-
Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?Күзөт мунарасы—2011 | июль 15
-
-
3. Исанын Жакан 5:16, 17деги сөздөрү жетинчи күндүн 1-кылымда да уланып жатканын кандайча көрсөтүп турат?
3 Жетинчи күндүн б.з. 1-кылымында да уланып жатканын бышыктаган эки билдирүү бар. Биринчиси — Исанын каршылаштарына айткан сөздөрү. Алар Исанын ишембиде оорулууну сакайтканы жумуш кылганга тете болду деп эсептеп, аны айыпташканда, ал: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деген (Жкн. 5:16, 17). Иса муну менен эмнени айткысы келген? Ал аны айыптагандарга: «Атам... эмгектенип келатат»,— деп жооп берүү менен, мындайча айтканда: «Атам экөөбүз бир ишти аткарып жатабыз. Эгер Атам миңдеген жылдардан бери созулуп келаткан ишемби күнү тынбай иштеп жатса, анда менин да дайыма, атүгүл ишембиде да иш кылганым туура»,— деген. Ошентип, Иса жетинчи күндүн — Кудайдын жердеги нерселерди жаратып бүтүп, эс алып жаткан улуу ишемби күнүнүн — анын убагында да уланып жатканын көрсөткөн. Бирок Кудай ошол убакта адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниетин аткара бергенa.
-
-
Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?Күзөт мунарасы—2011 | июль 15
-
-
5. Жахаба жетинчи күндү кандай максатта тандап алган жана ал максат качан толугу менен ишке ашат?
5 Бул суроого жооп алуу үчүн Жахабанын жетинчи күндү кандай максатта тандап алганын билип алышыбыз керек. Башталыш 2:3тө бул тууралуу: «Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады»,— деп айтылат. Жахаба ал күндү өзүнүн ой-ниетин толугу менен ишке ашырыш үчүн «ыйыктаган», башкача айтканда, бөлүп койгон. Кудайдын ошол ой-ниети боюнча, жер бетинде ага жана андагынын баарына кам көргөн тил алчаак адамдар жашашы керек болчу (Башт. 1:28). Аны ишке ашыруу үчүн Жахаба Кудай да, «ишембинин Мырзасы» Иса Машаяк да «ушу кезге чейин эмгектенип келатат» (Мт. 12:8). Кудайдын эс алуу күнү анын жерге байланышкан ой-ниети Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягында толугу менен аткарылып бүткөндө гана соңуна чыгат.
-
-
Кудайдын «бейпилдиги» деген эмне?Күзөт мунарасы—2011 | июль 15
-
-
a Дин кызматчылар менен лебилер ишембиде ибадатканадагы иштерди аткара беришчү, бирок бул үчүн айыптуу болушчу эмес. Анын сыңарындай, Кудайдын улуу рухий ибадатканасынын башкы дин кызматчысы катары Иса рухий иштерди ишембиге байланышкан мыйзамды бузуп алам деп коркпой эле аткара алган (Мт. 12:5, 6).
-