Жакан
12 Пасах майрамына алты күн калганда, Иса Бетанияга+, Лазарды тирилткен айылга+, барды. 2 Ал жерде аны кечки тамакка чакырышты. Лазар башкаларга кошулуп, Иса менен бирге дасторконго отурду+. Марта+ болсо конокторду тейлеп жүрдү+. 3 Ошол убакта Мариям 300 граммдай жыпар жыттуу май — абдан кымбат таза нард*+ — алып келди да, Исанын бутун майлап, чачы менен сүртө баштады+. Бүт үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып чыкты. 4 Ошондо шакирттердин бири, Исага чыккынчылык кылууну ойлонуштуруп жүргөн Жүйүт Искариот+: 5 «Бул жыпар жыттуу майды 300 динарга сатып+, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болбойт беле?» — деди+. 6 Бирок ал муну жакырлардын камын ойлогондуктан эмес, ууру болгондуктан айтты+. Анткени акча салынган куту анда болгондуктан+, ал түшкөн акчадан уурдап жүрчү. 7 Иса ага: «Ушул кааданы аткарып, денемди көргө коюла турган күнгө даярдашы үчүн+ бул аялды жайына кой. 8 Анткени жакырлар дайыма жаныңарда болот+, ал эми мен дайыма эле боло бербейм»,— деди.
9 Исанын ошол жерде экенин билгенде көптөгөн жүйүттөр аны эле эмес, ал тирилткен Лазарды+ да көргөнү келишти. 10 Ошондо жогорку дин кызматчылар Лазарды да өлтүрүүнү чечишти+, 11 анткени ал жерге келген жүйүттөрдүн көптөрү Лазарды көрүп Исага ишенип калышты+.
12 Майрамга келген эл кийинки күнү Исанын Иерусалимге келатканын укканда 13 колдоруна курма дарагынын бутактарын алып+, алдынан тосуп чыгышты. Алар: «Өтүнөбүз, куткар!+ Жахабанын ысмы менен келатканга, Ысрайылдын падышасына+ Анын батасы тийсин!»+ — деп кыйкырып жатышты+. 14 Иса болсо бир кодик таап+, ага минип келаткан эле. Бул тууралуу Ыйык Жазмада: 15 «Коркпо, Сион кызы. Мына, падышаң кодик+ минип келатат»+,— деп жазылган. 16 Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес+. Бирок Иса даңкталгандан кийин+, алар мунун баары Ыйык Жазмада Исага байланыштуу жазылганын жана эл ага ошондой кылганын эстешти+.
17 Иса Лазарды мүрзөдөн чакырып+, тирилткенде жанында болгондор ал тууралуу күбөлөндүрүп жүрүшкөн эле+. 18 Андыктан ошол керемет+ жөнүндө уккан эл аны тосуп чыкты. 19 Фарисейлер+ болсо өз ара: «Көрдүңөрбү, колубуздан эч нерсе келбей калды. Бүт дүйнө анын артынан баратат!» — деп жатышты+.
20 Кудайга сыйыныш үчүн майрамга келгендердин арасында гректер да бар эле+. 21 Алар Галилеянын Бетсаида шаарынан болгон Филипке+ келип: «Мырза, биз Исаны көрөлү дедик эле»,— дешти+. 22 Филип барып, бул тууралуу Андреске айтты. Анан экөө Исага барып айтышты.
23 Иса аларга мындай деди: «Адам Уулунун даңкталар убагы келди+. 24 Силерге чындыкты айтып коёюн, эгер буудайдын даны жерге түшүп, чирибесе*, бирөө бойдон калат. Эгер чирисе*+, көп түшүм берет. 25 Ким өз жанын жакшы көрсө, андан айрылат. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө+, аны сактап калат жана түбөлүк өмүргө ээ болот+. 26 Ким мага кызмат кылгысы келсе, мени ээрчисин. Мен каерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот+. Ким мага кызмат кылса, Атам аны урматтайт+. 27 Жаным кыйналып турат+. Эмне дейин? Ата, мени ушул сааттан куткара көр+. Бирок мен ушул саат үчүн келгем. 28 Ата, өз ысмыңды даңкта». Ошондо асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»+,— деген үн угулду+.
29 Муну укканда ошол жерде тургандардын айрымдары: «Күн күркүрөдү»,— десе, башкалары: «Ага периште сүйлөдү»,— дешти. 30 Иса аларга: «Бул үн мен үчүн эмес, силер үчүн угулду+. 31 Бул дүйнө соттоло турган убак келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусу+ куулуп чыгарылат+. 32 Мен болсо жерден көтөрүлгөндөн кийин+ өзүмө ар кандай адамдарды жакындатам»,— деди+. 33 Муну ал өзүнүн кандай өлүм менен өлөрүн билдириш үчүн айтты+. 34 Ошондо чогулгандар андан: «Биз Мыйзамда Машаяктын түбөлүк жашаары тууралуу айтылганын укканбыз+. Адам Уулунун жогору көтөрүлүшү керектиги жөнүндөгү сөздөрүңдү кандай түшүнсө болот?+ Адам Уулу+ деген ким?» — деп сурашты. 35 Иса: «Жарык араңарда дагы бир аз убакыт болот. Караңгылык силерди каптап калбашы үчүн+, жарык барда, жарыкта жүргүлө. Караңгылыкта жүргөн киши кайда баратканын билбейт+. 36 Жарыктын уулдары болушуңар үчүн+, араңарда жарык барда, ага ишенгиле»,— деди.
Ушуларды айткандан кийин ал жерден кетип, жашынып калды. 37 Иса алардын көз алдында көп керемет көрсөтсө да, алар ага ишенишкен жок. 38 Ошентип, Ышая пайгамбардын: «Жахаба, биз уккан нерсеге ким ишенди?+ Жахабанын күчү* кимге көрсөтүлдү?»+ — деген сөздөрү аткарылды. 39 Алардын эмне себептен ишенбегени жөнүндө Ышая: 40 «Ал көздөрүн сокур кылып, жүрөктөрүн катуулантып койгон+. Ошондуктан алар көрбөйт, айтылгандардын мааниси жүрөктөрүнө жетпейт, айыктырышым үчүн, мага кайрылышпайт»,— деп да айткан+. 41 Ышая Машаяктын даңкын көргөндүктөн+ ал жөнүндө ушинтип айткан. 42 Атүгүл башкаруучулардын арасынан да көптөр Исага ишенип калышты+. Бирок фарисейлерден улам бул тууралуу ачык билдиришкен жок, анткени синагогадан чыгарылып калгандан коркушту+. 43 Алар Кудайдын алдында даңкталганга караганда адамдардын алдында даңкталганды артык көрүштү+.
44 Иса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Ким мага ишенсе, мага эле эмес, мени жибергенге да ишенет+. 45 Ким мени көрсө, мени жибергенди да көрөт+. 46 Мага ишенгендердин бири да караңгылыкта калбашы үчүн+, мен дүйнөгө жарык сыяктуу келдим+. 47 Менин сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандарды соттобойм, анткени мен дүйнөнү соттош үчүн эмес+, куткарыш үчүн келгем+. 48 Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албагандарды соттой турган сот бар. Мен айткан сөз аларды акыркы күнү соттойт+. 49 Анткени мен өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөшүм керектигин мага мени жиберген Атам осуят кылган+. 50 Анын осуяты түбөлүк өмүргө алып барарын билем+. Ошондуктан мен, Атам кандай айтса, ошондой сүйлөп жатам»+.