Жакан
19 Ошондо Пилат Исаны сабаганга буйрук берди+. 2 Жоокерлер Исанын үстүнө кызгылт көк кийим кийгизип, башына тикенектен өрүлгөн таажы кийгизишти+. 3 Анан жанына келип: «Саламатсыңбы, жүйүттөрдүн Падышасы!» — деп, аны жаакка чаба башташты+. 4 Пилат кайра сыртка чыгып, чогулган элге: «Карагыла! Андан эч кандай айып таппаганымды билишиңер үчүн, аны алдыңарга алып чыгып жатам»,— деди+. 5 Ошондо башына тикенек таажы, үстүнө кызгылт көк кийим кийген Иса чыкты. Пилат элге: «Мына, адам!» — деди. 6 Бирок жогорку дин кызматчылар менен сакчылар Исаны көргөндө: «Устунга* када муну! Устунга када!» — деп кыйкыра башташты+. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла. Мен мындан эч кандай айып тапкан жокмун»,— деди+. 7 Жүйүттөр ага: «Бизде бир мыйзам бар+. Ошол мыйзам боюнча, бул өлүшү керек, анткени өзүн Кудайдын уулумун деп атап жүргөн»,— деп айтышты+.
8 Муну укканда Пилат ого бетер коркуп кетти. 9 Анан кайра ак сарайына кирип, Исадан: «Сен кайдан келгенсиң?» — деп сурады. Бирок Иса жооп берген жок+. 10 Ошондо Пилат ага: «Мага жооп бербейсиңби?+ Сени бошотуп жиберүүгө да, устунга кадатып салууга да бийлигим бар экенин билбейсиңби?» — деди. 11 Иса: «Жогорудан берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийликке ээ болмок эмессиң+. Ошондуктан мени колуңа салып берген адамдын күнөөсү чоңураак»,— деп жооп берди.
12 Ошондо Пилат аны бошотуунун жолун кайрадан издей баштады. Бирок жүйүттөр: «Эгер аны бошотсоң, падышага* дос эмессиң. Ким өзүн падыша кылып көрсөтсө, ал падышага каршы чыккан болот»+,— деп кыйкырып киришти. 13 Бул сөздөрдү укканда Пилат Исаны тышка чыгарып, Таш аянт, еврейче Габата деп аталган жайдагы сот тактысына отурду. 14 Ошол учурда пасах майрамына даярдык көрүлүп жаткан+. Алтынчы* саат чамасы эле. Пилат жүйүттөргө: «Мына, силердин падышаңар!» — деди. 15 Бирок алар: «Өлтүр аны! Өлтүр! Устунга када!» — деп кыйкырышты. «Падышаңарды устунга кадайынбы?» — деп сурады Пилат. Жогорку дин кызматчылар: «Императордон башка падышабыз жок»,— деп жооп беришти+. 16 Ошондо Пилат Исаны устунга кадатыш үчүн алардын колуна салып берди+.
Жоокерлер Исаны алып кетишти. 17 Ал өзүнүн жаза устунун көтөрүп+, Баш-Сөөк, еврейче Голгота+ деп аталган жерди көздөй басты+. 18 Ошол жерде аны устунга кадашты+. Анын эки жагына эки кишини кадашты+. 19 Пилат тактайча жасатып, ага «Назареттик Иса, жүйүттөрдүн Падышасы» деп жаздырды да, аны жаза устунунун өйдө жагына кадатып койду+. 20 Ал жазууну көптөгөн жүйүттөр окуду, анткени Иса устунга кадалган жер шаардан алыс эмес эле+. Жазуу еврейче, латынча жана грекче жазылган болчу. 21 Бирок жүйүттөрдүн жогорку дин кызматчылары Пилатка: «„Жүйүттөрдүн Падышасы“ деп эмес, өзү айтып жүргөндөй, „Мен жүйүттөрдүн Падышасымын“ деп жаз»,— дешти. 22 Пилат: «Эмнени жазсам, ошону жаздым»,— деп жооп берди.
23 Жоокерлер Исаны устунга кадагандан кийин анын сырт кийимин алып, төрткө бөлүштү да, ар бири бир бөлүктөн алды. Алар анын ички кийимин да алышты. Бирок ал тигилген эмес, башынан аягына чейин токулган кийим эле+. 24 Ошондуктан алар бири-бирине: «Муну айрыбай эле коёлу. Андан көрө, өкчөмө таш ыргытып, кимибизге тиерин көрөлү»,— дешти. Бул Ыйык Жазмадагы: «Сырт кийимимди өз ара бөлүп алышты. Кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытышты»+,— деген сөздөр аткарылышы үчүн болду. Жоокерлер дал ошондой кылышты.
25 Иса кадалган жаза устунунун жанында энеси+, таежеси, Клопанын аялы Мариям+, магдалалык Мариям турган+. 26 Иса энесин жана анын жанында турган жакшы көргөн шакиртин көрүп+, энесине: «Мына, ушундан тартып бул сенин уулуң болот!» — деди. 27 Анан шакиртине: «Мына, ушундан тартып бул сенин энең болот!» — деди. Ошол убактан тартып ал шакирт Исанын энесин өз үйүнө алды.
28 Ошондон кийин Иса бардыгы орундалганын билип, Ыйык Жазмадагы сөздөр аткарылышы үчүн: «Суусадым»,— деп айтты+. 29 Ал жерде кычкыл шарап куюлган идиш турган эле. Жоокерлер кычкыл шарапка малынган соргучту алып, иссоп деген өсүмдүктүн сабагына илишти да, Исанын оозуна такашты+. 30 Ал кычкыл шарапты татып көргөндөн кийин: «Аткарылды!» — деди+. Анан башы шылк дей түштү да, жан берди*+.
31 Даярдык көрүү күнү болгондуктан+, жүйүттөр жаза устунуна кадалгандардын сөөгү ишемби күнгө калбашы үчүн+ (анткени ал күн улуу ишемби болчу)+, Пилаттан алардын буттарын сындырып, өлүгүн ал жерден алып кетүүнү суранышты. 32 Ошондуктан жоокерлер келип, Исанын жанына кадалгандардын биринчисинин, анан экинчисинин буттарын сындырышты. 33 Ал эми Исанын жанына келип, анын өлүп калганын көрүшкөндүктөн бутун сындырышкан жок. 34 Бирок жоокерлердин бири Исаны найза менен капталга сайды+. Ошол замат анын денесинен кан менен суу чыкты. 35 Мунун баарын өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат. Анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн, силер да ишенип калышыңар үчүн, чындыкты айтып жатканын билет+. 36 Булар Ыйык Жазмадагы: «Анын бир да сөөгү сынбайт»+,— деген сөздөр аткарылышы үчүн болду. 37 Ыйык Жазманын дагы бир жеринде: «Алар өздөрү найза менен сайган кишини карашат»,— деп айтылат+.
38 Андан кийин Исанын шакирттеринин бири, ариматаялык Жусуп, Пилаттан Исанын сөөгүн алып кетүүгө уруксат сурады. Жүйүттөрдөн корккондуктан ал Исанын шакирти экенин жашырып жүрчү+. Пилат уруксат бергенде+, Жусуп барып, сөөктү алып кетти+. 39 Ошондой эле Исага биринчи жолу түн жамынып келген Никедим отуз килограммдай мирра* жана алой салынган түйүнчөк алып келди+. 40 Алар, жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча, Исанын сөөгүн ошол жыпар жыттуу чөптөрдү кошуп зыгыр кездеме менен кепиндешти+. 41 Иса устунга кадалган жерде бакча бар болчу. Ал бакчада эч ким коюла элек жаңы мүрзө бар эле+. 42 Жүйүттөрдүн баары майрамга даярдык көрүп жаткандыктан+ жана мүрзө жакын болгондуктан, Исаны ошол мүрзөгө коюшту.