Мыйзам
17 Жахаба Кудайыңа кандайдыр бир кемтиги бар буканы же койду курмандыкка чалба+, анткени бул Жахаба Кудайыңдын алдында жийиркеничтүү.
2 Эгер Жахаба Кудайың берген шаарлардын биринде кайсы бир эркек же аял Жахаба Кудайыңдын келишимин бузуп+, анын алдында жаман иш кылса, 3 буйругумду бузуп+, башка кудайларга, күнгө, айга же асмандагы башка нерселерге таазим кыла баштаса+ жана 4 сен ал тууралуу уккандан кийин баарын жакшылап териштирип көрүп, айтылгандардын чын экенин, Ысрайылда чын эле ошондой жийиркеничтүү иш жасалганын билсең+, 5 андай жаман иш кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып барып, таш бараңга ал. Андай адам өлүшү керек+. 6 Бирок адамды өлүм жазасына тартыш үчүн эки же үч күбөнүн ырастоосу керек+. Аны бир эле күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартканга болбойт+. 7 Аны өлтүрүш үчүн күбөлөр биринчи таш ыргытсын, анан калган эл ыргытсын+. Араңардан жамандыкты жок кылгыла+.
8 Эгер сен жашаган шаарда жасалган кайсы бир ишке, мисалы, кан төгүүгө+, арыз-доого+, зордук-зомбулукка же кандайдыр бир талашка+ байланыштуу чечим чыгаруу кыйын болуп жатса+, Жахаба Кудайың тандаган жерге+ бар да, 9 дин кызматчы-лебилерге+ жана ошол убакта сот жүргүзгөн сотко+ кайрылып, алардан сура. Алар чечим чыгарып, сага айтышат+. 10 Анан сен алардын Жахаба тандаган жерде айткандарына ылайык иш кыл. Алар айткандардын баарын так аткар. 11 Алар көрсөткөн мыйзамга, алар чыгарган чечимге ылайык иш кыл+. Алардын айткандарынан оңго да, солго да бурулба+. 12 Эгер адам менменсинип+, Жахаба Кудайыңдын алдында кызмат кылган дин кызматчыны же сотту укпай койсо, өлүм жазасына тартылышы керек+. Ысрайыл элинин арасынан жамандыкты жок кылгыла+. 13 Ошондо бул тууралуу бүт эл угуп, коркуп калат+ да, эч ким менменсинбей калат.
14 Жахаба Кудайың берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ошол жерде жашап калганыңда+: „Тегерегимдеги башка элдердей болуп, өзүмө падыша коёюн“+,— десең, 15 анда падыша кылып Жахаба Кудайың тандаган кишини кой+. Ал бир туугандарыңдын арасынан болушу керек. Бир тууганың болбогон бөтөн жерлик кишини өзүңө падыша кылып койбо. 16 Падыша жылкысын көбөйтпөсүн+, жылкысын көбөйтүш үчүн элди кайра Мисирге жөнөтпөсүн+. Анткени Жахаба: „Эл Мисирге кайра барбасын“,— деген. 17 Ошондой эле ал, жүрөгү бузулбашы үчүн, көп аял албасын+, алтын-күмүштү ашык жыйнабасын+. 18 Падышалык тактыга отурганда дин кызматчы-лебилер сактаган китептеги мыйзамды өзүнө көчүрүп алсын+.
19 Жахаба Кудайынан коркконго үйрөнүш үчүн, мыйзамда жазылган сөздөр менен көрсөтмөлөргө карманып, аларды аткарышы үчүн+, ал көчүрмөнү сактап, өмүр бою окушу керек+. 20 Жүрөгү менменсинип, өзүн бир туугандарынан жогору койбошу үчүн+, бул осуяттардан оңго да, солго да бурулбашы үчүн+ жана өзү да, уулдары да ысрайыл элине узак убакыт бою падышалык кылышы үчүн+ ал аны өмүр бою окушу керек.