан кармаганга+ эч ким болгон жок. 19 Сени эки кырсык басты+: талап-тоноо менен кыйроо, ачарчылык менен кылыч!+ Сага ким боор ооруйт?+ Сени ким сооротот?+ 20 Уулдарың эс-учун жоготуп+, торго түшкөн аркарлардай ар кайсы көчөнүн башында жатышат+. Аларга Жахабанын каары төгүлдү+, Кудайыңдын жазасы берилди»+.
21 Ошондуктан, шарап ичпей мас болгон+ байкуш аял+, муну ук. 22 Теңириң Жахаба, өз элине болушкан Кудайың+, мындай дейт: «Мына, мен сенин колуңан теңселтүүчү чөйчөктү алам+. Сен кеседен, каарыма толгон чөйчөктөн экинчи ичпейсиң+. 23 Мен аны сени ыза кылгандардын колуна берем+. Алар сага: „Эңкей, үстүңөн өтүп кетели“,— дешкен. Сен жонуңду ары-бери өткөндөргө жердей, көчөдөй тебелеткенсиң»+.