Жезекиел
40 Шаар талкалангандан+ кийинки он төртүнчү жылы, туткунда жүргөнүбүздүн+ жыйырма бешинчи жылында, жылдын башында, айдын онунчу күнүндө, дал ошол күнү Жахабанын колу менин үстүмдө болду+. Анан ал мени башка жакка алып барды+. 2 Кудайдан алган аяндарда ал мени Ысрайыл жерине алып барып, абдан бийик тоонун үстүнө койду+. Анын үстүндө, түштүк тарабында кандайдыр бир шаар жайгашкандай көрүндү+.
3 Ал мени ошол жакка алып барганда, бир кишини көрдүм. Анын көрүнүшү жездей экен+. Ал колуна зыгыр жип, ченегич камыш+ алып, дарбазанын жанында туруптур. 4 Анан ал киши мага: «Адам уулу+, көзүң менен көрүп, кулагың менен ук, көрсөтө турганымдын баарын жүрөгүңө түй. Анткени сени бул жакка ушуларды көрсөтүш үчүн алып келдим. Көргөнүңдүн баарын Ысрайыл үйүнө айтып бар»,— деди+.
5 Мен ибадаткананы* тегерете курчаган дубалды көрдүм. Кишинин колундагы ченегич камыштын узундугу алты чыканак экен (1 чыканактын узундугу 1 чыканакка төрт эли кошконго барабар*). Ал дубалды ченегенде, калыңдыгы 1 камыш, бийиктиги 1 камыш болуп чыкты.
6 Анан алды жагы чыгышты караган дарбазага барып+, тепкич менен өйдө чыкты да, дарбазанын босогосун+ ченеди. Анын туурасы 1 камыш, экинчи босогосунун да туурасы 1 камыш болду. 7 Күзөт бөлмөсүнүн+ узундугу 1 камыш, туурасы 1 камыш, күзөт бөлмөлөрүнүн ортосундагы аралык 5 чыканак экен. Дарбазадагы ичкери караган далистин алдындагы босого 1 камыш экен.
8 Ал ичкери караган далисти ченегенде, 1 камыш болду+. 9 Дарбазанын далисин ченегенде, 8 чыканак, каптал түркүктөрүн ченегенде, 2 чыканак болду. Далис ичкери каратылыптыр.
10 Чыгышты караган дарбазанын эки тарабында тең үчтөн күзөт бөлмөсү бар экен. Бөлмөлөрдүн да, эки тараптагы каптал түркүктөрдүн да көлөмү бирдей экен.
11 Анан ал дарбазанын кире беришин туурасынан ченегенде, 10 чыканак, кире бериштин алдын туурасынан ченегенде, 13 чыканак болду.
12 Күзөт бөлмөлөрүнүн алдындагы тосулган жер 1 чыканак экен. 1 чыканакты түзгөн андай жер эки тарапта тең бар экен. Күзөт бөлмөсүнүн бир тарабы 6, экинчи тарабы 6 чыканак экен.
13 Ал дарбазаны бир күзөт бөлмөсүнүн төбөсүнөн экинчи бөлмөнүн төбөсүнө чейин ченеди, туурасы 25 чыканак болду+. Кире бериш кире бериштин маңдайында экен. 14 Анан каптал түркүктөрдү ченегенде, 60 чыканак болду. Ал короонун тегерегиндеги түркүктөрдү да ченеди. 15 Кире бериштеги дарбазанын алдынан ичкери караган далистин алдына чейин 50 чыканак экен.
16 Күзөт бөлмөлөрү менен каптал түркүктөрдүн баарында дарбазанын ич жагын караган бир жагы кууш, бир жагы жазы терезелер бар экен+. Далистерде да ошондой экен. Терезелердин баары ичкери каратылыптыр. Каптал түркүктөргө курма дарагы оюп түшүрүлүптүр+.
17 Анан ал мени сырткы короого киргизди, ал жерде ашканалар бар экен+. Короого тегерете таш төшөлүптүр. Таш төшөлгөн жерде 30 ашкана жайгашыптыр+. 18 Дарбазалардын каптал жактарындагы таш төшөлгөн жердин, жапызыраак жердин, туурасы дарбазанын узундугуна барабар экен.
19 Ал ылдыйкы дарбазанын алдынан ички короонун алдына чейин ченегенде, 100 чыканак болду. Чыгыш дарбазадан да, түндүк дарбазадан да ошончо экен.
20 Ал сырткы короодогу алды жагы түндүктү караган дарбазанын узун-туурасын ченеди. 21 Анын эки тарабында тең үчтөн күзөт бөлмөсү бар экен. Каптал түркүктөрүнүн да, далисинин да көлөмү биринчи дарбазаныкындай экен. Узундугу 50, туурасы 25 чыканакты түздү. 22 Терезелеринин, далисинин жана курма дарактарынын+ көлөмү алды жагы чыгышты караган дарбазаныкындай экен. Ага 7 тепкич менен чыгышат экен, тепкичтин маңдайында далис жайгашыптыр.
23 Ички короодо түндүк жана чыгыш дарбазаларына маңдайлаш дарбазалар бар экен. Ал дарбазадан дарбазага чейинки аралыкты ченегенде, 100 чыканак болду.
24 Анан ал мени түштүк жакка алып барды, ал жерде түштүктү караган дарбаза бар экен+. Ал анын каптал түркүктөрүн, далисин ченегенде, алардын көлөмү беркилердикиндей болуп чыкты. 25 Дарбаза менен далистин берки терезелердей терезелери бар экен. Дарбазанын узундугу 50, туурасы 25 чыканак экен. 26 Ага чыгыш үчүн жети тепкич бар экен+, тепкичтин маңдайында далис жайгашыптыр. Дарбазанын эки жагындагы каптал түркүктөргө курма дарагы оюп түшүрүлүптүр.
27 Ички короонун түштүктү караган дарбазасы бар экен. Ал түштүктү карай дарбазадан дарбазага чейинки аралыкты ченегенде, 100 чыканак болду. 28 Анан ал мени түштүк дарбаза аркылуу ички короого алып барды. Ал түштүк дарбазаны ченегенде, көлөмү беркилердикиндей болуп чыкты. 29 Анын күзөт бөлмөлөрү, каптал түркүктөрү, далиси көлөмү боюнча беркилердей экен. Дарбаза менен далистин терезелери бар экен. Дарбазанын узундугу 50, туурасы 25 чыканак экен+. 30 Бардык дарбазалардын далиси бар экен. Узундугу 25, туурасы 5 чыканак экен. 31 Далиси сырткы короону карап турат экен, каптал түркүктөрүнө+ курма дарагы оюп түшүрүлүптүр. Дарбазага сегиз тепкич менен чыкса болот экен+.
32 Анан ал мени чыгыш жактан ички короого алып барды. Ал дарбазаны ченегенде, көлөмү беркилердикиндей болуп чыкты. 33 Анын күзөт бөлмөлөрү, каптал түркүктөрү, далиси көлөмү боюнча беркилердей экен. Дарбаза менен далистин терезелери бар экен. Дарбазанын узундугу 50, туурасы 25 чыканак экен. 34 Далиси сырткы короону карап турат экен, эки тараптагы каптал түркүктөрүнө курма дарагы оюп түшүрүлүптүр. Дарбазага сегиз тепкич менен чыкса болот экен.
35 Анан ал мени түндүк дарбазага алып барды+. Ал дарбазаны ченегенде, көлөмү беркилердикиндей болуп чыкты+. 36 Күзөт бөлмөлөрү, каптал түркүктөрү, далиси да беркилердикиндей экен. Тегерете терезелери бар экен. Дарбазанын узундугу 50, туурасы 25 чыканак экен. 37 Каптал түркүктөрү сырткы короону карап турат экен. Эки тарабындагы каптал түркүктөрүнө курма дарагы оюп түшүрүлүптүр+. Дарбазага сегиз тепкич менен чыкса болот экен.
38 Дарбазалардын каптал түркүктөрүнүн жанында ашкана жайгашыптыр. Ал жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жуушат экен+.
39 Дарбазадагы далистин бир жагында эки үстөл, экинчи жагында эки үстөл туруптур. Алардын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты+, күнөө курмандыгын+, айып курмандыгын+ союшат экен. 40 Сыртта, түндүк дарбазанын кире беришинде, эки үстөл туруптур. Экинчи тарабында да, дарбазадагы далистин жанында, эки үстөл туруптур. 41 Дарбазанын бул жагында төрт үстөл, тиги жагында төрт үстөл — сегиз үстөл — бар экен. Алардын үстүндө мал союшат экен. 42 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн колдонулган төрт үстөл жылмаланган таштан жасалыптыр. Узундугу бир жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги 1 чыканак экен. Алардын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды союуда уруна турган шаймандарды коюшат экен. 43 Ар кайсы нерселерди коюш үчүн дубалдан эни төрт эли келген текчелер чыгып туруптур. Үстөлдөргө курмандыктардын этин коюшат экен+.
44 Ички короодо, ички дарбазанын сырт жагында, түндүк дарбаза тарапта ырчылардын+ ашканалары бар экен. Ашканалардын оозу түштүктү карап турат экен. Чыгыш дарбаза жакта оозу түндүктү караган дагы бир ашкана бар экен.
45 Ал мага мындай деди: «Оозу түштүктү караган ашкана ушул үйдө милдеттерин аткарган дин кызматчылар үчүн+. 46 Ал эми оозу түндүктү караган ашкана курмандык жайында милдеттерин аткарган дин кызматчылар үчүн+. Алар — Леби уулдарынан тараган Садок+ уулдары, Жахабага кызмат кылыш үчүн ага жакындап жаткандар»+.
47 Анан ички короону ченеди. Ал чарчы короонун узундугу 100 чыканак, туурасы 100 чыканак болду. Үйдүн алдында курмандык жайы туруптур.
48 Ал мени үйдүн далисине+ алып барды. Далистин каптал түркүктөрүн ченегенде, бир капталындагысы 5 чыканак, экинчи капталындагысы 5 чыканак болду. Ал эми дарбазанын туурасы бир капталынан 3 чыканак, экинчи капталынан 3 чыканак болду.
49 Далистин узундугу 20 чыканак, туурасы 11 чыканак болду. Ага тепкич менен чыгышат экен. Эки каптал тирөөчтүн жанында бирден түркүк бар экен+.