Аян
7 Ошондон кийин жердин төрт бурчунда турган төрт периштени+ көрдүм. Жерге, деңизге, ошондой эле эч бир даракка+ эч кандай шамал сокпошу үчүн, алар жердин төрт шамалын+ бекем кармап турушуптур. 2 Анан күн чыгыштан көтөрүлүп+, тирүү Кудайдын мөөрүн+ алып келаткан башка периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтириш үчүн бийлик алган төрт периштеге мындай деп кыйкырды: 3 «Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекесине мөөр басканга чейин+, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле»+.
4 Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн саны 144 000+ экенин уктум. Мөөрлөнгөндөр Ысрайыл уулдарынын+ ар бир уруусунан экен+.
5 Жүйүт+ уруусунан он эки миң мөөрлөнүптүр.
Рубейин+ уруусунан он эки миң,
Гат+ уруусунан он эки миң,
6 Ашыр+ уруусунан он эки миң,
Напталы+ уруусунан он эки миң,
Менаше+ уруусунан он эки миң,
7 Шымон+ уруусунан он эки миң,
Леби+ уруусунан он эки миң,
Исахар+ уруусунан он эки миң,
8 Забулун+ уруусунан он эки миң,
Жусуп+ уруусунан он эки миң,
Бенжемин+ уруусунан он эки миң мөөрлөнүптүр+.
9 Андан кийин карап, эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм+. Ар бир элден+, уруудан, улуттан+ чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн+ ал адамдар тактынын+ жана Козунун алдында узун ак кийим кийип турушуптур+. Колдорунда курма дарагынын бутактары бар экен+. 10 Алар үнүн бийик чыгарып: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз+ менен Козу+ куткарды»+,— деп кыйкырып жатышты.
11 Бардык периштелер+ тактынын, аксакалдардын+ жана төрт периштенин+ тегерегинде турушуптур. Алар тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып+: 12 «Оомийн! Алкыш, даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч+ түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык болсун. Оомийн»+,— деп жатышты.
13 Ошондо аксакалдардын+ бири менден: «Узун ак кийим кийген булар+ кимдер? Кайдан келишти?» — деп сурады. 14 Мен ошол замат: «Мырзам, муну сен билесиң да»,— дедим. Ал мындай деди: «Булар — улуу алааматтан+ аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына+ жууп агартышкан+. 15 Ошондуктан Кудайдын тактысынын алдында туруп+, анын ибадатканасында ага күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат+. Тактыда отурган+ булардын үстүнө чатырын жаят+. 16 Булар мындан ары ачка болушпайт, суусашпайт. Буларды күн куйкалабайт, эч кандай аптап каарыбайт+. 17 Анткени буларды тактынын ортосунда турган Козу+ кайтарып+, өмүр суусунун башаттарына+ алып барат. Кудай булардын көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт»+.