-
Кабар айтуунун натыйжасы. «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!
-
-
1, 2. а) Шакирттер эмне үчүн аң-таң болушкан? б) Машаяк шакирттерине эмне жөнүндө айткан?
ШАКИРТТЕР аң-таң. Иса Машаяк аларга: «Башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деп айткан. Алар Мырзасы көрсөткөн жакты тигиле карашса, талаадагы эгин бышпай эле — жаңы эле өнүп чыккан. Балким: «Кайдагы оруп-жыюу? Ага чейин дагы көп бар да»,— деп ойлонушса керек (Жкн. 4:35).
2 Бирок Машаяк кадимки оруп-жыюу жөнүндө айткан эмес. Ал каймана маанидеги оруп-жыюуга — элдерди чогултууга — байланыштуу эки маанилүү ойду айткысы келген. Анда ошол окуяны кененирээк карап чыгалы.
Чакырык жана кубанычтуу кызмат жөнүндөгү убада
3. а) Машаяк эмне үчүн: «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— деген? (Шилтемени карагыла.) б) Машаяк айткандарын эмне деп түшүндүргөн?
3 Бул окуя б.з. 30-жылы Сихар шаарынын жанында болгон. Шакирттери шаарга кеткенде, Машаяк кудукка келген аялга кабар айткан. Ал кабардын маанисин дароо эле түшүнгөн. Шакирттери кайтып келгенде, аял уккандарын кошуналарына айтыш үчүн Сихарга шашкан бойдон кеткен. Аны уккан элдин бүйүрү кызып, Машаякка тез жолуккусу келген. Так ошондо Машаяк алыс жакта келаткан самариялыктарды көрүп: «Талаага көз чаптыргылачы; эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»,— дегенa. Анан каймана маанидеги оруп-жыюу жөнүндө айтып жатканын түшүндүрүп: «Орокчу... түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат»,— деп айткан (Жкн. 4:5—30, 36).
4. а) Иса Машаяк оруп-жыюу ишине байланыштуу кайсы эки маанилүү ойду баса белгилеген? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?
4 Иса Машаяк оруп-жыюуга байланыштуу кайсы эки маанилүү ойду баса белгилеген? Биринчиден, ал иш шашылыш түрдө аткарылышы керек болчу. Ал: «Эгин... бышып калды» — деп, шакирттерине иш-аракет кылууга түрткү бергиси келген. Ооба, оруп-жыюу иши башталган эле, аны создуктурууга болбойт болчу. Экинчиден, оруп-жыюу ишине катышкандар кубанып эмгектенишмек. Сепкендер да, оргондор да «чогуу кубанышмак» (Жкн. 4:35б, 36). Машаяк «көптөгөн самариялыктардын» ага «ишенип калганын» көргөндө кубангандай эле, оруп-жыюу ишине жан-дилден катышып жаткан шакирттеринин да жүрөгү кубанычка толмок (Жкн. 4:39—42). Бул окуя биз үчүн зор мааниге ээ, анткени ал тарыхтагы эң чоң оруп-жыюу ишинин кандайча жүргүзүлүп жатканын сүрөттөп турат. Бүгүнкү күндөгү оруп-жыюу иши качан башталган? Ага кимдер катышып жатышат? Анын натыйжасы кандай болууда?
-
-
Кабар айтуунун натыйжасы. «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!
-
-
a Ыйык Китептин башка котормосунда бул аят: «Эгин талаасын карагыла, ал... агарып кетти»,— деп берилген («Мукаддас»). Иса Машаякты көздөй келаткан самариялыктардын кийими, кыязы, ак болгон. Ошол себептен ал ушинтип айткан көрүнөт.
-