Марк
11 Иерусалимге, Зайтун тоосундагы Бетфагия менен Бетанияга+ жакындап калышканда, Иса эки шакиртин жөнөтүп жатып+: 2 «Тээтиги көрүнүп турган кыштакка баргыла. Кыштакка кирериңер менен эч ким мине элек кодиктин байланып турганын көрөсүңөр. Кодикти чечип, мага алып келгиле+. 3 Эгер кимдир бирөө: „Эмне кылып жатасыңар?“ — десе, „Бул Мырзабызга керек. Кайра бат эле алып келип берет“,— деп айткыла»,— деди+. 4 Алар барып, сыртта, эшиктин алдында байланып турган кодикти таап, чече башташты+. 5 Бирок ал жерде тургандардын айрымдары: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» — дешти+. 6 Шакирттер болсо Иса айткандай жооп беришти. Ошондо тигилер аларды коё берди+.
7 Шакирттер кодикти Исага алып келип+, үстүнө сырт кийимдерин салышты. Анан Иса кодикке минди+. 8 Көптөр жолго сырт кийимдерин төшөсө+, башкалары жол боюнан жалбырактуу бутактарды кесип келип+, төшөп жатышты+. 9 Алды-артында келаткандар: «Өтүнөбүз, куткар!+ Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!+ 10 Атабыз Дөөтүнүн жакындап келаткан Падышалыгына+ Кудайдын батасы тийсин! Жогорудагы Кудай, өтүнөбүз, куткар!» — деп кыйкырып жатышты. 11 Иса Иерусалимге келип, ибадатканага кирди. Анын ичин бүт карап чыккандан кийин, кеч кирип бараткандыктан, он эки шакирти менен Бетанияга кетти+.
12 Эртеси күнү Бетаниядан чыгышканда, Иса ачка болду+. 13 Ал алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, мөмөсү бар бекен деп, аны көздөй басты. Бирок жанына барып, жалбырактарынан башка эчтеке тапкан жок, анткени анжир бышчу маал келе элек болчу+. 14 Ошондо Иса даракка: «Мындан ары сенден эч ким мөмө жебесин»,— деди+. Муну шакирттери да укту.
15 Анан алар Иерусалимге келишти. Иса ибадатканага кирип, соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салды+, 16 ибадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүп бараткандарды өткөрбөй койду. 17 Анан элди окутуп жатып: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм бардык элдер үчүн+ тиленүү үйү деп аталат“,— деп жазылган эмес беле?+ Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— деди+. 18 Муну уккан жогорку дин кызматчылар менен китепчилер аны өлтүрүүнүн жолун издей башташты+. Бирок алар андан коркуп жатышты, анткени бүт эл анын окутуусуна таң калып жаткан эле+.
19 Кеч киргенде, Иса менен шакирттери адаттагыдай эле шаардан чыгып кетишти. 20 Эртең менен эрте анжир дарагынын жанынан өтүп баратып анын тамырына чейин куурап калганын көрүштү+. 21 Ошондо Петир эстей калып, Исага: «Устат, карасаң, сен каргаган анжир дарагы куурап калыптыр»,— деди+. 22 Иса аларга мындай деп жооп берди: «Кудайга ишенгиле. 23 Силерге айтып коёюн, ким бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десе жана буга жүрөгүндө эч шектенбей, айтканы аткарыларына ишенсе, айтканындай болот+. 24 Ошондуктан силерге айтарым: эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле. Ошондо силерге сөзсүз берилет+. 25 Ордуңардан туруп, тиленип жатканыңарда, жүрөгүңөрдө башкаларга каршы бир нерсе бар болсо, аларды кечирип койгула+. Ошондо асмандагы Атаңар да силердин каталарыңарды кечирет»+. 26 * ——
27 Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Иса ибадатканада жүргөндө, жогорку дин кызматчылар, китепчилер жана аксакалдар жанына келип+: 28 «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+. 29 Иса аларга: «Мен силерге бир суроо берейин. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам+. 30 Жакан чөмүлдүрүүгө+ бийликти асмандан алганбы же адамдарданбы? Жооп бергиле»,— деди+. 31 Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+. 32 Же: „Адамдардан“,— деп айтсакпы?..» — деп өз ара сүйлөшө башташты. Бирок элден коркушту, анткени баары Жаканды пайгамбар болгон деп эсептешчү+. 33 Анан: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо Иса: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм»,— деди+.