-
«Менин күбөлөрүм болосуңар»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
4. Лука Элчилер китебин эмне деп баштаган?
4 Элчилер китебин Лука Теопил деген кишиге кайрылуу менен баштайт. Ал өзүнүн Инжилин да ошентип баштаганa. Элчилер китебин Лука Инжилинин уландысы деп айтса болот. Анткени Лука Элчилер китебин өзүнүн Инжилиндеги окуяларды корутундулоо менен баштаган. Болгону эле, бул китепте бир аз башка сөздөрдү колдонуп, айрым жаңы маалыматтарды кошкон.
-
-
«Менин күбөлөрүм болосуңар»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
a Лука өзүнүн Инжилинде Теопилге: «Улуу урматтуу»,— деп кайрылган. Ошондон улам айрымдар Теопил кадыр-барктуу киши болгон жана ошол учурда Исанын жолдоочусу боло элек болгон деп эсептешет (Лк. 1:3). Бирок Элчилер китебинде Лука ага жөн эле: «Теопил»,— деп кайрылган. Айрым окумуштуулар Теопил Луканын Инжилин окугандан кийин Исанын жолдоочусу болгон деп божомолдошот. Ошондуктан Элчилер китебинде Лука Теопилге ишенимдеши катары атынан эле кайрылган деп айтышат.
-