-
Бейтараптуулукту сактоо деген эмнени билдирет?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
45-БӨЛҮМ
Бейтараптуулукту сактоо деген эмнени билдирет?
Иса өзүнүн жолдоочулары «бул дүйнөгө таандык болбошу» керектигин айткан (Жакан 15:19). Бул бейтараптуу болушубуз, тагыраак айтканда, саясий иштерде жана согуштарда кайсы бир тарапты ээлебешибиз керектигин билдирет. Бирок бейтараптуулукту сактоо дайыма эле оңойго турбайт. Бул үчүн башкалар бизди шылдыңдашы мүмкүн. Анда канткенде бейтараптуу болуп, Жахаба Кудайга берилгендик сактай алабыз?
1. Машаяктын чыныгы жолдоочулары жердеги өкмөттөргө кандай карашат?
Биз мамлекеттик бийликти урматтайбыз. Иса айткандай, «падышага тиешелүүнү падышага... беребиз». Бул өз ичине өзүбүз жашаган өлкөдөгү мыйзамдарга баш ийүүнү, алсак, талап кылынган салыктарды төлөөнү камтыйт (Марк 12:17). Ыйык Китепте өкмөттөрдүн Жахаба жол бергендиктен гана бийлик жүргүзүп жатканы айтылат (Римдиктер 13:1). Андыктан алардын бийлиги Жахабанын бийлигине салыштырмалуу чектелүү экенин жакшы түшүнөбүз. Адамзаттын көйгөйлөрүнүн баарын бир гана Кудай асмандагы Падышалыгы аркылуу чечерине бекем ишенебиз.
2. Бейтараптуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?
Биз да, Исадай болуп, саясатка аралашпайбыз. Бир жолу эл Исанын кереметтеринин бирин көргөндө аны өздөрүнө падыша кылганга аракет жасашкан. Бирок ал баш тарткан (Жакан 6:15). Эмне үчүн? Анткени, кийинчерээк өзү айткандай, анын Падышалыгы бул дүйнөгө таандык эмес болчу (Жакан 18:36). Исанын шакирттери катары биз бейтараптуу экенибизди ар кандай жолдор менен көрсөтөбүз. Мисалы, согуштарга катышпайбыз. (Оку: Микей 4:3.) Желек сыяктуу улуттук символдорду урматтасак да, аларга таазим кылбайбыз (1 Жакан 5:21). Кайсы бир саясий партиянын же талапкердин тарабын ээлебейбиз же аларга каршы чыкпайбыз. Ушул сыяктуу жолдор менен бир гана Кудайдын өкмөтүнө толук берилгендик сактай турганыбызды көрсөтөбүз.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Бейтараптуулугубуз кандай жагдайларда сыналышы мүмкүн? Андайда канткенде Жахабага жаккандай чечим чыгара аласың? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.
3. Машаяктын чыныгы жолдоочулары бейтараптуулукту сакташат
Иса жана анын шакирттери бизге жакшы үлгү калтырышкан. Окугула: Римдиктер 13:1, 5—7; 1 Петир 2:13, 14. Анан ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Бийликтегилерди эмне үчүн урматташыбыз керек?
Аларга баш иерибизди кандай жолдор менен көрсөтөбүз?
Кээде согуш учурунда айрым улуттар бейтараптуубуз дегени менен, касташып жаткан эки тарапка тең жардам бере беришет. Анда чындап бейтараптуулук сактоо деген эмнени билдирет? Окугула: Жакан 17:16. Анан ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:
Бейтараптуу болуу деген эмнени билдирет?
Бийликтегилер Кудайдын мыйзамына каршы келген кайсы бир ишти кылууну талап кылышса, эмне кылабыз? Окугула: Элчилер 5:28, 29. Анан ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Өкмөттүн мыйзамы Кудайдын мыйзамына каршы келгенде, кимисине баш ийишибиз керек?
Машаяктын жолдоочулары кандай жагдайларда бийликтегилерге баш ийбей турганына мисал келтире аласыңбы?
4. Бейтараптуу экениң ой жүгүртүүңөн да, иш-аракеттериңен да көрүнүп турсун
Окугула: 1 Жакан 5:21. Анан ВИДЕОНУ көрүп, бул суроолорду талкуулагыла:
Видеодогу Аенж эмне үчүн саясий партияга мүчө болгон эмес жана желекти аздектөө аземине катышкан эмес?
Ал туура кылган деп ойлойсуңбу?
Бейтараптуулугубуз дагы кандай жагдайларда сыналышы мүмкүн? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Эл аралык спорт мелдештерин көрүп жатканда бейтараптуулугубузду кантип сактасак болот?
Саясатчылардын чечимдери бизге оң же терс таасир эткенде да кантип бейтараптуу бойдон кала алабыз?
Маалымат каражаттарынан же тегерек-четибиздегилерден уккан жаңылыктар бейтараптуулугубузга кандай таасир этиши мүмкүн?
АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Силер эмнеге желекке таазим кылбайсыңар? Эмне үчүн гимн ырдабайсыңар?»
Сен эмне деп жооп берет элең?
НЕГИЗГИ ОЙ
Машаяктын жолдоочулары саясий иштерде эч бир тарапты ээлебегенге бүт күчүн жумшашат. Бул өз ичине ой жүгүртүүбүздү, сөздөрүбүздү, иш-аракеттерибизди камтыйт.
Кайталоо
Өкмөт бизден эмнени талап кылууга укуктуу?
Саясий иштерде эмне үчүн эч бир тарапты ээлебейбиз?
Кандай жагдайларда бейтараптуулугубуз сыналышы мүмкүн?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Бейтараптуулукту сакташ үчүн эмнелерден баш тартууга туура келиши мүмкүн?
Үй-бүлөлөр бейтараптуулугу сыналышы мүмкүн болгон жагдайларга кантип даярданса болот?
Бир кишиге мекенди коргоо сыймыгынан да жогору турган бир иш бар экенин түшүнгөнгө эмне жардам берген?
Жумуш тандоодо «бул дүйнөгө таандык болбогонго» эмне жардам берерин окуп көр.
«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2006)
-
-
Куугунтукка туруштук бере аласың!Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
Эртеби, кечпи, Машаяктын жолдоочуларынын баары каршылыкка, атүгүл куугунтукка туш болот. Бирок ошондон улам коркушубуз керекпи?
1. Эмне үчүн куугунтукка даяр болушубуз керек?
Ыйык Китепте: «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— делет (2 Тиметей 3:12). Иса Шайтандын дүйнөсүнө таандык болгон эмес. Ошон үчүн куугунтукталган. Биз да бул дүйнөгө таандык эмеспиз. Андыктан бул дүйнөдөгү өкмөттөр менен диний уюмдардын бизди куугунтуктаганына таң калбайбыз деле (Жакан 15:18, 19).
2. Куугунтукка кантип даярдансак болот?
Жахабага болгон ишенимибизди азыртадан бекемдешибиз керек. Андан тиленгенге жана анын Сөзүн окуганга күн сайын убакыт бөл. Жыйналышка дайыма катыш. Мунун баары сага, кандай куугунтук болбосун, атүгүл үйүңдөгүлөрдүн катуу каршылыгына карабай, кайраттуу болуп, туруштук бергенге күч берет. Көп куугунтук жеген элчи Пабыл: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деп жазган (Еврейлер 13:6).
Кайраттуулугубузду чыңдоонун дагы бир жолу — кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышуу. Мунун аркасында Жахабага таянганга, адамдардан коркпогонго үйрөнөбүз (Накыл сөздөр 29:25). Эмитеден тайманбай кабар айта берсең, өкмөт ишибизди чектеген маалда да кабар айта бергенге даяр болуп каласың (1 Тесалоникалыктар 2:2).
3. Куугунтукка туруштук берүүнүн кандай пайдасы бар?
Албетте, куугунтукталган баарыбызга эле жакпайт. Бирок ага туруштук берсек, ишенимибиз мурункудан да бекемделет. Ошондой эле чыдаганга күчүбүз калбай калгандай сезилгенде Жахабанын жардам бергенин көрүп, ага ого бетер жакындайбыз. (Оку: Жакып 1:2—4.) Кыйналып жатканыбыз Жахабанын жүрөгүн оорутпай койбойт, бирок ал багынбаганыбызды көрүп сүйүнөт. Ыйык Китепте: «Жакшы иш кылганыңар үчүн азап чегип жатсаңар, бул Кудайга жагат»,— делет (1 Петир 2:20). Эгер ишенимдүү бойдон калсак, Жахаба бизге түбөлүк өмүр берет. Жаңы заманда баарыбыз ага сыйынабыз, бизге бут тоскон эч ким болбойт (Матай 24:13).
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Куугунтук учурунда да Жахабага берилгендик сактоо мүмкүн экени жана ал бизге бул үчүн кандай сыйлык берери жөнүндө бил.
4. Үй-бүлөңдүн каршылыгына туруштук бере аласың
Иса үй-бүлөбүздөгүлөрдүн айрымдары Жахабага кызмат кылышыбызды каалабай турганын жакшы билген. Окугула: Матай 10:34—36. Анан бул суроону талкуулагыла:
Кимдир бирөө Жахабага кызмат кылууну чечкенде, үйүндөгүлөрү эмне деши же эмне кылышы мүмкүн?
Буга мисал катары ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.
Тууганың же досуң Жахабага кызмат кылышыңа тоскоолдук кылса, эмне кыласың?
Окугула: Забур 27:10; Марк 10:29, 30. Ар бир аяттан кийин бул суроону талкуулагыла:
Үй-бүлөңдөн кимдир бирөө же досторуң Жахабага кызмат кылышыңа каршы болгондо, бул аятта жазылган убада кандайча жардам бериши мүмкүн?
5. Куугунтукка карабай Жахабага сыйына бер
Башкалар каршылык көрсөткөндө, Жахабага кызмат кылыш үчүн кайраттуу болушубуз керек. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.
Бул видеодогу бир туугандардын үлгүсү кандайча кайратыңа кайрат кошту?
Окугула: Элчилер 5:27—29; Еврейлер 10:24, 25. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:
Өкмөт кабар айтканга же жыйналыштарды өткөргөнгө тыюу салса да, Жахабага сыйына бергенибиз эмне үчүн маанилүү?
6. Жахаба сага туруктуу болгонго жардам берет
Дүйнөнүн чар тарабындагы Жахабанын Күбөлөрү жаш-кары дебей, куугунтук маалында да Жахабага ишенимдүү кызмат кыла беришкен. Аларга эмне жардам бергенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
Видеодогу ишенимдештерибизге куугунтукка чыдаганга эмне жардам берген?
Окугула: Римдиктер 8:35, 37—39; Филипиликтер 4:13. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:
Кандай куугунтук болбосун, ага туруштук бере аларыңа бул аят сени кандайча ынандырды?
Окугула: Матай 5:10—12. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
Эмне үчүн куугунтукка кабылганда да бактылуу боло аласың?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Мен куугунтукка чыдай албайм».
Аларга өздөрүн ишенимдүү сезгенге кайсы аяттар жардам бериши мүмкүн?
НЕГИЗГИ ОЙ
Жахаба куугунтукка карабай кызмат кылыш үчүн жумшаган аракетибизди жогору баалайт. Анын колдоосу менен баарын көтөрө алабыз!
Кайталоо
Машаяктын жолдоочулары эмне үчүн куугунтукка даяр турушу керек?
Куугунтукка даяр болуш үчүн азыртадан эмне кылсаң болот?
Ар кандай сыноого карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла аларыңа эмне үчүн шектенбесең болот?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Бейтараптуулугун сактаганы үчүн кесилип кеткен жаш ишенимдешибизге Жахаба туруктуу болгонго кантип жардам берген?
Бир жубайлар каршылыктарга карабай Жахабага көп жыл бою кантип ишенимдүү кызмат кыла алышкан?
Куугунтук маалында кайратыңан жазбаганга эмне жардам берерин окуп көр.
«Куугунтукка азыртадан даярдангыла» («Күзөт мунарасы», июль, 2019)
Үйдөгүлөрдүн каршылыгына кандай карашыбыз керек? Алар менен жакшы мамиледе болуп, ошол эле учурда Жахабага берилген бойдон калыш үчүн эмне кылсак болот?
«Чындык „тынчтык эмес, кылыч алып келет“» («Күзөт мунарасы», октябрь, 2017)
-