Элчилер
13 Антиохиядагы жыйналышта пайгамбарлар+ менен окутуучулар бар эле. Алар — Шабыл, Барнаба, Нигер деген да аты бар Шымон, киреналык Лукий+, дубан башчысы Ирод* менен бирге билим алган Манаен. 2 Алар Жахабага кызмат кылып+, орозо тутуп жүрүшкөндө, ыйык рух: «Барнаба менен Шабылды+ бөлүп бергиле. Мен аларды бир ишти аткарышы үчүн тандап алдым»,— деди. 3 Ошондо алар орозо тутуп, тиленгенден кийин ал экөөнүн үстүнө колдорун коюп+, жөнөтүштү.
4 Ыйык рух тарабынан жиберилген Барнаба менен Шабыл Селекияга барып, андан ары Кипр аралына сүзүп кетишти. 5 Анан Саламиске барып, жүйүттөрдүн синагогаларында Кудайдын сөзүн жарыялай башташты. Жакан+ аларга жардам берип жүрдү.
6 Аралды Пафоско чейин аралап өтүп, алар Бариса деген бир жүйүттү жолуктурушту. Ал көз байлоочу жана жалган пайгамбар+ эле. 7 Бариса Сергий Пабыл деген акылдуу бир кишиге, аймак акимине*, кызмат кылчу. Ал аким Кудайдын сөзүн угууну чын жүрөктөн каалап, Барнаба менен Шабылды чакыртты. 8 Бирок Элима* («көз байлоочу» деп которулат) Сергийдин Мырзабызга ишенип калышына тоскоолдук кылыш үчүн аларга каршылык көрсөтө баштады+. 9 Ошондо Пабыл деген да аты бар Шабыл ыйык рухка толуп, аны тигиле карады да: 10 «О, ичи жалгандык менен кара ниеттикке толгон адам, Ибилистин уулу+, бардык адил нерсенин душманы, Жахабанын түз жолдорун бурмалаганыңды качан коёсуң? 11 Мына, Жахабанын колу сага каршы көтөрүлдү. Ошондуктан сокур болуп, бир нече убакка чейин күндүн жарыгын көрбөй каласың»,— деди. Ошол замат аны коюу түтүн менен караңгылык каптап, көзү көрбөй калды. Ал колунан жетелей турган бирөөнү издеп, темселей баштады+. 12 Бул окуяга күбө болгон аймак акими+ Жахаба жөнүндө билгендерине абдан таң калып, ишенип калды.
13 Пабыл менен анын жанындагылар Пафостон чыгып, Памфилиядагы+ Пергеге сүзүп барышты. Бирок Жакан+ аларды таштап+, Иерусалимге кетип калды. 14 Пабыл менен Барнаба болсо, жолун улап, Пергеден Писидиядагы Антиохияга барышты да, ишемби күнү синагогага кирип отурушту+. 15 Мыйзамдан жана пайгамбарлардын китептеринен үзүндү окулгандан кийин+, синагога башчылары+ ал экөөнө: «Агайын-туугандар, элге айтчу бекемдээрлик сөзүңөр болсо, айткыла»,— деп айттырып жиберишти. 16 Ошондо Пабыл туруп, колу менен белги берди да+, мындай деди:
«Ысрайылдыктар жана Кудайдан корккон башка адамдар, кулак салгыла+. 17 Ысрайыл элинин Кудайы ата-бабаларыбызды тандап алган. Мисирде келгин болуп жашап жүрүшкөндө, аларга жардам берип, ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан+. 18 Андан кийин чөлдө аларга кырк жылдай чыдаган+. 19 Ал эми Канаандагы жети элди кырып жок кылган соң, алардын жерин ысрайыл элине бөлүп берген+. 20 Бул окуялардын баары 450 жылдай убакыт ичинде болуп өткөн.
Андан кийин Кудай аларга Шемуел пайгамбардын убагына чейин бийлерди дайындап келген+. 21 Кийин өздөрүнө падыша сурашканда+, Кудай аларга Бенжемин уруусунан чыккан Киштин уулу Шабулду+ падыша кылып койгон. Ал кырк жыл бийлик жүргүзгөн. 22 Аны тактысынан түшүргөндөн кийин+ Дөөтүнү падыша кылып койгон+. Кудай ал жөнүндө күбөлөндүрүп: „Мен жүрөгүмө жаккан адамды+, каалаганымдын баарын аткара турган+ Жышай+ уулу Дөөтүнү, таптым“,— деген. 23 Кудай, өзүнүн убадасына ылайык, анын тукумунан+ ысрайыл элине куткаруучуну+, Исаны, чыгарган. 24 Исанын+ келерине аз калганда, Жакан+ бүт ысрайыл элине өкүнүп, чөмүлтүлүү керектигин жар салган. 25 Кызматынын аягында болсо: „Мени ким деп эсептейсиңер? Мен силер ойлогон киши эмесмин. Менин артымдан бирөө келатат. Мен анын бутундагы сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын“,— деп айткан+.
26 Агайын-туугандар, Ыбрайымдын уулдары жана Кудайдан корккон башка адамдар, ушул куткарылуу жөнүндөгү сөз бизге жиберилди+. 27 Иерусалимдин тургундары менен алардын башчылары аны Машаяк катары кабыл албай+, ага өкүм чыгарышты. Ошентип, пайгамбарлардын ишемби күн сайын эл алдында окулган сөздөрүн аткарышты+. 28 Алар өлүм жазасына тартууга эч себеп табышпаса да+, Пилаттан аны өлтүрүшүн талап кылышты+. 29 Ал жөнүндө жазылгандардын баарын аткарышкандан кийин+, аны устундан түшүрүп+, мүрзөгө коюшту+. 30 Бирок Кудай аны тирилтип алды+. 31 Тирилгенден кийин ал өзү менен Галилеядан Иерусалимге келгендерге көп күн бою көрүнүп жүрдү. Алар азыр ал тууралуу элге күбөлөндүрүп жатышат+.
32 Ошентип, биз силерге ата-бабаларыбызга берилген убада+ жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап жатабыз. 33 Исаны тирилтүү менен+ Кудай ошол убадасын алардын балдары үчүн, биз үчүн, толук аткарды. Бул тууралуу экинчи забурда: „Сен менин уулумсуң, ушул күнү сага Ата болдум“,— деп жазылган+. 34 Кудай Исаны тирилткенин жана анын эч качан чирибей турганын: „Мен силерге Дөөтүгө убада кылган мээримдүүлүгүмдү* ишенимдүүлүк менен көрсөтөм“,— деп алдын ала айткан+. 35 Дагы бир забурда: „Сен ишенимдүү кызматчыңдын чиришине жол бербейсиң“,— делет+. 36 Дөөтү+ өз учурунда Кудайдын ачык билдирилген эркин аткаргандан кийин өлүм уйкусуна кеткен. Ал ата-бабаларынын жанына коюлуп, денеси чириген+. 37 Ал эми Кудай тирилткен кызматчынын денеси чириген эмес+.
38 Ошондуктан, агайын-туугандар, баарыңарга маалым болсун: ал аркылуу силерге күнөөлөрүңөрдүн кечирилери жарыяланып жатат+. 39 Силер Мусанын мыйзамы аркылуу адил боло албайсыңар+. Ал эми Исанын өлүмү аркылуу Кудай ишенген ар бир адамды адил деп жарыялайт+. 40 Андыктан сак болгула, пайгамбарлардын бул сөздөрү силердин башыңарга түшүп жүрбөсүн: 41 „Жек көрүүчүлөр, карагыла, таң калгыла, көз алдыман жок болгула. Анткени силердин күндөрүңөрдө бир иш жасап жатам. Ал тууралуу кимдир бирөө майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсе да, эч ишенбейсиңер“»+.
42 Алар сыртка чыгып баратканда, эл алардан бул тууралуу кийинки ишембиде да айтып беришин өтүнүштү+. 43 Синагогага чогулган эл тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алган адамдар Пабыл менен Барнабанын артынан жөнөштү+. Экөө алар менен сүйлөшүп, Кудайдын ырайымынан+ айрылбаганга үндөштү+.
44 Кийинки ишембиде дээрлик бүт шаар Жахабанын сөзүн укканы чогулду+. 45 Көп эл чогулганын көргөндө жүйүттөр көрө албастык кылып+, Пабылдын айткандарына каршы чыгып, акарат кыла башташты+. 46 Ошондо Пабыл менен Барнаба тайманбастан мындай дешти: «Кудайдын сөзү биринчи кезекте силерге айтылышы керек болчу+. Бирок силер аны четке кагып+, түбөлүк өмүргө татыктуу эмес экениңерди көрсөттүңөр. Ошондуктан биз башка элдерге кайрылып жатабыз+. 47 Анткени Жахаба: „Жердин учу-кыйырына чейин куткарылуу тартуулашың үчүн+, мен сени элдерге жарык кылып койдум“+,— деп айтып, бизге осуят берген».
48 Бул сөздөрдү укканда башка улуттагылар кубанып, Жахабанын сөзүн даңктай башташты+. Ошентип, түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондордун баары ишенип калышты+. 49 Жахабанын сөзү болсо ал аймактын туш тарабына тарап жатты+. 50 Бирок жүйүттөр+ Кудайга сыйынган кадыр-барктуу аялдарды жана шаардагы таасирдүү кишилерди Пабыл менен Барнабаны куугунтуктоого тукурушту+. Алар болсо экөөнү өздөрүнүн жеринен кууп чыгышты. 51 Пабыл менен Барнаба, аларга каршы күбөлөндүрүү болушу үчүн, буттарындагы чаңды күбүп+, Иконияга кетишти. 52 Шакирттер болсо кубанып+, ыйык рухка толо беришти.