2 Корунттуктар
Корунттуктарга жазылган экинчи кат
1 Кудайдын эрки менен Машаяк Исанын элчиси+ болгон Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден+ Кудайдын Корунттагы жыйналышына, ошондой эле бүтүндөй Ахая+ аймагындагы ыйыктардын+ баарына:
2 Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.
3 Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы+ даңкталсын. Ал — боорукердиктин Атасы+ жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай+. 4 Кудай бизди кандай сооротсо+, биз да ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду ошондой соорото алышыбыз үчүн+, ал бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот+. 5 Анткени Машаяк үчүн канчалык көп азап чексек+, Машаяк аркылуу ошончолук көп сооронуч алабыз+. 6 Кыйналсак, силердин сооронушуңар жана куткарылышыңар үчүн кыйналабыз+. Сооротулсак, силердин сооронушуңар үчүн сооротулабыз; андай сооронуч силерге биздикиндей азаптарга кабылганда туруктуу болууга жардам берет+. 7 Биздин силерге болгон үмүтүбүз бекем, анткени тарткан азаптарыбызга ортоктош болуп жатканыңардай эле, сооронучубузга да ортоктош болоруңарды билебиз+.
8 Бир туугандар, Азия*+ аймагында башыбызга кандай кыйынчылык түшкөнүн билишиңерди каалайм. Ал жактан биз күчүбүз жеткис оор жагдайга туш болуп, аман каларыбыздан да үмүт үзүп койгон элек+. 9 Чынында, өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезгенбиз. Ал жагдай өзүбүзгө таянбай+ өлгөндөрдү тирилтүүчү Кудайга таянышыбыз үчүн болгон+. 10 Ошондо ал бизди өлүм коркунучунан куткарып калган, дагы да куткарат+; мындан ары да куткара берет деп үмүттөнөбүз+. 11 Силер да жалындуу тиленүүңөр менен бизге жардам бере аласыңар+. Ошондо көптөрдүн тиленүүсү боюнча+ бизге ырайым кылынганын көрүп, көптөр Кудайга биз үчүн ыраазычылык айтышат+.
12 Бул дүйнөдө, айрыкча, силердин араңарда адамдардын акылмандыгына эмес+, Кудайдын ырайымына таянып, өзүбүздү ыйыктык, Кудай үйрөткөн ак ниеттүүлүк менен алып жүргөнүбүзгө абийирибиз күбө+; биз ушуну айтып мактана алабыз. 13 Чынында, биз силерге өзүңөр жакшы билген, түшүнгөн нерселерди гана жазып жатабыз; мен аларды акырына чейин түшүнөсүңөр деп үмүттөнөм+. 14 Ошондой эле, айрымдарыңар түшүнгөндөй, силер биз менен мактана аласыңар+, биз да Мырзабыз Исанын күнүндө силер менен мактанабыз+.
15 Мен буга бекем ишенгендиктен силерди дагы бир жолу барып+ кубанткым келип жүргөн+. 16 Силерди көрүш үчүн бир азга токтоп, андан ары Македонияга барууну+, анан ал жактан кайра силерге кайтып келүүнү ойлогом+. Андан кийин мени Жүйүт жерине бир аз узатып коймоксуңар+. 17 Алдыма ушундай максат койгонум жеңил ойлуулук беле?+ Же аны керт башымдын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууну ойлоп+, бир туруп «ооба, ооба» деп, бир туруп «жок, жок» деп жатыптырмынбы?+ 18 Кудай ишенимдүү болгондой эле, биз да силерге «ооба» деп, кайра ошол эле учурда «жок» дебейбиз. 19 Анткени мен, Силуан* жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган+ Кудайдын Уулу+ Машаяк Иса «ооба» болуп туруп, кайра ошол эле учурда «жок» болгон эмес. Анын «ообасы» «ооба» болгон+. 20 Кудайдын канча убадасы болсо+, алардын баары ал аркылуу «ооба» болгон+. Ошондуктан биз ал аркылуу Кудайга «оомийн» деп+, Аны даңктайбыз. 21 Кудай силердин да, биздин да Машаякка таандык экенибизге кепилдик берип, бизди майлаган+. 22 Ал бизге мөөрүн басып+, келечектеги мурастын кепилдиги+ катары жүрөгүбүзгө рух берген+.
23 Азыр мен Кудайды өзүмө каршы күбөгө чакырам+: силерди аягандыктан+ Корунтка ушу кезге чейин барган жокмун. 24 Биз силердин ишенимиңерге үстөмдүк кылып жаткан жокпуз+, анткени силер ишенимиңердин аркасында+ бекем турасыңар+; биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз+.