Римдиктер
4 Андай болсо, атабыз Ыбрайым+ жөнүндө эмне демекчибиз? 2 Эгер иштеринин негизинде адил деп жарыяланган болсо+, анда Ыбрайымда мактанууга себеп болмок, бирок Кудайдын алдында мактана алмак эмес. 3 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? «Ыбрайым Жахабага ишенди, ошон үчүн адил деп эсептелди»+. 4 Иштеген кишиге+ эмгек акысы ырайым катары эмес+, тиешеси катары берилет+. 5 Ал эми ким өз иштерине таянбай, ыймансызды адил деп жарыялаган Кудайга ишенсе+, ал ишеними үчүн адил деп эсептелет+. 6 Дөөтү да Кудай иштерине карабай адил деп эсептеген адамды бактылуу деп: 7 «Мыйзамсыз иштери кечирилип+, күнөөлөрү жабылгандар бактылуу+. 8 Жахаба күнөөсү үчүн жоопко тартпаган адам бактылуу»,— деген+.
9 Мындай бакытка сүннөткө отургузулгандар гана ээби же сүннөткө отургузулбагандар да ээби?+ Анткени биз: «Ишеними үчүн Ыбрайым адил деп эсептелди»,— деп жатпайбызбы+. 10 Бирок ал качан адил деп эсептелген? Сүннөткө отургузулгандабы же отургузула электеби?+ Сүннөткө отургузулганда эмес, отургузула электе. 11 Сүннөт белгисин ал сүннөткө отургузула элегинде эле ээ болгон ишениминин негизинде адилдиктин мөөрү* катары алган+. Ошентип, ал сүннөткө отургузулбаган бардык ишенгендердин+ атасы болуп калган+. Андыктан алар да адил деп эсептелет. 12 Ал — сүннөткө отургузулган урпактарынын, башкача айтканда, сүннөткө отургузулуп эле койбостон, атабыз Ыбрайымдын сүннөткө отургузулганга чейинки ишениминин жолунда жүргөндөрдүн да атасы+.
13 Анткени Ыбрайымга жана анын тукумуна дүйнөнү мурастай турганы жөнүндөгү убада+ мыйзамды аткарганы үчүн эмес, ишеним аркылуу ээ болгон адилдиги үчүн берилген+. 14 Эгер мыйзамга кармангандар мурасчы болсо, анда ишеним пайдасыз болуп, убада күчүн жоготмок+. 15 Себеби Мыйзам Кудайдын каарын туудурат+, ал эми мыйзам жок жерде мыйзамды бузуу да жок+.
16 Демек, ал убада+ Ыбрайымдын бардык тукумдарына, Мыйзамга кармангандарга эле эмес, Ыбрайымдыкындай ишенимге ээ болгондорго да тиешелүү болушу үчүн+, ишеним аркылуу, ырайым боюнча берилген+. Ыбрайым — баарыбыздын атабыз+. 17 (Буга байланыштуу: «Сени көптөгөн элдердин атасы кылып дайындадым»,— деп жазылган.)+ Ал убада Ыбрайым ишенген Кудайдын — өлгөндөрдү тирүү кылып+, боло элек нерсени болгондой кылып айткандын+ — алдында берилген. 18 Үмүттөнүүгө эч кандай негиз жок болсо да, Ыбрайым көптөгөн элдердин атасы болушу үчүн+, үмүтүн үзбөй ишене берген+, анткени ага: «Сенин тукумуң ушунча болот»,— деп айтылган+. 19 Ишеними алсырабаса да, жашы жүзгө таяп калгандыктан+, ага өзүнүн денеси өлүп+, Сааранын жатыны соолуп калгандай көрүнгөн+. 20 Бирок Кудайдын берген убадасына+ ишенбей олку-солку болгон эмес+, тескерисинче, ишеними аркылуу бекемделип+, Кудайды даңктаган. 21 Ал Кудайдын өз убадасын аткарууга кудуреттүү экенине толук ишенген+. 22 Ошон үчүн «адил деп эсептелген»+.
23 Бирок «адил деп эсептелди»+ деген сөздөр ал үчүн эле эмес+, 24 адил деп эсептеле турган биз үчүн да жазылган. Анткени биз Мырзабыз Исаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайга ишенебиз+. 25 Иса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп+, адил деп жарыяланышыбыз үчүн+, кайра тирилтилген.