Элчилер
11 Жүйүт жериндеги бир туугандар менен элчилер Кудайдын сөзүн башка улуттагы адамдар да кабыл алганын угушту+. 2 Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузууну жактагандар+ аны менен талашып-тартышып, 3 анын сүннөткө отургузулбагандардын үйүнө киргенин, алар менен бирге тамак жегенин айтып айыпташты. 4 Ошондо Петир аларга баарын ирети менен мындай деп түшүндүрө баштады:
5 «Бир жолу Жапа шаарында тиленип жатып аян алдым. Аянда асмандан төрт бурчунан кармалган чоң зыгыр дасторконго окшогон нерсе түз эле жаныма түштү. 6 Жакшылап карасам, анда жерде жашаган төрт аяктуу жаныбарлар, жапайы айбандар, сойлоп жүрүүчүлөр жана асманда учкан канаттуулар бар экен+. 7 Анан: „Петир, ордуңан тур да, буларды союп же!“ — деген үндү уктум+. 8 Бирок мен: „Жок, Мырзам. Мен арам же таза эмес нерсени эч качан оозума алган эмесмин“,— дедим+. 9 Ошондо асмандан экинчи жолу: „Кудай тазалаган нерсени мындан ары арам дебе“+,— деген үн угулду. 10 Анан үн үчүнчү жолу угулду да, бардыгы кайра асманга көтөрүлүп кетти+. 11 Так ошол учурда биз токтогон үйгө Кесариядан мени чакырыш үчүн жиберилген үч киши келди+. 12 Ошондо ыйык рух+ мага эч шектенбей алар менен барышым керектигин айтты. Бул алты бир тууган да мени менен кошо жөнөп, баарыбыз тиги кишинин үйүнө бардык+.
13 Ал бизге үйүнөн периштени көргөнүн айтып берди. Периште ага: „Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду чакырт+. 14 Анын сага айта турган сөздөрү өзүңө да, бүт үйүңдөгүлөрүңө да куткаруу алып келет“+,— деп айтыптыр. 15 Мен сүйлөй баштаганда, мурун бизге түшкөндөй эле, аларга да ыйык рух түштү+. 16 Ошондо Мырзабыздын: „Жакан сууга чөмүлдүргөн+, силер болсо ыйык рухка чөмүлтүлөсүңөр“+,— деп бир нече жолу айткан сөздөрүн эстедим. 17 Эгер Кудай Мырзабыз Иса Машаякка ишенген бизге берген белегин аларга да берип жатса+, Кудайга тоскоолдук кылгыдай мен киммин?»+
18 Петирдин сөздөрүн укканда тигилер тынчтанып+: «Демек, башка улуттагылар да өмүр алышы үчүн, Кудай аларга өкүнүүгө мүмкүнчүлүк берген турбайбы»+,— деп Кудайды даңкташты+.
19 Степандын өлүмү менен башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткен+ шакирттер Финикияга+, Кипрге+ жана Антиохияга чейин барышты, бирок жүйүттөрдөн башка эч кимге кабар айтышкан жок+. 20 Ал эми алардын арасындагы айрым кипрликтер менен киреналыктар Антиохияга барып, грекче сүйлөгөндөр+ менен маектешип, аларга Мырзабыз Иса тууралуу жакшы кабар айта башташты+. 21 Жахаба алар менен болгондуктан+, көп адамдар ишенимди кабыл алып, Мырзабыздын жолун жолдой башташты+.
22 Бул тууралуу Иерусалимдеги жыйналышка да кабар жетип, алар Барнабаны+ Антиохияга жөнөтүштү. 23 Ал жакка барганда Барнаба Кудайдын шакирттерге ырайым кылганын көрүп+, абдан кубанды+. Анан баарын Мырзабызга берилгендик көрсөтүүгө чын жүрөктөн чечкиндүү болууга үндөдү+. 24 Ал ыйык рухка толгон, ишеними күчтүү жакшы киши болчу. Ошентип, Мырзабызга көп эл ишенип калды+. 25 Андан кийин Барнаба Шабылды издеп+ Тарска+ жөнөдү. 26 Тапкандан кийин аны Антиохияга алып келди. Бир жыл бою экөө ошол жердеги жыйналыш менен болуп, көптөрдү окутушту. Шакирттер Кудайдын жетекчилиги менен биринчи жолу Антиохияда Машаяктын жолдоочулары* деп аталышты+.
27 Ошол күндөрдө Иерусалимден Антиохияга пайгамбарлар келди+. 28 Алардын арасынан Агап деген пайгамбар+ жакында бардык жерде катуу ачарчылык болорун рухтун жетеги менен кабарлады+. Ал ачарчылык кийин Клавдийдин тушунда болду. 29 Ошондо шакирттер, ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша+, Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечишти+. 30 Анан чогулткандарын Барнаба менен Шабыл аркылуу аксакалдарга берип жиберишти+.