-
Ал сергек болуп, талыкпай күткөнИшеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
-
-
17, 18. а) Изреилге алпарган жолдо кандай окуя болгон? б) Илияс пайгамбардын Кармелден Изреилге чейин чуркап барганы эмнеси менен өзгөчө болгон? (Шилтемени да карагыла.)
17 Жахабанын пайгамбары Ахап падыша кеткен жолго түшөт. Жол узак, баткак белчеден, теребел караңгы. Бирок ошондо дагы бир укмуш окуя болот.
18 «Жахабанын колу Илиястын үстүндө болду. Ал кийиминин этегин куруна кыстарып алып, Изреилге жетер-жеткиче Ахаптын алдында чуркап барды»,— делет Ыйык Китепте (1 Пад. 18:46). Ооба, «Жахабанын колу Илиястын үстүндө болуп», ага адаттан тыш күч берген. Изреилге чейин 30 чакырымдай жол жаткан болчу, анын үстүнө, Илияс пайгамбар да бир топ жашка келип калганa. Пайгамбардын узун кийиминин этегин куруна кыстарып алып, былчылдаган баткак жолдо шамал менен жарышып, жепжеңил чуркап баратканын элестетсеңер. Ал ушунчалык тез чуркагандыктан падышанын арабасын кууп жетип, атүгүл ашып кеткен!
19. а) Илияс пайгамбардын күчкө толгону кайсы пайгамбарлыктарды эске салат? б) Илияс пайгамбар чуркап баратканда эмнени сезгени шексиз?
19 Бул Илияс пайгамбар үчүн чоң бата болгон. Пайгамбарга кандайдыр бир күч, оргуштаган кайрат киргенде, жүрөгү алып учуп, бир башкача сезимде болсо керек. Ал мындайды жалындаган жаш кезинде да сезип көрбөгөн чыгар. Аны менен болгон окуя Бейиште Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын баары күч-кайратка толуп, чың ден соолукта өмүр сүрөрү жөнүндөгү пайгамбарлыктарды эске салат. (Оку: Ышая 35:6; Лк. 23:43.) Илияс пайгамбар баткак жолдо чуркап баратканда асмандагы Атасынын, жалгыз чыныгы Кудай Жахабанын, аны колдоп жатканын сезгени шексиз.
-
-
Ал Кудайдын жардамы менен кайраттанганИшеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
-
-
1, 2. Илияс пайгамбар бир күндүн ичинде кандай кереметтүү окуяларга күбө болгон?
КАШ карайып, кеч караңгысы улам коюулап барат. Изреилге чейин дагы бир топ бар. Илияс пайгамбар жашы өр тартып калганына карабай, «Жахабанын колу» үстүндө болгондуктан, чарчоо дегенди билбей чуркап баратат. Оргуштаган мындай күч-кубатты ал эзели сезип көргөн эмес. Ал атүгүл Ахаптын жебедей сызган аргымактарынан ашып кетти. (Оку: 1 Падышалар 18:46.)
-