Аян
5 Андан кийин тактыда отургандын+ оң колунан ичи-тышына жазылган, жети мөөр менен бекитилген+ түрмөктү көрдүм+. 2 Ошондой эле катуу үн менен: «Мөөрлөрүн алып, түрмөктү ачканга ким татыктуу?» — деп жар салып жаткан күчтүү периштени көрдүм. 3 Бирок түрмөктү ачып, ичиндегини окуганга асмандан да, жерден да, жер астынан да эч ким табылган жок. 4 Түрмөктү ачып, ичиндегини окуганга татыктуу эч ким табылбагандыктан+, мен аябай ыйладым. 5 Ошондо аксакалдардын бири мага: «Ыйлаба. Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан+, Дөөтүнүн+ тамыры+, жеңип чыкты+. Ошондуктан ал түрмөктүн жети мөөрүн алып, аны ачканга татыктуу»,— деди.
6 Анан мен тактынын+, төрт периштенин жана аксакалдардын+ ортосунда жети мүйүзү, жети көзү бар союлгандай+ көрүнгөн козунун+ турганын көрдүм. Анын көздөрү Кудайдын бүт жер жүзүнө жиберилген жети рухун билдирет+. 7 Козу барды да, ошо замат тактыда отургандын+ оң колунан түрмөктү алды. 8 Ошондо төрт периште менен жыйырма төрт аксакал+ Козунун алдына чөк түшүштү. Алардын ар биринин арфасы*+, жыпарзатка толгон алтын чөйчөгү бар эле. Жыпарзат+ ыйыктардын тиленүүлөрүн+ билдирет. 9 Алар мындай жаңы ыр ырдап жатышты+: «Сен түрмөктү алып, анын мөөрлөрүн ачканга татыктуусуң. Анткени сен союлуп, өз каның менен+ ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды Кудайга бериш үчүн+ сатып алдың да+, 10 аларды Кудайыбызга+ падышалар+ жана дин кызматчылар кылдың+. Алар жер үстүнөн падышалык кылышат»+.
11 Андан кийин карап, тактынын, периштелер менен аксакалдардын тегерегинде турган көптөгөн башка периштелердин үнүн уктум. Алардын саны миң-миңдеп+, миң-түмөндөп*+ саналат экен. 12 Алар катуу үн менен: «Союлган Козу+ кудуретке, байлыкка, акылмандыкка, күчкө, урматка, даңкка, алкышка ээ болууга татыктуу»+,— деп жатышты.
13 Асмандагы, жердеги, жер астындагы+, деңиздеги бүт тирүү жандардын, ооба, бардык жаратылгандардын: «Тактыда отурган Кудай+ менен Козуга+ алкыш, урмат+, даңк+, кудурет түбөлүктөн түбөлүккө таандык»,— деп жатышканын уктум. 14 Ошондо төрт периште: «Оомийн»,— деди. Аксакалдар+ болсо чөк түшүп, Кудайга таазим кылышты+.