2 Тиметей
3 Акыркы күндөрдө+ өзгөчө оор мезгилдин келерин бил+. 2 Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган+, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз+, 3 жакындарын сүйбөгөн+, эпке-сөзгө келбеген+, жалаа жапкан+, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз+, жакшылык кылгысы келбеген+, 4 чыккынчы+, өз дегенин бербеген, текебер+, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн+, 5 Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн+, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат+. Андайлардан алыс бол+. 6 Анткени алардын арасынан үйлөргө куулук менен кирип ала турган кишилер чыгат+. Алар күнөөгө баткан, ар кандай каалоолорго жетеленген алсыз аялдарды+ туткун кылып алышат. 7 Андай аялдар дайыма билим алышса да, чындыкты так таанып-билишпейт+.
8 Жанес менен Жамбрес+ Мусага каршы чыккандай эле, ал кишилер да чындыкка каршы чыгып жатышат+. Ой жүгүртүүсү толугу менен бурмалангандыктан+, ишеним боюнча жашабагандыктан+ алар Кудайга жакпайт. 9 Алар алга илгерилешпейт, анткени тиги экөөнүн акылсыздыгы баарына белгилүү болгондой эле, алардын да акылсыздыгы бардыгына белгилүү болот+. 10 Сен болсо менин окутуума, жашоомо, максатыма, ишенимиме, чыдамкайлыгыма, сүйүүмө, туруктуулугума көңүл коюп, үлгүмө так кармандың+. 11 Ошондой эле Антиохияда+, Иконияда+ жана Листрада кандай куугунтуктарга+, кыйынчылыктарга дуушар болгонумду билесиң. Бирок Мырзабыз* мени алардын баарынан куткарды+. 12 Негизинен, Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат+. 13 Ал эми кара өзгөй адамдар, алдамчылар башкаларды адаштырып, өздөрү да адашып, барган сайын бузула беришет+.
14 Сен болсо эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман+, анткени кимдерден үйрөнгөнүңдү билесиң+. 15 Ошондой эле сени акылман кыла ала турган ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң+. Андай акылмандык сени Машаяк Исага болгон ишеним аркылуу+ куткарылууга алып барат+. 16 Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган+ жана окутуу үчүн+, ашкерелөө үчүн+, оңдоо үчүн+, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн+ пайдалуу. 17 Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке+ толугу менен даяр болот+.