1 Корунттуктар
7 Эми өзүңөр жазгандарга байланыштуу айта турган болсом, эркектин аялга жакындабай* эле койгону жакшы+. 2 Бирок бузуктук кеңири тарагандыктан+, ар бир эркектин өз аялы+, ар бир аялдын өз күйөөсү болсун. 3 Күйөөсү аялына карата+, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин* аткарсын+. 4 Аялдын денесине өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат+. Ошо сыяктуу эле, эркектин денесине өзү эмес, аялы ээлик кылат+. 5 Ал милдетиңерди аткаруудан баш тартпагыла+. Өз ара макулдашып алып, тиленүүгө убакыт бөлүш үчүн кайсы бир убакка чейин бөлөк болгондон кийин+ кайрадан бирге болгула. Болбосо кармана албаганыңардан пайдаланып+, Шайтан силерди азгырып кетиши мүмкүн+. 6 Бирок муну буйрук катары эмес+, уруксат катары кабыл алгыла+. 7 Мен баарынын мендей болушун каалаар элем+. Бирок ар кимдин Кудайдан алган белеги ар кандай+: бириники мындай болсо, башкасыныкы тигиндей.
8 Ал эми жалгыз бой жүргөндөр+ менен жесирлерге айтарым, алардын мен сыяктуу калганы жакшы+. 9 Бирок кармана алышпаса+, турмуш курушсун, анткени кумар отуна өрттөнгөндөн көрө+, турмуш курганы оң+.
10 Турмуш кургандарга болсо мындай насаат айтам, чынында, мен эмес, Мырзабыз айтат+: аял күйөөсүнөн кетпесин+. 11 Кете турган болсо, башкага турмушка чыкпасын же кайрадан күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү да аялын таштабасын.
12 Калгандарына болсо Мырзабыз эмес, мен мындай демекчимин+: кайсы бир бир туугандын аялы ага ишенимдеш болбосо, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал аялын таштабасын. 13 Күйөөсү ишенимдеш болбогон аял да, күйөөсү чогуу жашаганга макул болсо, аны таштабасын. 14 Анткени ишенимдеш эмес күйөө аялы аркылуу ыйыкталат, ишенимдеш эмес аял да бир тууганыбыз аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар таза болмок эмес+, азыр болсо алар ыйык+. 15 Бирок ишенимдеш эмес жубайы кеткиси келсе+, кете берсин. Андай учурда бир тууган жубайынын алдындагы милдеттеринен бошотулат. Кудай силерди тынчтыкка чакырган+. 16 Аял, кайдан билесиң, балким, күйөөңдү куткарып каларсың?+ Же сен, эркек, кайдан билесиң, балким, аялыңды куткарып каларсың?+
17 Негизи, Жахаба Кудай кимге кандай үлүш берсе+ жана кимди кандай абалында чакырса+, ал ошого ылайык жашасын. Мен бардык жыйналыштарга ушундай көрсөтмө берем+. 18 Ким сүннөткө отургузулган абалында чакырылса+, ал сүннөткө отургузулбагандардай болууга аракеттенбесин. Ким сүннөткө отургузулбаган абалында чакырылса+, ал сүннөткө отургузулбасын+. 19 Сүннөткө отургузулуу+ же отургузулбоо маанилүү эмес+, маанилүүсү — Кудайдын осуяттарын аткаруу+. 20 Ким кандай абалында чакырылса+, ошол абалында калсын+. 21 Кул кезиңде чакырылган болсоң, тынчсызданба+. Бирок эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң болсо, андан пайдаланып кал. 22 Анткени Мырзабыздын кул кезинде чакырылган ар бир жолдоочусу эркиндикке чыгып+, Мырзабызга таандык болот. Ошо сыяктуу эле, эркин кезинде чакырылган адам+ — Машаяктын кулу+. 23 Силер кымбат баага сатылып алынгансыңар+; мындан ары адамдарга кул болбогула+. 24 Бир туугандар, ким кандай абалында чакырылса, Кудайдын алдында ошол абалында калсын+.
25 Бойдокторго карата Мырзабыз мага эч кандай буйрук берген эмес, бирок Мырзабыздын кайрымдуулугун көргөн+ ишенимдүү адам+ катары өз оюмду айтып жатам+. 26 Азыркы жагдайды эске алганда, адам үчүн учурдагы абалында эле калганы оң деп ойлойм+. 27 Аялың бар болсо+, аны кетирүүнүн жолун издебе+. Аялың жок болсо, аял издебе. 28 Бирок үйлөнсөң, күнөө кетирбейсиң+. Ошондой эле бойдоктор турмуш курса, күнөө кетиришпейт. Бирок алардын жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болот*+. Мен болсо силердин кыйналышыңарды каалабайм.
29 Мындан тышкары, бир туугандар, силерге айтарым, убакыт аз калды+. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун+, 30 ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай, 31 дүйнөнү+ пайдалангандар аны толук пайдаланбагандардай болушсун, анткени бул дүйнөнүн көшөгөсү* алмашууда+. 32 Мен болсо түйшүк тартышыңарды каалабайм+. Аялы жок эркек Мырзабызга жагууну көздөп, Мырзабызга кызмат кылууга байланышкан нерселерди ойлойт. 33 Ал эми аялы бар эркек аялына жагууну көздөп+, дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлойт+. 34 Ошентип, ал экиге бөлүнөт. Ошондой эле кыз же күйөөсү жок аял, денеси да, руху да ыйык болушу үчүн, Мырзабызга кызмат кылууга байланышкан нерселерди ойлойт+. Ал эми турмушка чыккан аял күйөөсүнө жагууну көздөп+, дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлойт. 35 Муну мен эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болушу үчүн жана силерге өзүңөрдү жакшы алып жүрүүгө+, эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга дайыма кызмат кылууга+ түрткү бериш үчүн айтып жатам.
36 Эгер кимдир бирөө бойдок кезинде+ жыныстык каалоолорун башкара албаса жана өтө эле жаш болбосо, анда өзү каалагандай кылсын, бул күнөө эмес; андайлар турмуш курушсун+. 37 Бирок кимдир бирөө анын зарылдыгын көрбөй бойдок калууну жүрөгүндө чечип койсо жана өзүн өзү кармай билип, жүрөгүндөгү чечимине бек карманса, анда туура кылат+. 38 Демек, ким бойдоктугунан баш тартып, турмуш курса, ал жакшы кылат+. Ким турмуш курбаса, андан да жакшы кылат+.
39 Күйөөсү тирүү кезде, аялдын башы байланган болот+. Ал эми күйөөсү өлүм уйкусуна кетсе, аялдын башы бош болот жана каалаган адамына турмушка чыга алат, бирок ал адам Мырзабыздын* жолдоочусу болушу керек+. 40 Бирок, аял кайра турмушка чыкпаса, менимче, бактылуураак болот+. Мен болсо менде да Кудайдын руху бар деп ойлойм+.