Обадия
Обадия
1 Обадия алган аян.
Эгедер Теңир Жахаба Эдом+ тууралуу мындай дейт: «Биз Жахабадан кабар уктук. Элдер арасында: „Тургула, аны менен согушалы“,— деп жарыялоого кабарчы жиберилди»+.
2 «Мына, мен сени элдердин арасында аз эл кылдым+. Сен аябай жек көрүндү болдуң+. 3 Асканын далдаасында жашап+, менменсинген жүрөгүңө алдандың+. Бийикте жашагандыктан, ичиңен: „Мени ким жерге кулатмак эле?“ — дедиң. 4 Бүркүткө окшоп, бийикке көтөрүлсөң да, жылдыздардын арасына уя салсаң да, мен сени кулатып түшүрөм»+,— дейт Жахаба.
5 «Эгер сага ууру кирсе, түн жарымда талап-тоноочу келсе, канчалык таланып-тонолот элең?+ Алар канча кааласа, ошончо гана уурдашмак эмеспи? Же жүзүм жыйнагандар келсе, артынан аз болсо да мөмө калтырбай коюшмак беле?+ 6 Эйсаптын тинтилбеген жери калган жок!+ Анын катылып жаткан байлык-кенчи табылды! 7 Өзүң менен келишим түзгөндөр сени чек арага узатып барышты, баары алдап кетишти+, сени менен тынчтыкта жашагандар сага үстөмдүк кылып калышты+. Сен кыраакы болбогондуктан+, өзүң менен тамактангандар алдыңа тор жаят. 8 Ушунун баары ошол күнү болбой коёбу?» — дейт Жахаба.
«Ошондо мен Эдомдун акылмандарын, Эйсаптын тоолуу аймагынын кыраакыларын жок кылам+. 9 Теман+, сенин эр-азаматтарыңдын үрөйү учат+. Анткени Эйсаптын тоолуу аймагындагылардын баары кырылып+ жок болот+. 10 Бир тууганың Жакыпка зомбулук кылганың үчүн+ уятка каласың+, түбөлүккө жок болосуң+. 11 Сен четте турган күнү, чоочундар анын аскерлерин туткундап+, бөтөн жерликтер дарбазасынан кирип+, Иерусалим үчүн өкчөмө таш ыргыткан күнү+ сен да ошолордой болдуң.
12 Бир тууганыңдын башына мүшкүл түшкөн күнү табалап карап турбашың керек болчу+. Жүйүт уулдары кырылып жаткан күнү кубанбашың керек болчу+, алар кыйналып жаткан күнү текеберденип сүйлөбөшүң керек болчу. 13 Элимдин башына каран түн түшкөн күнү+ анын дарбазасына кирбешиң керек болчу. Башына каран түн түшкөн күнү кыйналып жатканын карап турбашың керек болчу. Башына каран түн түшкөн күнү байлыгына тийбешиң керек болчу+. 14 Анын качып бараткандарын өлтүрүш үчүн+ жолдордун кесилишинде турбашың керек болчу, башына каран түн түшкөн күнү+ аман калгандарын душмандарынын колуна салып бербешиң керек болчу. 15 Жахабанын бүт элдерге каршы чыга турган күнүнө аз калды+. Сен эмне кылсаң, сага да ошону кылышат+. Сен кандай мамиле кылсаң, сага да ошондой мамиле кылышат+. 16 Силер менин ыйык тоомдо шарап ичкениңердей эле, бүт элдер каарымды шараптай тынымсыз ичишет+. Алар ичип, жутушат да, мурун эч качан болбогондой жок болушат.
17 Ал эми качып кеткендер Сион тоосуна барышат+, ал ыйык болот+. Жакыптын үйү өз мурасына ээ болот+. 18 Жакыптын үйү от+, Жусуптун үйү жалын болот, Эйсаптын үйү болсо саман болот+. Алар аны өрттөп, жалмап жок кылышат. Эйсаптын үйүнөн бири да аман калбайт+, анткени муну Жахаба айтты. 19 Алар Негепти, Эйсаптын тоолуу аймагын, Шепеланы жана пелиштиликтердин+ жерин ээлешет+. Алар Эпрайым+ менен Самариянын талааларын ээлешет+, Бенжемин болсо Гилатка ээлик кылат+. 20 Ал эми ушул коргоо дөбөсүнөн+ туткундалып кеткен Ысрайыл уулдары канаандыктардын Сарепатка+ чейинки жерлерин ээлешет+. Иерусалимден туткундалып кетип, Сепаратта жүргөндөр Негептин шаарларына+ ээлик кылышат.
21 Куткаруучулар+ Эйсаптын тоолуу аймагын соттош үчүн+ Сион тоосуна чыгышат+. Падышалык Жахабага таандык болот»+.