Кимдин убадаларына ишенүүгө болот?
КЕЛЕЧЕКТИ талкуулоо үчүн, социалдык маселелер боюнча 74 адамдан турган билермандардын тобу 1893-жылы Чикагодо бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө чогулган. (Көргөзмө өткөн жер сүрөттө көргөзүлгөн.) Алар 100 жыл алдыга, 1993-жылга, көз жүгүртүшүп, илимий алдын ала айтуулардан тышкары дагы мындай дешкен: «Адамдардын көбү 150 жашка чейин жашайт. Түрмөлөр азаят; ажырашуунун зарылдыгы жок болот. Чыныгы улуулук жөнөкөйлүктө болгондуктан, өкмөт түзүлүшү да жөнөкөйлөтүлөт».
1967-жылы басылып чыккан «2000-жыл» деген китепте да жогорудагыдай алдын ала айтуулар жазылган: «2000-жылдары компьютерлер, балким, адамга теңелип калат, адамдын интеллектуалдык, а түгүл эстетикалык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт. 2000-жылдары арзан баадагы роботтор үй жумуштарынын көпчүлүгүн аткарат деген божомолдоо чындыктай угулат».
Адамдардын келечекти так айта албастыгы — Кудайдын улуу күчүнө толук карама-каршы. Мисалы, Ыйык Китептин биздин күндөргө байланыштуу мындан дээрлик 20 кылым мурда алдын ала айткан төмөнкү пайгамбарлыгын салыштырып көрсөңөр: «Адамдар өзүмчүл, акчаны сүйүүчү, менменсинген, текебер, жаман тилдүү, ата-энесине баш ийбеген, ыраазы болбогон, ишенимсиз, ырайымсыз, келишпес, ушакчы, өзүн-өзү кармай албаган, катаал, жакшылыкты сүйбөгөн, чыккынчы, бейбаш, кекирейме, Кудайдын ордуна ыракат сүйгөн болушат — алар такыбаа болуп көрүнүшөт, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тартышат» (2 Тимофейге 3:1—5).
«Акыркы күндөр» жөнүндөгү ыйык китептик бул пайгамбарлык — биздин күндөрдө аткарылып жаткан көптөгөн пайгамбарлыктардын бири эле. Ошондой эле Кудайдын Сөзүндө дүйнөлүк согуштар, тамак-аштын жетишсиздиги, жугуштуу оорулар, жер титирөөлөр жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын дүйнөлүк өлчөмдө таралышы Ыйсанын катышуусунун «белгиси» болуп кала турганы алдын ала айтылган (Матфейден 24:3—14; Лукадан 21:11).
Кудайдын убадаларынын тактыгы кылымдар мурда Ыйса Набинге: «Силер жөнүндө Теңирдин, Силердин Кудайыңардын, айткан жакшы сөзүнүн бири да куру-бекер калган жок; силер үчүн бардыгы аткарылды, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айтууга түрткү берген (Ыйса Набин 23:14).
Ооба, Кудайдын убадаларынын бардыгы жакында аткарыларына эч шек санабаса болот. Кудайдын Падышалыгы ооруларды, кылмыштуулукту, баңгиликти, ачарчылыкты жана согуштарды жоёт — Жердин баары бейишке айланат (Забур 36:10, 11, 29; Иоанндын аяны 21:3, 4). Бул пайгамбарлыктарга ишенүүгө болот. Аларды «алдай албай турган» Жаратуучу айткан (Титке 1:2, ЖД; Еврейлерге 6:13—19-аяттарды салыштыргыла).
[32 беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
Cleveland State University Archive.