-
Шакирттер «тынч жашай башташты»Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
-
-
1, 2. Шабыл Дамаскка эмне үчүн барган?
КААРЫ кайнаган бир нече киши жаман оюн ишке ашырыш үчүн Дамаскты көздөй келатат. Алар душманындай жек көргөн Исанын жолдоочуларын үйлөрүнөн сүйрөп чыгып, байлап, кордоп, сазайын колуна бериш үчүн Иерусалимдеги Синедрионго алып барышмакчы.
2 Аларды баштап келаткан Шабыл буга чейин эле Исанын жолдоочусунун канына забын болгонa. Ал мындан бир аз убакыт мурун Степанды таш бараңга алып жаткандарды кубаттап карап турган (Элч. 7:57—8:1). Анан Иерусалимдеги шакирттер менен эле тим болуп калбай, Исанын башка жактагы жолдоочуларынын да айласын алты кетирүүнү көздөп келатат. Анын максаты — «Жол» деп белгилүү болгон кооптуу сектаны жер менен жексен кылуу (Элч. 9:1, 2, шилт.; 61-беттеги «Шабыл Дамаскка барганга укукту кайдан алган?» деген кутучаны кара).
-