Элчилер
16 Ошентип, Пабыл Дербеге, анан Листрага+ барды. Ал шаарда Тиметей+ деген шакирт бар эле. Анын энеси ишенимди кабыл алган жүйүт, ал эми атасы грек болчу. 2 Листрадагы жана Икониядагы бир туугандар Тиметейди дайыма макташчу. 3 Пабыл аны өзү менен кошо алып кеткиси келерин айтып, жанына ээрчитип алды. Бирок ошол жердеги жүйүттөрдү эске алып, адегенде аны сүннөткө отургузду+, анткени баары анын атасынын грек болгонун билишчү. 4 Алар шаарларды кыдырып, бир туугандарга алар карманышы керек болгон чечимдерди, Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди, айтып жүрүштү+. 5 Мунун аркасында бир туугандардын ишеними бекемделип+, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өсүп жатты.
6 Ыйык рух аларга сөздү Азияда айтууга тыюу салгандыктан, алар Фригия менен Галатия жерлерин аралап өтүштү+. 7 Анан Мусияга жеткен соң Битинияга+ барууга аракет кылышты. Бирок Иса рух аркылуу ага жол берген жок. 8 Ошондо алар Мусия аркылуу өтүп, Троаска барышты+. 9 Түн ичинде Пабыл аян алды+. Аянында македониялык бир кишинин турганын көрдү. Ал: «Македонияга келип, бизге жардам бер»,— деп жалбарып жатты. 10 Пабыл аян алгандан кийин, Кудай бизди македониялыктарга+ жакшы кабар айтканга чакырып жатат деген жыйынтыкка келдик да, дароо ошол жакка барууга аракет кыла баштадык.
11 Ошондуктан Троастан сүзүп чыгып, түз эле Самофракка, ал эми эртеси күнү Неаполго келдик. 12 Ал жактан Римдин бийлиги астындагы Филипиге жөнөдүк. Филипи+ Македониянын ошол жактагы аймагынын башкы шаары болчу+. Биз ал шаарда бир нече күн болдук. 13 Ишемби күнү шаар дарбазасынан чыгып, тиленүү жайы бар болуш керек деген ойдо дарыянын жээгине бардык. Анан отуруп, ал жерге чогулган аялдар менен сүйлөшө баштадык. 14 Бизди угуп жаткандардын арасында Кудайга сыйынып жүргөн Лидия деген аял бар эле. Ал Тиатира+ шаарынан болчу жана кызгылт көк түстөгү буюмдарды сатып соода кылчу. Пабылдын сөздөрүн кабыл алышы үчүн, Жахаба анын жүрөгүн ачты+. 15 Ал үйүндөгүлөрү менен бирге чөмүлтүлгөндөн кийин+: «Эгерде мени Жахабага ишенимдүү деп эсептесеңер, меникинде жашап тургула»+,— деп көптөн-көп өтүнүп, бизди үйүнө барганга көндүрдү+.
16 Бир күнү тиленүү жайына баратканыбызда, алдыбыздан бир кызматчы кыз+ чыкты. Анын ичинде көзү ачыктык кылдыруучу жин бар эле+. Ал кыз келечекти алдын ала айтып, кожоюндарына көп киреше алып келчү+. 17 Ал Пабылдын жана биздин артыбыздан ээрчип: «Бул кишилер — Эң Жогорку Кудайдын кулдары. Булар силерге куткарылуу жолун жарыялап жатышат»,— деп кыйкырып жүрдү+. 18 Ал көп күн бою ошентти. Акырында Пабыл тажап+, артына бурулду да, жинге: «Иса Машаяктын ысмы менен сага бул кыздан чыгып кетүүнү буйрук кылам!» — деди+. Жин ошол замат чыгып кетти+.
19 Кирешеден кол жууп калышканын көргөндө+ кыздын кожоюндары Пабыл менен Сыласты кармап алып, базар аянтындагы башкаруучуларга сүйрөп барышты+. 20 Аларды жергиликтүү бийлик башчыларына алып барып: «Бул жүйүттөр шаарыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп+, 21 бизге, римдиктерге, кабыл алганга да, сактаганга да болбой турган каада-салттарды жарыялап жүрүшөт»,— дешти+. 22 Ошондо эл аларга каршы көтөрүлдү. Бийлик башчылары болсо алардын сырт кийимдерин сыйрып алып, таяк менен сабоого буйрук беришти+. 23 Бир топ сабашкандан кийин+, аларды түрмөгө камап, түрмө сакчысына жакшылап кайтарууну буйрушту+. 24 Ушундай буйрук алган сакчы аларды ички түрмөгө камап+, буттарына кишен салып койду+.
25 Түн ортолоп калганда+, Пабыл менен Сылас Кудайдан тиленип, аны даңктап ырдай башташты+. Түрмөдө отургандар аларды угуп жатышты. 26 Күтүлбөгөн жерден катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетти. Ошондо бүт эшиктер ачылып, баарынын кишендери түшүп калды+. 27 Түрмө сакчысы ойгонуп кетип, эшиктер ачык экенин көрдү да, түрмөдө отургандарды качып кетти деп ойлоп+, кылычын сууруп чыгып, өзүн өзү өлтүрмөкчү болду+. 28 Ошондо Пабыл: «Өзүңө зыян келтирбе+, баарыбыз бул жердебиз!» — деп кыйкырып жиберди. 29 Түрмө сакчысы жарык кылыш үчүн бир нерсе сурап, ичкери чуркап кирди да, калтырап-титиреп, Пабыл менен Сыластын алдына жыгылды+. 30 Анан аларды сыртка алып чыгып: «Мырзалар, куткарылыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады+. 31 Алар: «Мырзабыз Исага ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөрүң да+ куткарылат»,— дешти+. 32 Ошентип, ага жана анын үйүндөгүлөрүнүн баарына Жахабанын сөзүн айтышты+. 33 Ошол түнү түрмө сакчысы аларды ээрчитип барып, жарааттарын жууп тазалады. Андан кийин дароо өзү да, үйүндөгүлөрү да чөмүлтүлдү+. 34 Анан Пабыл менен Сыласты үйүнө алып келип, алдыларына дасторкон жайды. Ал Кудайга ишенип калганына үйүндөгүлөрү менен бирге аябай кубанды.
35 Эртеси күнү жергиликтүү бийлик башчылары+ тартип сакчыларын* жөнөтүп: «Кечээки кишилерди бошоткула»,— деп айттырып жиберишти. 36 Ошондо түрмө сакчысы алардын сөздөрүн Пабылга айтып берип: «Бийлик башчылары кишилерин жиберип, экөөңөрдү бошотууну буйрук кылышыптыр. Ошондуктан тынчтык менен бара бергиле»,— деди. 37 Бирок Пабыл аларга: «Бизди, Римдин жарандарын, сурак-соту жок эле элдин көзүнчө сабап+, түрмөгө камап, эми жашыруун бошотуп жибергени жатышабы? Жок, өздөрү келип бошотушсун!» — деди. 38 Тартип сакчылары анын сөздөрүн бийлик башчыларына айтып барышты. Тигилер ал экөөнүн Римдин жарандары экенин укканда коркуп кетишти+. 39 Анан барып, аларга жалынып-жалбарышты да, түрмөдөн чыгарып, шаардан кетишин өтүнүштү. 40 Бирок алар түрмөдөн чыгып, Лидиянын үйүнө барышты. Ал жерден бир туугандарды көрүп, аларды бекемдеген соң+ жолго чыгышты.