1 Корунттуктар
11 Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла+.
2 Бардык иштериңерде мени эсиңерден чыгарбай, мен берген көрсөтмөлөргө бек карманып жатканыңар үчүн+ мактоого татыктуусуңар. 3 Бирок ар бир эркектин башчысы Машаяк+, аялдын башчысы эркек+, Машаяктын башчысы Кудай+ экенин билишиңерди каалайм. 4 Баш кийимчен тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир эркек өз башын*+ уят кылат. 5 Ошондой эле жылаңбаш тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир аял+ өз башын*+ уят кылат, анткени бул чачын кырдырып* салганга барабар+. 6 Эгер аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Чачын кырктырып же кырдырып салгандан уялса+, анда башын жапсын+.
7 Эркек башын жаппашы керек, анткени ал — Кудайдын бейнеси+ жана даңкы+. Ал эми аял — эркектин даңкы+. 8 Себеби эркек аялдан эмес, аял эркектен жаралган+. 9 Анын үстүнө, эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган+. 10 Ошондуктан периштелер үчүн+ аялдын башында күйөөсүнө баш иерин көрсөткөн белги болушу керек+.
11 Бирок Мырзабыздын алдында эркектен бөлүнгөн аял, аялдан бөлүнгөн эркек жок+. 12 Анткени аял эркектен жаралгандай эле+, эркек аял аркылуу жаралган+; бирок баары Кудайдан+. 13 Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү: аялдын Кудайдан жылаңбаш тиленгени туурабы? 14 Чачтын узун болгону эркек үчүн уят, 15 ал эми аял үчүн даңк+ экени табигый нерсе экенин билбейсиңерби? Анткени чач аялга баш кийим ордуна берилген+. 16 Эгер кимдир бирөө башка салтка карманыш керектигин айтып+ талашкысы келсе+, билип койсун, бизде да, Кудайдын жыйналыштарында да башка салт жок.
17 Бул көрсөтмөлөрдү берип жатып силерди мактай албайм, анткени чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болуп жатат+. 18 Баарынан мурда, жыйналышка келгенде өз ара бөлүнүп жатканыңарды уктум+. Мен буга кандайдыр бир деңгээлде ишенем. 19 Бирок кимиңердин Кудайга жагарыңар айкын болушу үчүн+, араңарда секталар* да болот+.
20 Чогулганыңарда Мырзабыздын кечки тамагын* тийиштүү түрдө жеп-ичүү+ мүмкүн эмес экен. 21 Анткени аны жеп-ичкенге чейин эле өз тамагыңарды жеп алып, бириңер ачка калсаңар, бириңер мас болуп калат экенсиңер. 22 Же, эмне, жеп-ичкенге үйүңөр жокпу?+ Же Кудайдын жыйналышын баркка албай, колунда жокторду+ уялткыңар барбы? Эми силерге эмне дейин? Мактайынбы? Мунуңар үчүн мактабайм.
23 Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Мырзабыздан алгам: өзүнө чыккынчылык кылынар түнү+ Мырзабыз Иса нанды алып, 24 Кудайга ыраазычылык билдирген соң, аны сындырып+: «Бул силер үчүн берилип жаткан денемди билдирет+. Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан+. 25 Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып+: «Бул чөйчөк менин канымдын негизинде түзүлүүчү+ жаңы келишимди билдирет+. Мындан ичкен сайын, муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген+. 26 Анткени ошол нандан жеп, ошол чөйчөктөн ичкен сайын+, Мырзабыз келгенге чейин+, анын өлүмүн жарыялайсыңар+.
27 Андыктан ким татыксыз түрдө ошол нандан жесе же Мырзабыздын чөйчөгүнөн ичсе+, ал Мырзабыздын денеси менен канына каршы күнөө кылган болот+. 28 Адам адегенде өзүн текшерип, татыктуу экенине ынансын+. Ошондон кийин гана ал нандан жеп, чөйчөктөн ичсин. 29 Себеби ким дененин кандай мааниге ээ экенин түшүнбөй туруп ичип-жесе, өзүн өзү айыптуу кылат+. 30 Ошондуктан араңарда алсыздар, оорулуулар көп, өлүм уйкусунда жаткандар*+ да аз эмес. 31 Эгер өзүбүздү өзүбүз текшерсек, айыпталмак эмеспиз+. 32 Ал эми айыпталып жатсак+, бул дүйнө менен кошо+ соттолбошубуз үчүн+, Жахаба бизди оңдоп жатат+. 33 Андыктан, бир туугандарым, ал тамакты жегени чогулганыңарда+ бири-бириңерди күткүлө. 34 Ким ачка болсо, үйүнөн тамактансын+. Ошондо айыпталыш үчүн чогулган болбойсуңар+. Калган иштерди өзүм барганда жөнгө салам.