Жакып
5 Байлар+, силер да кулак салгыла. Башыңарга кайгы түшө тургандыктан+, ыйлагыла, боздогула. 2 Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди+. 3 Алтыныңар менен күмүшүңөрдү дат басты. Ошол дат силерге каршы күбөлөндүрүп, денеңерди жеп жок кылат. Топтогон нерсеңер+ акыркы күндөрдө+ от сыяктуу болот+. 4 Мына, талааңарда иштеп, эгин жыйнагандардын төлөнбөй жаткан акысы+ кыйкырып жатат+. Орокчулардын жардам сурап боздогон үнү+ асман аскерлеринин Кудайы Жахабага жетти+. 5 Силер жер бетинде жыргап, кумарыңарды кандырып жашадыңар+. Жүрөгүңөрдү май баскыча семирип, өзүңөрдү союлчу күнгө даярдадыңар+. 6 Адил адамды айыптап, өлтүрдүңөр. Анан кантип ал силерге каршы болбосун?+
7 Бир туугандарым, Мырзабыздын катышуусунун убагына*+ чейин чыдамдуу болгула. Жерден жакшы түшүм алыш үчүн дыйкан да күзгү жана жазгы жамгырды чыдамдуулук менен күтөт+. 8 Анын сыңарындай, силер да чыдамдуу болгула+, жүрөгүңөрдү бекемдегиле, анткени Мырзабыздын катышуусунун убагы жакындап калды+.
9 Соттолбош үчүн+, бир туугандарым, бири-бириңерге наалыбагыла*. Соттоочу босогодо турат!+ 10 Бир туугандарым, кыйынчылыктарды көтөрүп+, чыдамдуу болуу жагынан+ Жахабанын атынан сүйлөгөн+ пайгамбарлардан+ үлгү алгыла+. 11 Биз туруктуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз+. Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар+ жана Жахабанын ага бата бергенинен+ Жахабанын абдан боорукер*, кайрымдуу экенин билгенсиңер+.
12 Бир туугандарым, айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, асманды же жерди, же дагы башка бир нерсени оозанып ант бергениңерди токтоткула+. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» дегениңер «ообаны», «жок» дегениңер «жокту» билдирсин+.
13 Араңардан кимдир бирөө кыйналып жатабы? Анда тиленсин+. Көңүлү ачыкпы? Анда забурларды* ырдасын+. 14 Араңардан кимдир бирөө ооруп жатабы?*+ Анда жыйналыштын аксакалдарын чакырсын+. Алар аны Жахабанын атынан май менен майлап+, ал үчүн тиленишсин. 15 Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат+ жана Жахаба аны тургузат+. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет+.
16 Ошондуктан айыгыш үчүн+ бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып+, бири-бириңер үчүн тиленгиле. Адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ, анткени Кудай андай тиленүүнү кабыл кылат+. 17 Илияс биздикиндей эле сезимдери бар киши болгон+. Бирок ал жамгыр жаабасын деп жалындуу тиленгенде+, ошол жерге үч жарым жыл жаан жааган эмес. 18 Анан кайра тиленгенде, асмандан жамгыр жаап, жер түшүм берген+.
19 Бир туугандарым, араңардан кимдир бирөө чындык жолунан адашып кетсе жана башка бирөөңөр аны кайрып келсеңер+, 20 анда силерге маалым болсун: күнөөкөрдү туура эмес жолдон кайрып келген+ киши анын жанын өлүмдөн сактап+, көп күнөөлөрүн жабат+.