1 Жакан
4 Сүйүктүү бир туугандарым, Кудайдан келгендей көрүнгөн кабарлардын+ баарына эле ишене бербегиле. Алардын Кудайдан келген-келбегенин текшерип көргүлө+, анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду+.
2 Кудайдан келген кабарды+ мындан билесиңер: Иса Машаяктын адам болуп келгенин ырастаган ар бир кабар Кудайдан+. 3 Ал эми Исанын адам болуп келгенин ырастабаган кабардын баары Кудайдан эмес+, Машаяктын душманынан. Силер ошондой кабарлардын пайда болорун уккансыңар+, азыр болсо алар дүйнөгө тарап жатат+.
4 Балдарым, силер Кудайдансыңар жана жалган пайгамбарларды жеңдиңер+. Анткени силер менен биримдикте болгон+ Кудай дүйнө менен биримдикте болгон+ Ибилистен күчтүү+. 5 Алар дүйнөдөн, ошондуктан дүйнөгө таандык+ нерселерди айтышат, дүйнө болсо аларды угат+. 6 Биз болсо Кудайданбыз+. Ким Кудайды таанып-билсе, ал бизди угат+. Ал эми ким Кудайдан болбосо, бизди укпайт+. Чындык кабарын жалган кабардан ушундайча айырмалап билебиз+.
7 Сүйүктүү бир туугандарым, бири-бирибизди мындан ары да сүйөлү+, анткени сүйүү+ Кудайдан. Ким сүйсө, ал — Кудайдын баласы+ жана Кудайды билет+. 8 Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү+. 9 Кудай өзүнүн жалгыз Уулун*+, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн+, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн+. 10 Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн, күнөөлөрүбүздү жууп+, өзү менен элдештире турган+ курмандык+ катары өз Уулун жибергенинен көрүнгөн.
11 Сүйүктүү бир туугандарым, эгер Кудай бизге ушундай сүйүү көрсөткөн болсо, анда биз да бири-бирибизди сүйүүгө милдеттүүбүз+. 12 Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес+. Бири-бирибизди сүйсөк, Кудай биз менен болот жана анын сүйүүсү арабызда жеткилеңдикке жетет+. 13 Ал бизге рухун бергендиктен+, биз аны менен+, ал биз менен биримдикте+ экенин билебиз. 14 Ошондой эле асмандагы Атабыздын өз Уулун дүйнөнүн Куткаруучусу катары жибергенин+ өз көзүбүз менен көрүп+, күбөлөндүрүп жатабыз+. 15 Ким Иса Машаяктын Кудайдын Уулу экенине ишенерин ачык билдирсе+, Кудай аны менен, ал Кудай менен биримдикте болот+. 16 Биз Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн+ таанып-билип, ага ишендик.
Кудай — сүйүү+. Ким дайыма сүйүү көрсөтсө, ал Кудай менен+, Кудай аны менен биримдикте болот+. 17 Ушул себептен, сот күнүндө+ кайраттуулук менен сүйлөй алышыбыз* үчүн+, сүйүү арабызда жеткилеңдикке жетүүдө. Анткени Машаяк азыр кандай болсо, биз да бул дүйнөдө ошондойбуз+. 18 Сүйүүдө коркунуч болбойт+, тескерисинче, жеткилең сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат+. Коркунуч бизди кыйнап, кыймыл-аракетибизди чектейт, ошондуктан ким коркунучка алдырса, анын сүйүүсү жеткилең эмес+. 19 Биз болсо сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн+.
20 Ким: «Кудайды сүйөм»,— деп, бирок бир тууганын жек көрсө, ал калпычы+. Себеби көрүп турган бир тууганын сүйбөсө+, көзгө көрүнбөгөн Кудайды сүйө албайт+. 21 Ал бизге мындай осуят берген+: Кудайды сүйгөн адам бир тууганын да сүйүшү керек+.