2 Петир
2 Бирок ысрайыл элинин арасында жалган пайгамбарлар болгондой эле, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот+. Алар бүлдүрүүчү секталарды тымызын жайылтышат, өздөрүн сатып алган+ кожоюндан баш тартып, өздөрүнүн кыйратылуусун тездетишет. 2 Көптөр алардын уятсыз иштерин+ туурашат+ жана алардын айынан чындык жолуна сөз тиет+. 3 Андан сырткары, алар ач көздүгүнөн улам анткорлоно сүйлөп, силерди керт башынын кызыкчылыгына колдонушат+. Бирок аларга мурун эле чыгарылган өкүм+ кечикпей ишке ашат, алар сөзсүз кыйратылат+.
4 Мисалы, Кудай күнөө кылган периштелерди+ аябастан, тартарга* таштап+, соттош үчүн коюу караңгылыктын туңгуюгуна камап койгон+. 5 Ошондой эле байыркы дүйнөнү аябастан+, ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптаткан+. Ал эми адилдиктин кабарчысы+ болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган+. 6 Андан тышкары, ыймансыздарга келечекте эмне болорун көрсөтүш үчүн+, Содом жана Амор шаарларын күлгө айлантып+, аларга чыгарган өкүмүн ишке ашырган. 7 Ал эми мыйзамсыздардын ооздукталбаган уятсыз жүрүм-турумунан+ улам катуу кыйналган адил Лотту куткарып калган+. 8 Анткени ал адил киши алардын арасында жашап, күн сайын мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп жүргөндүктөн абдан кыйналган. 9 Демек, Жахаба Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну+, адил эместерди болсо жок кылыш үчүн сот күнүнө чейин кантип сактап турууну билет+. 10 Айрыкча, башкалардын денесин булгоону көздөгөндөрдү+ жана бийликтегилерди баркка албагандарды+ сот күнүнө чейин кантип кармап турууну билет.
Алар — керсейген, ээнбаш адамдар, ошондуктан даңкка бөлөнгөндөрдү жамандагандан коркушпайт+. 11 Ал эми периштелер алда канча күч-кубаттуу болушса да, Жахабаны урматтагандыктан+ аларды кемсинтерлик сөздөр менен айыпташпайт+. 12 Тигилер болсо кармалып жок болуш үчүн туулган, аң-сезими жок, сокур сезимге жетектелген жаныбарлар сыяктуу. Өздөрү билбеген нерселер тууралуу жаман сөздөрдү айтышкандыктан+ алар өздөрүнүн өлүмгө алып бараткан жолунда кыйрап жок болушат. 13 Ошентип, жаман иштеринин+ азабын тартышат+.
Алар, ал тургай, күндүз да жыргалга батып жашоону ырахат көрүшөт+. Кемтик, так сыяктуу андай адамдар силер менен тойлоп жатканда жалган окууларын таратуудан ырахат алышат+. 14 Көздөрү ойноштукка тойбойт+. Алар күнөө кылганга даяр турушат+, алсыз жандарды азгырышат. Жүрөктөрү болсо ач көздүккө үйрөтүлгөн+. Алар — каргышка калган балдар+. 15 Алар түз жолдон чыгып, адашып калышты, Беордун уулу Биламдын жолуна түшүштү+. Билам жаман иштери үчүн сыйлык алгысы келген+, 16 бирок мыйзамсыз иши үчүн ашкереленген+. Тили жок эшек адамча сүйлөп+, ал пайгамбардын акылсыз иш кылышына жол берген эмес+.
17 Алар соолуган булактай+, катуу шамалга айдалган тумандай. Аларды коюу караңгылык күтүп турат+. 18 Алар ооз көптүрө сүйлөшөт, жаман жолдо жүргөндөрдөн жаңы эле кутулгандарды+ дене кумарлары+, уятсыз жүрүм-туруму менен азгырышат+. 19 Эркиндикти убада кылышканы менен+, өздөрү — бузулгандыктын кулдары+. Анткени ким кимден жеңилсе, ал ошого кул болот+. 20 Эгер алар Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяк жөнүндө так билим алгандын аркасында дүйнөнүн ыпылас иштеринен арылгандан кийин+, кайра эле ошол иштерди жасап, жеңилип жатышса+, анда алардын азыркы абалы мурункусунан да жаман+. 21 Адилдик жолун таанып-билгенден кийин, өздөрүнө берилген ыйык осуяттан баш тартып кетишкенден көрө+, бул жолду билбей эле коюшканы жакшы болмок+. 22 Алардын абалы: «Ит+ кайра барып, кусундусун жейт. Чочкону канча тазалаба, кайра эле балчыкка оонайт»+,— деген макалдын чындыгын ырастап турат.