Исанын жолдоочулары катуу куугунтуктан улам ар кайсы жерлерге чачырап кетишкенде, Филип Самарияга кеткен. Ал 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш менен тыгыз кызматташкан көрүнөт. Анткени «Иерусалимдеги элчилер самариялыктардын Кудайдын сөзүн кабыл алышканын угуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүшкөн». Натыйжада жаңы шакирттер ыйык рух алышкан (Элч. 8:14—17).
Элчилер китебинин 8-бөлүмүндө айтылган окуялардан кийин Филип тууралуу бир эле жолу айтылат. Филип кабар айткандан 20 жылдай өткөндөн кийин Пабыл үчүнчү миссионердик сапарынын соңунда шериктери менен Иерусалимге жөнөгөн. Жолдон алар Птоломайга токтошкон. Андан ары эмне болгонун Лука мындай деп баяндайт: «Эртеси күнү жолго чыгып, Кесарияга жеттик. Анан жакшы кабар тараткан Филиптин үйүнө барып, аныкында калдык. Ал Иерусалимдеги элчилер тандаган 7 кишинин бири эле. Анын турмушка чыга элек, пайгамбарлык кылган 4 кызы бар болчу» (Элч. 21:8, 9).