Сандар
24 Ысрайылга бата бергени Жахабага жакканын түшүнгөндө Билам мурункудай болуп+ жамандыктан кабар берген белгилерди издебей калды+. Ал жүзүн чөлдү көздөй буруп, 2 уруу-уруусу менен чатырларда жашаган ысрайыл элин көргөндө+, ага Кудайдын руху түштү+. 3 Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты+:
«Беордун уулу Биламдын,
Көздөрү ачык кишинин сөздөрү+,
4 Кудайдын сөздөрүн уккан кишинин+,
Көздөрү ачык бойдон жыгылып баратканда+
Кудурети Күчтүү аян көрсөткөн кишинин сөздөрү+:
5 Оо, Жакып, сенин чатырларың кандай кооз+, Ысрайыл, жашаган жерлериң кандай кооз!
Дарыянын жээгиндеги бактардай+,
Жахаба отургузган алоэ дарактарындай,
Суу боюндагы бал карагайлардай+ болуп жайылып жатат.
7 Анын эки чакасынан суу агып турат,
Уруктары чоң суулардын жээгине себилген+.
Анын падышасы+ Агактан өйдө болот+,
Падышалыгы күчтүү болот+.
8 Кудай аны Мисирден алып чыгып келатат,
Ал эл жапайы букадай тез келатат+.
Ал өзүн эзген элдерди кыйратат+,
Алардын сөөктөрүн кемирет+, аларды жебелери менен атып өлтүрөт+.
9 Ал жатып алды, арстандай болуп жатып алды,
Ал арстанга окшош, аны ордунан козгоого ким даай алат?+
Сага бата бергендер бата алат+,
Сени каргагандар каргышка калат»+.
10 Ошондо Балак Биламга каары кайнаганынан алаканын шак чаап+: «Мен сени душмандарымды каргап берсин деп чакырсам+, сен аларга ушуну менен үч жолу бата бердиң. 11 Бар, жолуңа түш! Мен сени сыйлайын деген элем+, бирок Жахаба сени сыйдан кур калтырды»,— деди.
12 Билам ага: «Сен жиберген кабарчыларга мен: 13 „Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, мен Жахабанын буйругун бузуп, өзүм билип чоң да, кичине да иш кыла албайм. Жахаба мага эмне десе, ошону айтам“,— деп айткан эмес белем?+ 14 Болуптур, өз элиме кетейин. Бирок, бери келчи, мен сага бул элдин күндөрдүн акырында сенин элиңди эмне кыларын+ айтып берейин»,— деди+. 15 Ал мындай сөздөрдү айтты+:
«Беордун уулу Биламдын,
Көздөрү ачык кишинин сөздөрү+,
16 Кудайдын сөздөрүн уккан+,
Эң Жогорку Кудайдан билим алган кишинин сөздөрү...
Көздөрү ачык бойдон жыгылып баратканда+
Кудурети Күчтүү аян көрсөткөн кишинин сөздөрү+:
17 Мен аны көрөм+, бирок азыр эмес,
Аны көрөм, бирок жакындан эмес.
Жакыптын тукумдарынан жылдыз чыгат+,
Ысрайылдын тукумдарынан падыша таягы көтөрүлөт+.
Ал Мааптын башын,
Согуш уулдарынын баарынын баш сөөгүн жара чабат+.
18 Ысрайыл күчүн көрсөтүп,
Эдомду ээлеп алат+,
Ооба, Сеирди+ душмандары ээлеп алат+.
19 Жакыптын тукумдарынан баскынчы чыгып+,
Шаарда аман калгандардын баарын жок кылат»+.
20 Амалыкты көрүп, ал+:
«Амалык элдердин биринчиси эле+,
Бирок ал акыры өлүп жок болот»,— деди+.
21 Кейниликтерди+ көрүп, мындай деди:
«Сенин турагың бекем, ал уяга окшоп аскага салынган.
22 Бирок Кабылды*+ өрттөй турган бирөө келет.
Ашур келип, сени туткундап кетерине канча калды?»+
23 Анан сөзүн мындай деп улады:
«Каран түн! Кудай муну ишке ашырганда ким аман калат?+
24 Киттимдин жээгинен кемелер келип+,
Ашурду багындырып алат+,
Эберди да багындырып алат.
Бирок акыр-аягы өзү да жок болот».
25 Анан Билам ордунан туруп, жолуна түштү+. Балак да өз жолуна түштү.