31 Анткени ал өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү+ белгилеп койгон жана буга бардык адамдар ишениши үчүн, ошол кишини өлгөндөрдүн арасынан тирилтип+, кепилдик берген».
16 Анткени Мырзабыз өзү асмандан башкы периштенин+ үнү менен буйрук берип, Кудайдын сурнайы+ менен түшүп келет+, ошондо Машаяктын жолунда жүрүп өлгөндөр биринчи болуп тирилишет+.
12 Ошондой эле тактынын алдында турган өлгөндөрдү: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм+. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле+. Өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушту+.