Аян
21 Анан мен жаңы асман+ менен жаңы жерди+ көрдүм. Анткени мурунку асман+ менен мурунку жер+ жок болду, деңиз+ да жок болду. 2 Ошондой эле ыйык шаарды+ — Жаңы Иерусалимди — көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган+ колуктудай даярдалып+, асмандан, Кудайдан түшүп келатты+. 3 Ошондо тактыдан мындай деген катуу үндүн чыкканын уктум: «Мына, Кудайдын чатыры+ адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт+, алар анын эли болушат+. Кудай өзү алар менен болот+. 4 Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт+. Мындан ары өлүм болбойт+, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт+. Мурункунун баары өтүп кетти»+.
5 Тактыда отурган+: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деди+. Анан: «Жаз, анткени бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп кошумчалады. 6 Андан соң мындай деди: «Бул сөздөр аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын+. Ким суусаса, ага өмүр суусунун башатынан бекер суу берем+. 7 Ким жеңсе, ал буларды мураска алат. Мен анын Кудайы болом+, ал менин уулум болот+. 8 Ал эми коркоктордун, ишеними жоктордун+, таза эмес, жийиркеничтүү адамдардын+, киши өлтүргүчтөрдүн+, бузуктук кылгандардын+, жиндер менен байланышкандардын*, бурканга табынгандардын+ жана бардык жалганчылардын+ барар жери — от+ жана күкүрт+ менен күйгөн көл. Бул экинчи өлүмдү билдирет»+.
9 Анан акыркы жети балээ+ толтурулган жети чөйчөгү бар жети периштенин бири келип, мага: «Бери кел, мен сага колуктуну, Козунун аялын+, көрсөтөм»,— деди. 10 Ал мени рух аркылуу чоң бийик тоого алып барып+, асмандан, Кудайдан түшүп келаткан+ ыйык Иерусалим шаарын+ көрсөттү. 11 Ал шаар Кудайдын даңкына толуп+, абдан кымбат таштай, тунук хрусталдай жаркыраган яшма ташындай жаркырап турду+. 12 Шаардын чоң бийик дубалы+, он эки дарбазасы бар экен. Дарбазалардын оозунда он эки периште туруптур. Ал дарбазаларда Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылуу экен+. 13 Чыгыш тарапта үч дарбаза, түндүк тарапта үч дарбаза, түштүк тарапта үч дарбаза, батыш тарапта үч дарбаза бар экен+. 14 Шаардын пайдубалы он эки таштан туруп+, аларга Козунун он эки элчисинин+ он эки ысмы жазылыптыр.
15 Мени менен сүйлөшкөн периште шаарды, анын дарбазалары менен дубалын ченеш үчүн+ колуна алтын камыш таяк+ кармап туруптур. 16 Шаар чарчы келип, узундугу менен туурасы бирдей экен. Периште камыш таяк менен шаарды+ ченегенде, 2 200 чакырымдай* болду. Анын узундугу, туурасы, бийиктиги бирдей экен. 17 Периште шаардын дубалын адамдардын, ошол эле учурда периштенин ченеми менен ченеди; ал 144 чыканак* болду. 18 Дубалы яшма ташынан+, ал эми шаардын өзү тунук айнекке окшогон таза алтындан тургузулуптур. 19 Шаардын дубалынын пайдубалдары+ ар кандай баалуу таштар+ менен: биринчи пайдубал яшма+ менен, экинчиси сапфир+, үчүнчүсү халцедон, төртүнчүсү зымырыт+, 20 бешинчиси сардоникс, алтынчысы сердолик, жетинчиси хризолит+, сегизинчиси берилл, тогузунчусу топаз+, онунчусу хризопраз, он биринчиси гиацинт, он экинчиси аметист+ менен кооздолуптур. 21 Он эки дарбазасы он эки бермет экен, ар бир дарбазасы өзүнчө бир берметтен жасалыптыр+. Шаардын чоң көчөсү болсо тунук айнекке окшогон таза алтындан экен.
22 Мен шаардын ичинен ибадаткана көргөн жокмун+, анткени анын ибадатканасы+ — Кудурети Күчтүү+ Жахаба Кудай+ менен Козу+. 23 Шаарга күндүн же айдын жарыгынын кереги жок экен, себеби аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду+, Козу болсо анын чырагы болду+. 24 Элдер анын жарыгында жүрүшөт+, жер жүзүнүн падышалары ал шаарга өздөрүнүн атак-даңкын алып келишет+. 25 Анын дарбазалары күнү бою жабылбайт+, анткени ал жерде түн болбойт+. 26 Ага элдердин атак-даңкын, урмат-сыйын алып келишет+. 27 Ал шаарга ыйык эмес нерселердин, жийиркеничтүү иш кылгандардын+ жана жалганчылардын+ бири да кирбейт+. Ага Козунун өмүр түрмөгүнө жазылгандар гана кирет+.