Жезекиел
7 Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 2 «Адам уулу, Эгедер Теңир Жахаба Ысрайыл жерине мындай дейт: „Күнү бүттү, жердин төрт бурчунун күнү бүттү+. 3 Көрөр күнүң бүттү+. Мен сага каарымды төгөм, сени жолдоруңа жараша соттойм+, бардык жийиркеничтүү иштериң үчүн жазалайм. 4 Көзүм аябайт+, боорум оорубайт. Сени жолдоруңа жараша жоопко тартам, жийиркеничтүү иштериң үчүн жазалайм+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“+.
5 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мына, алаамат! Болуп көрбөгөн алаамат келатат!+ 6 Сенин күнүң бүтөт+, күтүлбөгөн жерден күнүң бүтөт. Мына, ал маал жакындап келатат!+ 7 Оо, жер тургуну, башыңа алаамат* түшөт. Ал маалдын, ал күндүн келерине аз калды+. Баары дүрбөлөңгө түшүп, тоолордо шаттанган үндөр угулбай калды.
8 Жакында сага каарымды төгөм+, бүт жаалымды чачам+, сени жолдоруңа жараша соттойм+, бардык жийиркеничтүү иштериң үчүн жазалайм. 9 Көзүм аябайт+, боорум оорубайт+. Сени жолдоруңа жараша жоопко тартам, жийиркеничтүү иштериң үчүн жазалайм+. Ошондо менин силерге сокку урган Жахаба экенимди билесиңер+.
10 Мына, ошол күн! Мына, ошол күн келатат!+ Алаамат жакындап келатат+. Таяк гүлдөдү+. Менменсингендик бутактады+. 11 Зордук-зомбулук ыймансыздыкты жазалоочу таякка айланды+. Аларды өзүлөрү да, байлыгы да, бийик даражасы да куткара албайт. 12 Ошол маал, ошол күн келет. Сатып алган киши сүйүнбөсүн+, саткан киши кайгырбасын, анткени бүт элге каарым кайнады. 13 Саткан киши аман калса да, сатканына кайтып келбейт, себеби аян бул элдин баарына тиешелүү. Эч ким кайра кайтып келбейт, кылган кылмышы менен эч ким өмүрүн сактап кала албайт.
14 Алар сурнай тартты+, баары даярданды. Бирок бири да согушка чыккан жок, анткени бүт элге каарым кайнады+. 15 Сыртта — кылыч+, ичкериде — жугуштуу оору, ачарчылык+. Талаадагылар кылычтан өлөт, шаардагылар ачарчылык менен жугуштуу оорудан кырылат+. 16 Аман калгандары качып кетип+, өрөөндүн көгүчкөндөрүндөй болуп+ тоолордо жашайт. Баары онтойт, ар бири өз кылмышы үчүн онтойт. 17 Баарынын кайраты качып+, тизелеринен суу* тамчылайт+. 18 Алар таар* курчанышат+, калтырап-титирешет+. Баарынын бети кызарып+, чачы түшөт+.
19 Алар күмүшүн көчөгө ыргытышат, алтыны да көздөрүнө жийиркеничтүү нерседей көрүнүп калат. Жахабанын каары кайнаган күнү аларды алтын-күмүшү куткарбайт+. Алар жанын тойгуза албайт, кардын толтура албайт, анткени байлыктын айынан күнөөгө батышты*+. 20 Жасалгаларынын кооздугунан улам бой көтөрүп, алтын-күмүштөн жийиркеничтүү буркандарды+, ыпылас нерселерди жасашты+. Ошон үчүн мен анын баарын өзүлөрүнө жийиркеничтүү кылам+. 21 Алардын алтын-күмүшүн чоочундарга талатып-тонотом, жердин ыймансыздарына олжо кылып берем+, алар анын баарын арамдашат.
22 Мен алардан жүзүмдү бурам+, ошондо алар* ыйык жайымды* арамдашат. Талап-тоноочулар кирип, аны арамдап кетишет+.
23 Чынжыр жаса+, анткени жер кандуу өкүмгө+, шаар зордук-зомбулукка толду+. 24 Мен элдердин эң каардуусун алып келем+, ошондо алар үйлөрүңөрдү тартып алат+, күчтүүлөрдүн бой көтөрүүчүлүгүн тыям+, ошондо ыйык жайларыңар арамдалат+. 25 Эл кыйналып, тынчтык издейт, бирок тынчтык болбойт+. 26 Кырсык артынан кырсык басат+, кабар артынан кабар келет. Эл пайгамбардан аян сурайт+, дин кызматчы мыйзамды үйрөтпөй калат, аксакалдар кеңеш бербей калышат+. 27 Падыша да күйүт тартат+, башчы мүңкүрөйт+, элдин колу титирейт. Мен аларды жолдоруна жараша жоопко тартам+, өздөрү соттогондой соттойм+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“»+.