Галатиялыктар
6 Бир туугандар, кимдир бирөө билбестиктен туура эмес иш кылып алса да+, силер, рухий жактан жетилгендер+, андай адамды жумшактык менен+ туура жолго салганга аракет кылгыла. Ошол эле учурда өзүңөр да азгырылып кетпешиңер үчүн+ сак болгула+. 2 Бири-бириңердин түйшүгүңөрдү көтөргүлө+, ошентип Машаяктын мыйзамын аткаргыла+. 3 Эгерде кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо+, ал өзүн өзү алдап жатат. 4 Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин+, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай+, өз иштерине кубанат. 5 Анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт+.
6 Андан сырткары, Кудайдын сөзүнөн насаат алып жаткан ар бир адам+ бардык жакшы нерсесин насаатчысы менен+ бөлүшсүн+.
7 Алданбагыла+: Кудайды шылдыңдай албайсыңар+. Адам эмнени сепсе, ошону орот+. 8 Ким денеге сепсе, ал денеден чирий турган нерсени оруп алат+. Ал эми ким рухка сепсе+, ал рухтан түбөлүк өмүрдү оруп алат+. 9 Жакшылык кылып жатып багынбайлы+, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз+. 10 Ошондуктан мүмкүнчүлүк барда+, баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы+.
11 Карагылачы, силерге өз колум менен чоң тамгалар менен жаздым+.
12 Силерди сүннөткө отургузулууга мажбурлап жаткандардын+ баары башкаларга жагынууну каалашат. Алар Машаяк Исанын жаза устуну үчүн куугунтукталгысы келбегендиктен гана ошентишет+. 13 Сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да Мыйзамды аткарышпайт+, бирок силер* менен мактаныш үчүн сүннөткө отургузулушуңарды каалашат. 14 Мен болсо Мырзабыз Иса Машаяктын жаза устунунан+ башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Ал аркылуу дүйнө мен үчүн, мен дүйнө үчүн устунга кадалгам+. 15 Анткени сүннөткө отургузулуу да, отургузулбоо да маанилүү эмес+, жаңы жаратуу+ гана маанилүү. 16 Ушул эрежеге ылайык жашагандардын бардыгына — Кудайдын Ысрайылына — тынчтык жана кайрымдуулук болсун+.
17 Мындан ары мага эч ким кыйынчылык туудурбасын, анткени денемде Исанын кулу+ экенимди көрсөткөн белги бар+.
18 Бир туугандар, жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин+. Оомийн.